“Аскага” камалган билим берүү системасы, канталамайга түшкөн мектеп формасы

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Канталамайга түшкөн мектеп формасы…

“Sputnik Кыргызстан” радиосуна маек берген Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев светтик өлкө динсиз мамлекет  дегенди  түшүндүрбөй турганын, мектеп формасы боюнча эки тараптан тең аша чабуулар бар экендигин, жоолук салынып келген окуучуну урушпай же тескерисинче салынбагандарды туура эмес деп талкуулабай, бул маселени тил табышып чечүү керектигин айтып, кара кийингендерди ашкере сындоо да туура эместигин, ал биздин калпак сыяктуу эле бирөөлөрдүн улуттук  кийими  экенин  кошумчалоо менен, көп убакыттан бери коомчулукта талкууланып келаткан көйгөйлөргө дин аалымы катары өз позициясын билдириптир. Бул, албетте, анын дин аалымы катары пикири, арийне, талкуунун предмети эмес. Болгону мында тактап кете турган нерсе, Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча дин мамлекеттен тышкары, мамлекет дин эркиндигин чектеген эмес, ким кайсы динге сыйынат, ал ар кимдин өз эрки. Маселе, дин аалымдары мамлекеттик маселелерге кийлигишпөөгө, өз ойлорун таңуулообого тийиш. Экинчиден бир да бир билим берүү жана илим министри дин маселесин  талкуулап,  молдокелердин кандай кийинип, кандай жүрүү ке-рек экендигин талкууга алганын укпаптырбыз.

Ии, баса Азирети муфтий Максат ажы Токтомушевде да кеп жок. Айжан Акылбекова деген “жеңебиз” кыздарыбызга кантип кеп такыя кийгизерин билбей бушайманданып жүрөт.

Депутаттын итиркейин келтирген “Таблиги жамаат”

Жогорку  Кеңеште  “Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кабыл алынган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.  Талкуу  жүрүшүндө «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев «Таблиги жамаат» уюмун «экстремисттик» деп табуу керек деген пикирин билдирди. И.Масалиев жалгыз эмес, депутаттар арасында аталган жамааттын ишмердигине тыюу салууну жактагандар көп. Бирок, кыргыз парламенти “Таблиги жамааттын” ишин тескей алабы, же өздөрү …аны бир Кудай билет. Антип депутаттар оозун жыйгычакты, социалдык түйүндөрдө “Таблиги жамаат” тууралуу терс пикирин билдирген сөз бараңдын алдында калды.

Депутаттардын мындай кескин позициясына Шанхай кызматташтык уюмуна жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясына мүчө болгон өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында, ошол эле Россия, Казакстан, Өзбекстанда “Таблиги жамаат” “экстремисттик” уюм деп табылып, ишмердигине тыюу салынганы себеп болгону талашсыз. Ошол эле учурда өлкөнүн коопсуз-дук органы азырынча Кыргызстан үчүн «Таблиги жамаат» коркунучсуз деп эсептейт экен. Арийне, Кыргызстандын аймагында аракеттенген «Таблиги жамааттан» бөлүнүп чыккан “Йакын инкар” уюму 2017-жылы  экстремисттик  уюмдардын тизмесине киргизилгени эч кимге жашырын эмес. Андай болгондо муну кандай түшүнсө болот, же бул “баласы” үчүн “атасы” жооп бербейт дегендикпи?..

Кара-Көлдөгү каргаша

Жаңы окуу жылы башталбай жатып, Кара-Көл шаарында  14  жашар  кыз  өз  өмүрүн кыйгандыгы тууралуу желдей тарады. Окуя 11-сентябрда болгон. Өспүрүм кыздын ата-энеси эч кимге доосу жок экендигин билдириптир. Ошентип, бир жаш өмүрдүн не себептен кыйылганы белгисиз калды…

“Аскага” камалган билим берүү системасы

Мына  ушундай:  абал  куду “Оңго  барсаң  атың  өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң” деп, эки жолдун  айрылышындагы  аскага жазылган жазуудай. Кулак кубана турган кабар жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мечиттердин саны 2 миң 811ге жетип, республикадагы мектептердин санынан алда канча озду. Эске салсак, өлкөдө болгону 2 миң 262 гана мектеп бар. Мунун баары келип, түбү билим берүүдөгү алешемдиктерге, билимсиздикке, караңгылыкка, түркөйлүккө такалат.

