Кыргыз-кытай чек арасы 29-сентябрдан 7-октябрга чейин жабылат

Кыргызстандын Кытай менен чек арасындагы “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү пункттары 29-сентябрдан 7-октябрга чейин жабык болот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек ара 1-октябрь – Кытай Эл Республикасынын негизделишинин майрамдалышына байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылып жатат.

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 8-октябрда жанданат.