Таластагы так талаш

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Талас шаардык бийлигиндеги тирешүү ачыкталып, интернет аркылуу айрым эпизоддор коомчулукка маалым болду. Талас шаарынын учурдагы мэри “Республика-Ата Журт” партиясынын өкүлү Айдар Жусупбековдун жактоочулары өз пикирлерин билдиришип, шаар мэри дурус эле иштеп жаткандыгын, так талашуу аракеттери гана болуп жаткандыгын айтышып, шаардык депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы, КСДП партиясынын өкүлү Мирлан Есенкуловдун дарегине сындарды айтышты. Айрым сөздөр эмоция менен айтылып, этиканын рамкасына да сыйбаган учурлар болду.

Кеп чынында Талас шаардык кеңешиндеги 5 фракциянын бир тобу шаар мэри Айдар Жусупбековду ээрден оодара албай, көптөн бери аракет жасап келет. Ал тургай өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков жай мезгилинде Талас облусуна иш сапар менен келип, облустун коомчулук өкүлдөрү менен жолукканында “Республика-Ата Журт” партиясынан Талас шаардык кеңешине депутат Аскар Шабданов Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбековдун ишмердүүлүгүн кескин сынга алып, ага ишеним көрсөтпөө үчүн 31 депутаттан 21 депутаттын добушун алуу кыйын болуп жаткандыгын айткан эле.

Бирок анын андай мандемдүү иштери деле аныкталган жок. Укук коргоо органдары деле кашкайган фактыларды жогорку бийлик органдарына сунуштаган жок. Ошондуктан шаардык кеңештеги КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” фракциялары өз аракеттерин жүргүзө башташты. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Мирлан Есенкулов жогорудагы окуя боюнча 17-сентябрда редакцияга төмөндөгүдөй маалымат берди:

– Мурдатан эле Талас шаардык кеңешинин депутаттарынын дээрлик көпчүлүгү шаар мэринин ишмердүүлүгүнө алымсынбай, нааразы болуп жүрүшкөн. Ал тургай өлкө Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков Таласка иш сапар менен келгенде шаардын депутаттары тарабынан да мэрдин дарегине катуу сындар айтылган.

Өткөн  аптанын  аягында  шаардык Кеңештеги фракция жетекчилеринин отурум жыйыны болуп, шаардын тазалыгы, инфраструктасынын абалы, шаар мэринин чарбасыз  мамилеси  жөнүндө  сөз  болуп, шаар жетекчисинин ишмердүүлүгү тууралуу маселени сессияга коюу боюнча сунуштар көтөрүлгөн.

Баса, ал жыйында шаар мэри быйылкы жылдын апрель айында шаардык Кеңешке отчёту каралса да ар кандай шылтоо, себептер менен аны жылдырып келүүдө. Шаарга бир да көзгө басар инвестиция тартылган жок. Ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мураталиев өзү шаардын бардык жумуштарын чапкылап жүрүп жасап жатат. Ал эми шаар мэринде демилгелүү, жигердүү иштер кайда? Шаардык кеңештеги ар бир фракция эгер шаар мэрине ишеним көрсөтпөөгө жетишсе өз талапкерин сунуштайт деди ал.

Ошол  эле  учурда  шаардын мэри Айдар Жусупбековдун позициясы мындай:

– Мен колумдан келишинче иштеп жатам. Шаар инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү ж.б. көзгө көрүнөөрлүк иштер бар, бирок айрым депутаттардын аракеттери   менен  менин ишиме бут тосуулар болуп жаткандыгын жашырбайм. Албетте, иш болгон жерде кемчиликтер бар. Бирок бардык нерсени эле бир жактуу кароого болбойт да. Андыктан “Рес публика Ата Журт” фракциясы, ж.б. фракциялардын айрым депутаттары менин позициямды колдоп жатышат. Сессияга депутаттарды тезинен чакырып, кезексиз жыйын өткөрбөй, мыйзамдуу өткөрүшсүн. 3-4 күн же бир апта алдын ала белгилеп, жыйын өткөрүшсө болмок. Анан эле жоо куугандай сессияны өткөрө калып далбастоонун артында бир гана максат бар. Ал максат – мени эптеп кызматтан оодаруу аракети. Мен бул аракеттер туура эмес деп эсептейм – деди.

18-сентябрда шаардык мэриянын имаратында эки тараптын жактоочулары каршылаш тараптарына дооматтарын айтышты. Ар бир тараптын жактоочулары өз аргументтерин, дооматтарын туура деп эсептешти.