Адамдын көкүрөгүндөгү акыл-эс, дээр, зээн, ыйман, адамдык парасат, айкөлдүк, мекенчилдик, улутмандык мектептен да, мечиттен да эмес, ата үйүнөн башталат, эне сүтү менен келет.

Глобалдашкан дүйнөдө Кыргызстандын билим берүү системасынын орду кандай? Өлкөнүн билим берүү тармагы келечек муунга та-тыктуу билим берүүгө даярбы?

Акыркы жылдарда өнөр жайында, айыл чарбасында өсүштөр болуп, аз да болсо экономикада өнүгүү болгону байкалат. Маданият тармагында, саламаттык сактоо тармагында да жылыштар болууда. Арийне, жалпы илгерилөөнүн фонунда билим берүү системасы бир орунда токтоп эле турбастан, артка кетен-чиктеп бараткандай.

Быйылкы  2018-2019-жаңы окуу жылы да Кыргызстандын билим  берүү  системасындагы  көп көйгөйлөрдү: анын ичинде мектептердин жана мектептер үчүн окуу китептеринин жетишсиздигин дагы бир ирет ачыктап койду. Республикада долбоордук сыйымдуулугу 774 120 орунга эсептелген 2 262 мектеп болсо, анын босогосун 1 миллион 223 миң окуучу аттады. Бул жалпы билим берүү мекемелери жетишсиз экендигин, ондогон мектептерде сыйымдуулугунан эки-үч эсе көп окуучу окуп жатканын билдирет. Чындыгында, мунун өзү кечээ же бүгүн эле жаралып калган көйгөй эмес, бул ондогон жылдардан бери келаткан олуттуу маселе! Андай болгондо, Билим берүү жана илим министрлиги бул багытта эмне иштерди жасады, билимдин сапатын жогорулатуу, орто билим берүү  системасын  реформалоо жана жалпы билим берүү мектептеринин санын көбөйтүү боюнча кандай долбоорлорду ишке ашырды деген суроо туулат. Бирок, бул суроолорго  жооп  табуу  кыйын. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери билим берүү тармагында бул сис теманы жакшыртууга багытталган реформа көрө элекпиз. Тескерисинче, Кыргызстандын билим берүү системасын кыйратууга жасалган аракеттер көп болду. Айталы, жогорку окуу жайларынын базасында жаңы институттардын түзүлүшү жана жер-жерлерде филиалдарынын ачылышы менен жогорку билимдин, жогорку билим тууралуу дипломдун кадыр-баркы кетти. Бүгүн жүздөгөндөр экиден-үчтөн дипломго ээ, бирок алардын билим деңгээли канчалык, бул өтө суроолуу маселе. Эгер, билим берүү саясаты туура жүргөндө, анда мындай башаламандыкка жол берилмек эмес. Ошол эле Болон системасы, бакалавриат, магистратура баскычтары тууралуу айтсак, бул өтө талаштуу суроо. “Ура-а-лаган” бойдон Болон системасына кирүү өзүн канчалык актады, аны айтуу кыйын. Жалпыга билим берүү мектептерин 11 жылдыкка өткөрүү жөнүндө да ушул эле ойду айтсак болот. Бүгүн мектептерди 12 жылдыкка өткөрүү идеясын көтөргөндөр бар. Ал эми 12 жылдыкка өтүүгө даярбызбы деп өзүнө суроо бергендер жок. Дегенибиз, жалпы билим берүү мекемелерин 12 жылдыкка өткөрүү билим берүү системасына миллиондогон кошумча каражаттарды талап кылат. Мындан тышкары, мектептердин 12 жылдык билим берүү системасына  өтүшү  менен,  мыйзам ченемдүү түрдө окуучулардын саны көбөйөт. Бүгүн эле мектептер жетишсиз экенин кан какшап айтып жатабыз, окуучулар эки-үч сменде окууга аргасыз болуп жатат, а эгер окуучулардын саны көбөйсө, аларды кайда окутабыз?

