Нурбек МУРАШЕВ: “Аймактарда миң тонналык логистикалык борборлор курулду”

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


КР айыл чарба, өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек МУРАШЕВ менен болгон маек.

– Нурбек Мурпазылжанович, өлкө  экономикасынын  өсүшү айыл чарба тармагынан көз ка-ранды. Башкача айтканда, бул тармак өлкөбүздүн барометри. Быйыл Президенттин жарлыгы менен аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалууда. Бул багытта  сиз  жетектеген  тармакта кандай иштер аткарылып жатат?

– Президенттин жарлыгынын алкагында  ирригациялык  багытта 2017-2020-жылдарга карата атайын программа кабыл алынган. Бүгүнкү күндө бул кабыл алынган программанын биринчи этабы боюнча иш алып баруудабыз. Алыскы аймактардагы суу жетпеген айылдарды суу менен камсыздоону көздөп, атайын иш мерчемдерин иштеп чыктык. Азыркы мезгилде 11 чоң ирригациялык объектиде иш жүрүп жатат. Кытайдан гранттык негизде 32 миллион АКШ доллар келген. Анын 50 пайызына конкурс өткөрүлүп, учурда  3  объектиде  иш  башталды. Эскилиги жетип, суу ысырап болгон каналдарды кайрадан жаңылап куруп чыгуу боюнча иш алып баруудабыз.

Мындан сырткары кооперативдерди ирилештирүү боюнча республиканын 6 облусунда окуу семинарлар өткөрүлдү. Семинарларда кооперативдерди уюштуруу, алардын аймактарда иш алып баруу багыты жана анын натыйжасы тууралуу кеңири талкуу жүргүздүк. Окуу семинарларына ар бир райондон бүгүнкү күндө кооперативдерде иштеп жаткан, иш тажрыйбасы бар чарбакер кишилер чакырылган.

4-августта Президент коопертивдер  жөнүндө  мыйзамга  кол  койду. Мыйзамга ылайык, кооперативдердин кеңеши канча кишиден турарын, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө кандай ыкмалардын колдонуларын тактадык.

–Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган дан эгиндеринин быйылкы жылдагы көрсөткүчү кандай??

–  Быйыл  250  000  гектар  жерге буудай эгилди. Учурда эгилген буудай жыйналып, түшүмүн алуудабыз. 2010-жылы  420  000  гектарга  буудай эгилген болсо, бүгүнкү күндө ал көрсөткүч 45%га кыскарды. Ал эми арпа ошол мезгилде 100 000 гектарга эгилсе, азыркы мезгилде 193 000 гектарга чейин жетти, 105000 гектарга жүгөрү эгилди.

Акыркы жылдарда бизде мал чарбачылыгынын рейтинги өстү. Буга байланыштуу арпа менен жүгөрүгө суроо-талап өстү. Мурда биз буудай өстүрүп, нан менен алек болсок, азыр мал чарбасынын көбөйүшүнө жараша арпа менен жүгөрү көбүрөөк талап кылынууда. Мындан сырткары 345 000 гектар көп жылдык чөп бар.

Кыргызстан бир жылда керектеген буудайдын көлөмү 1 миллион 250 миң тоннаны түзөт. Биз анын 600 000 тоннасын өзүбүз өндүрөбүз. Башкача айтканда, 55 пайызын өндүрүп, калган 45 пайызын Казакстандан алабыз. Кыргызстанда өндүрүлгөн буудайдан жасалган ун менен Казакстандан алынып келинген ундун баасы бирдей. Ошондуктан мындай шарт бизге ыңгайлуу болуп жатат.

–  Аймактарда  жашылча-жемиштерди сактоо үчүн канча логистикалык борбор курулду?

–  Аймактарда  30дан  ашык жашылча-жемиштерди сактай турган миң тонналык логистикалык борборлор курулду. Биз муну менен эле чектелбестен экспортко шарты туура келген айыл өкмөттөрдүн бардыгында миң тонналык жашылча-жемиштерди сактай турган логистикалык борборлорду куралы деп жатабыз. Мындай демилгени  жүзөгө  ашыруу  үчүн  фермерлер, дыйкандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. 453 айыл өкмөттүн ичинен экспортко багытталган жашылча-жемиштерди  өндүрсө  боло  турган, климаттык шарты ыңгайлуу 250 айыл өкмөтү тандалып алынды. Эми ошол тандалып алынган айыл өкмөттөрдүн бардыгына логистикалык борборлорду курууну мерчемдеп жатабыз.

– Чүйдө Сауд Араб Королдугу-нан келген гранттын негизинде “Карантиндик аймак” курулганы жатат. Эмнеге карантиндик, түшүндүрүп берсеңиз?

– Чет өлкөдөн келген гранттын негизинде Чүй облусунда “Карантиндик аймакты” куруу мерчемделүүдө. Буга 1 миллион доллар бөлүнгөн. Ал жерге эл аралык стандартка жана Сауд Арабиянын талабына жооп берген заманбап лаборатория курулат. Этти экспорттоо үчүн ошол курулган карантиндик аймакта малдар белгилүү бир убакка чейин кармалып, лабораториядан текшерилет. Текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин гана малдын эти экспорттолот.

– Ички жана тышкы рынок-то айыл чарба продукциясына суроо-талап кандай?

