УКМК: Атайын эсепке 6 млн. сомго жакын каражат которулду

Коррупция менен күрөшүүдөн каражаттар үчүн ачылган депозиттик эсепке 5 893 330 сом которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан (УКМК) маалымдашты.
Маалыматка ылайык, иликтенип жаткан кылмыш иштин алкагында «Кумтөр оперетинг компани» ЖЧКсына транспорттук кызмат көрсөткөн «Ф.Т» ААКсын текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада  3 056 435 сом салыкты жашыруу фактысы аныкталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө келтирилген чыгым толугу менен өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, 1 268 261 сом «Ш.К.» ААК курулуш компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунун Тоң районунда социалдык обьектерди курууда кымырылган каражаттар болуп саналат. Ал эми  1 568 634 сом башка башка кылмыш иштери боюнча өндүрүлгөн.
Ошону менен УКМК тарабынан атайын эсепке которулган каржаттардын суммасы 149 493 330 сомду түздү.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууга буйрук берген. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.