Кыргызстанда билим берүү министри  алмашкан  сайын  билим берүү реформасы жүргүзүлүп келди. Бирок, ал өзгөрүүлөрдү реформа деп атоого эч мүмкүн эмес. Жалпыга билим берүү мекемелеринде акыркы жылдарда пайда болгон гимназия, лицей деген аталыштарды алып көрөлү. Айрыкча, шаар жергесиндеги мектептер дээрлик гимназия, лицей болуп өзгөрдү, а ошол жалпыга билим берүү мекемелериндеги билим берүү сапаты өзгөрдүбү?

Республикада мектептердин жетишсиз экендиги да эч нерсе эмес. Өлкөнүн аймагындагы мектептердин 60%ы 1980-жылга чейин курулган. Расмий түрдө 192 мектеп авариялык абалда жарыяланган.

А  мектеп  окуучулары  үчүн окуу китептеринин жетишсиздиги акыркы жылдарда айыкпай турган өнөкөт ооруга айланды. Бул Билим берүү жана илим министрлигинин иш билбегенин, өз ишине илең-салаң мамиле жасаганын көрсөтөт. Жаңы окуу башталып жатса, аталган министрликтин 50 предмет боюнча кыргыз тилиндеги 70,5 миң китепти басууга тендер жарыялаганы эле мамлекеттик мекеменин мам-лекеттик ишке жасаган мамлекеттик эмес мамилесин, ыкшоолугун, “2”ге окуган окуучудай жалкоолугун көрсөтүп турбайбы.

Эмне кылуу керек?

Билим  берүү  коопсуздугу мамлекеттин бүтүндүгү жана өлкөнүн коопсуздугу, ар бир үй-бүлөнүн эртеңкиси менен тыгыз байланышкан. Бул маселеге кайдыгер  мамиле  жасаган  болбойт. Мектептерди жана мектептердин жанына  кошумча  окуу  имараттарын куруу ишине мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуусу кажет. Бул максатка мамлекеттик бюджеттен жылына 1 млрд. сом бөлүү да жетишсиздик кылат. Демек, эл аралык донор уюмдардан гранттык каражат издөө зарыл. Ошондо гана 2030-2035-жылдарга карата мектептердин жетишсиздигин жоюуга жетише алабыз. Ал эми мектеп окуучуларын окуу китептери менен камсыз кылуу маселесине оңой эле жетишсе болот. Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди компьютерлештирүү жана  интернеттештирүү  программасын  ишке  ашырып  жатат. Биздин оюбузча, мектептерди компьютерлештирүүдөн көрө, окуучуларды планшет менен камсыз кылуу маселесин колго алсак дурус  болмок.  Колунда  бар  ата-энелер планшеттерди өздөрү эле сатып бермек. Ал эми көп балалуу үй-бүлөлөр менен аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн мектеп жашындагы балдары мамлекет тарабынан камсыздалса, окуу китеп маселеси бир жаңсыл чечилмек. Балдар окуу китептерин, кошумча окуу куралдарын планшетке жүктөп алмак. Мамлекеттик бюджеттен жыл сайын китеп чыгаруу үчүн бөлүнүп жаткан каражаттар үнөмдөлмөк.

Планшет аркылуу окуу системасына өтүү окуучуну көп түйшүктөн жана  жүктөн  арылтмак.  Бүгүн 1-класстын  окуучусу  китептин көптүгүнөн илмейип, күн сайын мектепке  5-6  кило  китеп-дептер көтөрүп  барууга  аргасыз.  Эгер, планшетке өтсө, окуучулар план-шетти жана керектүү дептерлерин гана көтөрүп, жүгү жеңилдемек.

P.S. “ABCTV.kz.” интернет порталы кошуна Казакстанда мектепке 300 метр радиуста жайгашкан бардык мечиттер, диний жайлар түрттүрүлө турган жаңы норма кабыл алынганын кабарлады. Бул тууралуу Шимкентте курулуш башкармалыгы жана дин иштери боюнча башкармалыктын кызматкер-лери, дин ишмерлери катышкан жыйында белгилүү болгон.