– Бүгүнкү күндө Президент да, биздин министрлик да буга өзгөчө көңүл буруп,  экологиялык  жактан  таза айыл чарба продукциясын өндүрүүгө басым жасалууда. Биз өндүргөн продукциябызды экспорттоодо кошуна мамлекеттер менен көлөм жагынан атаандаш боло албайбыз. Бирок, продукциялардын экологиялык жактан тазалыгы боюнча атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Азыркы мезгилде ГМО продукциялар көбөйүп кетти. Андыктан биз адамдын ден соолугуна зыян болбогон, экологиялык жактан таза, пестицид, гербицид кошулбаган продукцияны өндүрүүнүн үстүндө иш алып баруудабыз.

Өзбекстан менен мамилебиз жакшырып, эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде картошканы экспорт кылдык. Былтыр айыл чарба продукциясынын экспортунун 80%ын Өзбекстан түздү. Быйыл дагы Өзбекстанга картошканы экспорттоону болжолдоп жатабыз, бирок алар май айында чектөө киргизген. Учурда бул чектөө боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан сырткары мөмө-жемиштерге, этке сырткы рынокто суроо-талап бар. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен биздин продукцияларга Россия менен Казакстандын суроо-талабы жогору.

– Россиядан дыйкандарыбыз өндүргөн продукция тиешелүү сертификаттын  жоктугуна байланыштуу кайтарылып жатат. Буга кайсы мекеме көзөмөл жүргүзүш керек эле?

– Айыл чарба продукциялары туу-ралуу  ЕАЭБге  кирген  өлкөлөрдөн 3  жыл  аралыгында  бизге  300дөй билдирүү келип түштү. Бирок ал мамлекеттерден билдирүү келгени менен сыртка чыккан айыл чарба продукцияларынын бирөөсү да кайра Кыргызстанга кайтарылган жок. Жай айларында Россия менен Казакстандын массалык маалымдоо каражаттарына кайра кайтарылды деген маалыматтар чыгып кеткен. Бизден кеткен продукциялар барган жеринде сатылып же өткөрүлбөгөнү менен ал өлкөнүн баш-ка аймактарында сатылды.

– Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча кандай ишканалар бар?

– Бүгүнкү күндө орто жана чакан ишканалар аябай жакшы өнүгүп жатат. Кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттен 6% менен жеңилдетилген насыя берилүүдө. Андан сырткары Россиялык-Кыргыз фондунан 4%дык жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Мындан улам ар бир облуста ишканалар ачылууда. Жалал-Абад, Баткен облустарында мөмө-жемиштерди кургатуучу атайын цехтер ачылды. Бул цехтердин ачы-лышы мамлекет жана ишкерлер үчүн абдан ыңгайлуу. Анткени чакан ишкерлик менен алектенген жеке чарбалар көп, алардын жемиштеринин баарын чогултуп, бир жерден кургатууга мүмкүнчүлүгүбүз жетпейт. Ошондуктан аларга кичи цехтерди жеринде ачып беришибиз ыңгайлуулукту жаратат.

Мал чарбасы жана дыйканчылык менен иш жүргүзүүдө жарандарга бардык шарттарды түзүп бердик. Биз ар бир аймакты адистештирип чыктык.

– Кыргызстан өзүн эт менен камсыздай алабы?

– Кыргызстанга тооктун эти импорттолот. Малдын эти бизден экспорттолот. Статистикалык маалымат-ка таяна турган болсок, биз эт менен өзүбүздү 60% камсыз кылабыз. Ал эми калган 40%ын сатып алабыз. Ошол сатып алабыз дегендин баары тооктун эти. Аны биз импорт кылып жатканыбыз ачуу чындык, муну моюнга алыш керек. Бизге Америка менен Европа өлкөлөрүнөн импорттолот. Тооктун жумурткасын Казакстандан алабыз. Өткөн жылда россиялык компания менен түзүлгөн келишимдин негизин-де сынамык долбоор иштеп чыгып, аны жүзөгө ашырып баштадык. Дол-боордун алкагында жеке жарандарга тооктун балапандарын алып берип, тоок чарбасын көбөйтүү боюнча иш алып баруудабыз. Менимче чоң шаарлардын тургундары эле импорттолгон тоок этин колдонушпаса, элет жеринин жашоочуларынын дээрлик бардыгы тоок багышат. Айылда багылган тооктун эти да, жумурткасы да даамдуу, экологиялык жактан таза экендиги жегенде эле дароо билинет.

– Бизде жылына канча тонна балык өндүрүлөт?

– Балык чарбасы жакшы темп менен өнүгүп жатат. Балык чарбасы менен алектенгендер мыйзамдарга ылайык, эч кандай тоскоолдуксуз продукция өндүрө алышат. Өзгөн менен Ысык-Көлдө балык өндүргөн мамлекеттик эки заводубуз жана башка жеке чарбалар бар. Чет өлкөлөрдөн форелдердин икраларын алып келип, өстүрүшүүдө, азыр жылына 10 000 тоннага чейин өндүрүлүп жатат. Жылына бир адамдын балыкты керектөөсү 13-14 килограммга жетти. Биз бир жылда 2 килограммга чейин камсыздай алабыз. Калганы сырттан келип жатат. Эгер кийинки беш жыл аралыгында балык өстүрүү ушундай темпте жүрө турган болсо, биз өзүбүздү толук камсызда-ганга мүмкүнчүлүгүбүз жетип калат.