Бейиштин ашын тозок кызганат

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакыш айылында жашаган 71 жаштагы Абдурахманов Тилебалды карыя 700 чакырым жол басып, “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясына ушуну менен жетинчи жолу келди.

Мындан  эки  жыл  мурда  пайгамбар  жашынан  өтүп,  турмуштун ачуу-таттуусун  түшүнүп  калган  бу  алпейим  карыя  Валакыш  айылында  суунун жетишсиздигинен эмес, кызыл сызыктан чыгып, суу аккан арыктын нугуна курулуш курулуп калгандыктан улам келип чыккан суу тартыштыгы эл арасында түшүнбөстүктөрдү пайда кылып жатканын айтып, түшүнбөстүктөрдүн аягы келечекте чоң чырга айланып кетпесин деген ниетин билдирип, бул маселени көтөрүп чыгуу өзүнүн аксакалдык парзы экенин белгилеп, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, райондук мамлекеттик каттоо кызматы бул маселени бир жаңсыл чечип берсе деп бизге кайрылган эле.

Биз аксакалды түшүнүү менен кабыл алганбыз. Чындыгында, айыл арасында түшүнбөстүк жаралса, улуу-кичүү ортосунда талаш чыкса, көрбөгөн-билбеген кишидей, тескери бурулуп басып кетпей, өзүнүн акыйкат сөзүн айтуу аксакалдык парыз. Валакыштагы суу маселеси боюнча өз оюбузду жазганбыз. Анан окуя кандай өнүктү? Карыянын айтканына караганда, жергиликтүү бийлик, тагыраагы райондук мамадминистрация, райондук мамлекеттик каттоо бөлүмү, Үч-Коргон айыл өкмөтү, Валакыш айыл башчысы маселени мыйзамдуу чечүүнүн ордуна, суу талаш маселесин көтөргөн Т.Абдурахмановду жекелеп,  кысымга  алып,  айылдык  чогулушка  салып,  айыл  элин  ага  каршы коюшкан.

Кадамжай райондук мамадминистрациясынан, Үч-Коргон айыл аймагынын башчысынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинен бизге жооп иретинде келген каттарда, Валакышта эч кандай суу маселеси жок экени, айыл аксакалынын айткандары чындыкка жатпай турганы айтылат. Ал каттардын айрымдарында чогулуш протоколдору, кимдин эмне деп сүйлөгөнү тиркелген, анын баары бизде сакталуу турат. Жергиликтүү бийликтин жообунда карыяны айыптоого басым жасалган менен, чогулушта сүйлөгөн кишилердин сөзүнөн улам, чындыгында мындан 15-20 жыл мурда салынган курулуштар кызыл сызыктан өтүп кеткенин, кийин райондук жерге болгон укуктарды каттоо бөлүмү аны мыйзамдаштырып салганын түшүнүүгө болот. Бирок, жергиликтүү бийликтин жообунда ал маселе унутта кала берген, анын баары жергиликтүү бийликтин абийириндеги маселе.

71 жаштагы Т.Абдурахманов өткөн жылы, быйыл Бишкекке ай өткөрбөй каттап, кимдерге гана кайрылган жок. КР Акыйкатчысынын  кабылдамасында  да  болду. Депутаттар К.Орозова, Ж.Акаевге да кайрылды. Бирок, бир айыл элди ынтымакка чакырган карыянын сөзү айтылган жеринде кала берген окшоду. Соңку ирет Валакыштагы окуя тууралуу май айында “Кыргыз Туусу” гезитинин 22.05.2018. №38 (24235) санында “Жерден жарака кетсе да, элден жарака кетпесин” аттуу макала жарыялап, анда: “Валакыш айылындагы суу маселеси ошол айыл эли өзү чече турган маселе. Аны Бишкектен барып эч ким чечип бербейт жана анын зарылдыгы жок. Болгону ийри отуруп, түз кеңешип, бири-бирин күнөөлөбөй, өз ара түшүнүшүп чечип алууга айыл элинин эрки да, акылмандыгы да жетет деп ойлойбуз”, – деп бир айыл элди ынтымакка чакырганбыз.

Бирок, биздин элди ынтымакка чакырган кебибиз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан туура кабыл алынбаптыр. Валакышта бул макала талкууга алынып, айрым кишилер Т.Абдурахмановду кодулагандай сөз сүйлөп, чогулушту алып барган жергиликтүү бийлик элди ынтымакка чакырууга аракет кылбаптыр. Бул аябай өкүнүчтүү. Бул мамлекеттик кызматчынын этикасына жатпаган жорук деп эсептейбиз.

Дагы да айтабыз. Валакыштагы суу тартыштыгы эң жөнөкөй эле айыл чегинде чечиле турган маселе. Өткөн ирет да, Валакыш айылы суу башы болуп, суу кенен экендиги да ырас, аны арыз-муңун айтып редакцияга кайрылган Т.Абдурахманов деле танбай турганын айтканбыз, азыр да кайталайбыз. Болгону ошол шаркырап агып жаткан суу айылдын этегине келгенче, ар жерден бурулуп, жасалма (“кыргызча орусча айтсаң, бат түшүнөт” демекчи, искусственный) тартыштык жаралат экен.

Буга  Валакыш  айылындагы  айрым үйлөрдүн жана короо-жайлардын кызыл чектен чыгып кеткени, кийин курулган курулуштар айылдын этегине суу кетчү арыкты бөгөп калганы жана мына ушул мыйзамсыз, кызыл чектен өтүп кеткен курулуштар курулган жер аянттарын Кадамжай райондук мамкаттоо кызматынын эки кызматкери мыйзамдаштырып салганы себеп болгон. Маселе ушунда. Райондук мамлекеттик каттоо бөлүмү мекеменин эки-үч кызматкери тарабынан мындан 10-15 жыл мурда жасалган мыйзамсыз иштерди мойнуна алып, мыйзамсыздыкты ордуна коюшу керек. Мына ошондо суу талаш маселеси өзүнөн-өзү чечилет. Болгону эле ошол.

Биерде, 71 жаштагы Т.Абдурахмановду акыйкат  сөздү  айтып  койгону  үчүн күнөөлөп, айылдан көчүп кет деп кодулай турганчалык эч нерсе жок. Ылайым эле Валакыш айылынын элине Жараткан ынтымак берсин, эл арасынан ынтымак-ырк кетпесин. Карапайым айыл элине башка не керек? Жергиликтүү бийлик эл арасындагы ынтымак-ырашкерликти бекемдөө үчүн колдон келген аракеттеринин баарын жасайт деген ойдобуз.