Электромобилдер – жашыл экономиканын жаңы багыты

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Жакынкы келечекте Кыргызстанды электромобилдин мекенине айлантса болот. Себеби, өлкөбүздө энергиянын 90 пайызы гидроэлектр энергиясынан алынат, демек, салыштырмалуу арзан, көз карандылык кыйла кыскарат. Ошондуктан Кыргызстан үчүн бул стратегиялык маселе болууда.

КМШ мамлекеттеринен учурда Москвада 400гө жакын электр энергиясы менен жүргөн автобустар пайдаланууга чыгарылды. Россиянын даңазалуу КамАЗ заводу электр энергиясы менен жүргөн автобусту чыгаруу багытында модернизацияланган болчу. Бишкектин абасынын булгануусунун 80 пайызы ташылып келип жаткан эски автоунаалардан чыккан уулу газдан. Ал эми буга кышында көмүр жагуудан чыккан түтүн да кошулуп абаны булгап жатат.

Жогорку  Кеңештин  депутаты  Экмат  Байпакбаев  бул  тууралуу  мындай дейт:”Электромобилдер маселеси парламентте каралып жатат. Ага биз эксперттерди дагы чакыруудабыз. Президент С.Жээнбеков Кытай Эл Республикасына расмий иш сапар менен барганда электромобилдерди Кыргызстанда чыгарууну жана Борбор Азияда ал боюнча лидерликти алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар экендигин билдирген. Иштин башталышында буга бир кыйла каражат керектелет. Бирок, адегенде электромобилдерди колдонуу үчүн ага инфратүзүмдү куруп алып, анан өзүн чыгара баштоону колго алышыбыз зарыл”, – дейт.

Дүйнөдө гибрид электромобилдерди чыгарып сатуу жыл өткөн сайын өсүүдө. 2018-жылы ал 2 пайызга өсүшү күтүлүүдө. Европа электромобилдерди көп чыгарууга киришти. Балтика боюндагы республикалардан Эстония, Латвия аны көп сатып алышып жатышат.

Бүгүнкү күндө Кытай, Америка, Улуу Британия, ж.б. мамлекеттер бензин, дизель майларын колдонууга акырындап тыюу сала баштады. Мисалы, Кытай 2040-жылдан баштап, аны колдонуудан баш тарта турган болууда. Анткени, учурда Кытайда 200дөн ашык завод электромобилдерди чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат. Эл аралык консалтинг компанияларынын эсеби боюнча электромобилдерди чыгаруу алда канча ылдамдыкта кетип бара жатыптыр. Жакынкы беш-алты жылда аны массалык чыгаруунун көлөмү абдан өсө турганы болжолдонууда. КМШ мамлекеттеринин расмий маалыматтарына таянсак, Россияда 1200, Казакстанда 200, Украинада 3000 электромобиль шаарларда жүргүзүлүп жатат. Бул маалыматтар жылдын башында алынгандык-тан эсеби мындан көп болушу ыктымал. Ал эми Кыргызстанда болгону төрт электромобиль расмий катталган. А чынында Бишкекте алардын саны мындан кыйла көп. Айрым критерийлер боюнча ИИМ аларды расмий каттоодон өткөрбөй жаткан учурлар да бар.

Электр заряддоочу станциялар тууралуу айталы. Нанотехнологиялар институтунун эксперти Жарасул Абдураимов: “Биз азыркы күндө Экономика министрлиги менен электр заряддоочу станциялар тууралуу көп талкуулап жатабыз. Совет учурунда курулган заводдорду электромобилдердин станцияларынын жабдууларын чыгарууга багыт алдырса болот.

Мен шаарларда электр заряддаган станцияларды бир жерден бирдиктүү башкаруунун ыкмасын Россиянын компаниялары менен сүйлөшүп көрдүм. Ал жакта мурда жалаң электротехникалык жабдууларды чыгаруучу заводдор учурда электромобилдерге электр заряддоочу станциялардын жабдууларын чыгарууга багыт алып жатышат. КМШнын аймагында мындай ишканалардын көбөйүүсү болжолдонууда. Буга чейин электромобилдер бир заряддалганда150-200 чакырымга

чейин жетсе, азыр 350 чакырымдан кем эмес аралыкка кенен жетерине кепилдик берип калышты. Мындан эки эле жыл мурда заряддоо үчүн 30 мүнөттөн 2 саатка чейинки убакыт талап кылынса, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү электромобилдерди чыгарган алдыңкы компаниялар болгону 7 мүнөттө заряддала турганын чыгарышууда. Орточо алганда 15 мүнөттүк убакыт жетиштүү”, – дейт.

Алматы шаарында 60ка жакын электромобиль станциялары орнотулган. Ал эми Норвегияда бардык автоунаалардын 50 пайызын электромобилдер түзүп калыптыр. Ал түгүл кээ бир шаарларында бензин менен жүрүүчү авто унааларга тыюу салууга өтүүдө.

Кыргызстанда электромобилдердин станциялары үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө масштабдуу мамлекеттик программа керек. “Мен 1992-жылы “Физприборлор” (азыркы “Дастан”) заводунун директору болуп турганда чоң ката кетириптирмин. Мага Россиянын бир чоң компаниясы: “Келгиле, сиздердин ушул заводдун ичинде уюлдук телефондорду чыгаруу өндүрүшүн киргизебиз”, – деп сунушташкан.. Мен аларга: “Андай телефонуңду ким сатып алмак эле. Бизде ал сатылбайт”, – деп, болбой койгом. Мына азыр, баладан карыяга чейин чөнтөк телефонду сырттан ташып келип жатабыз”, – дейт Ж.Абдураимов.

Кепилдик фондунун башкармалыгынын төрагасы  Малик  Абакиров  мындай  дейт: “Бишкекте  автомобилдерди  электромобилдерге айландырып жасап чыкса болот. Бишкектеги бир компания бир айдын ичинде ушундай алгачкы электромобилди чыгарып көргөзө алат. Кыргызстанда 1 млн. 100 миңден ашык автотранспорт каражаты бар. Анын ичинен 230 миңи тез жардам, өрт өчүрүүчү техника ж.б. кирет, калган 900 миң жеке менчик автоунаалар. Бензинге көз каранды болууга караганда электромобиль менен жүрүү төрт эсе арзан экенин биздин эсептөөлөр көргөздү”.