Ээнооз эместер эскертет

(“Энциклопедия – ээнооздук эмес, же чаласабаттык менен калпычылыктан качан кутулабыз?” аттуу “Кыргыз Туусу” гезитинин ушул жылдын 17-июлундагы №54 санына жарыяланган макалага карата жооп).

“Кыргыз энциклопедиясы” Башкы редакциясы көп томдуу Кыргыз улуттук энциклопедиясын, аймактык жана тармактык энциклопедияларды, мамлекеттик тилдеги жана аны өнүктүрүүгө багытталган окуу китептери менен окуу куралдарын, илимий жана көркөм адабияттарды басып чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы мамлекеттик мекеме болуп эсептелет.

Кыргыз энциклопедиясынын эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Президентинин “Көп томдуу Кыргыз улуттук энциклопедиясын чыгаруу жөнүндөгү” жарлыгына ылайык мамлекеттик маанилүү тапшырма – мамлекеттин 9 томдон турган башкы китебин чыгарууну ийгиликтүү аяк-тады. Башкача айтканда, Алай жөнүндө кеңири маалымат берилди. Аны менен катар “Алай коому” менен биргелешип “Алай” энциклопедиясын да чыгарды.

Дүйнө жана адам, коом жана табият жөнүндөгү билимдердин жыйнагын камтыган бирден-бир маалымат берүүчү басылма– бул энциклопедия. Ал эмгек оңой-олтоң жарала бербейт жана жүздөгөн адамдардын акыл эмгеги, күчү менен даярдалып, ар бир үйдөн орун алуучу үй-бүлөлүк китеп болуп саналат.

Биздин максат “Алай коому” энциклопедиясын жаратуу болгон соң, эң алды менен ошол райондогу элдин басып өткөн тарыхый жолун таасын чагылдырып, жетишкен ийгиликтерин илимий-теориялык жактан бекемдөөчү бүгүнкү көз караштагы энциклопедияга айлантуу болгон. Мына ушул максатты ишке ашыруу үчүн редакциялык кеңештин күчү менен Алайдын табияты, калкы, тарыхы, экономикасы, маданияты, билим берүүсү, саламаттык сактоо жана дене тарбия тармактары, массалык-маалымат каражаттары, белгилүү инсандар таржымалы чагылдырылган энциклопедия жаралды, ал үчүн алайлыктар ыраазы.

Кыскартып айтканда, алайлыктардын эле эмес, дегеле кыргыз элинин келечек муундарынын  билимдүүлүк  деңгээлин көтөрүү максатында жалпы билим берүүчү орто мектептин окуучусунан тартып жогорку окуу жайлардын студенттери, мугалимдер, жана башка бардык адистеги окурмандардын дүйнө таанымын жогорулатууга арналган энциклопедия жаралды деп ойлойбуз. Албетте, кемчиликтер болушу мүмкүн, алар кийинки басылышында эске алынаары баш сөздө эскертилгендиктен, “Энциклопедия өз атына ылайык жүк көтөрө албайт” деген А.Мониевдин бүтүмү чекилик деп эсептейбиз.

  1. Энциклопедиялык материалдарды даярдоодо бүткүл милдетти “Алай коому” алгандыктан, анын биринчи бетине басылган ыр талаш туудурган эмес. Аны Базарбай Аматов өздөштүрүп, пайдаланылышы мүмкүн.
  2. Кандай эл  болбосун,  өз  элин көтөрмөлөйт эмеспи, андыктан Алай элинин эрдиги, каада-салты менен мактанса, анда кыргыз элине эч качан доо кетпейт, кайраштыруу жаралбайт жана кооптонуу туудурбайт. Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калууга алайлыктардын салымы бар экендиги талашсыз.
  3. Макала даярдоодо энциклопедиялык принциптер сакталууга тийиш, ошентсе да ар бир макаланын автору жана өз стили бар. “Мен айткандай жаз” деп таңуулоонун за-рылчылыгы жок.
  4. Курманжан датканы  мезгилинде феодалдык таптын өкүлү болгон десек жаңылышпайбыз го. Анткени, датка наамын кокондуктардан алып, алардын өкүмүн аткарган. Курманжан датканын улуу инсандыгы – анын өз балдарын калыстыкка, адилеттүүлүккө жана патриоттуулукка тарбиялагандыгында. Чындыгында алар дайыма өз эли менен бирге болуп, Кокон хандарынын адилетсиздигине каршы күрөшкөн жана ал макалада балдары өз кызыкчылыктарын көздөгөндүктөн падышанын жазалоочу отрядына каршылык көрсөтүлгөндүгү баяндалган. Мындан билимсиздик, кайдыгерлик, … энциклопедия кызматкерлери көркөм адабияттарды оку-башы мүмкүн деген тыянак чыгаруу туура эмес. Көркөм адабияттар да Кыргыз энциклопедиясы аркылуу басылары жогоруда айтылды.
  5. Курманжан датканын 180 жылдык маараке-тоюна анын урпактары демилгеси болду дегенден кемчилик издөө туура эмес. Максат – ал иш-чарага катышкандардын баарынын салымын А.Мониев айткандай, майдалап энциклопедияга киргизүү эмес, анын урпактарын баса белгилөө, чагылдыруу болгон. Ал эми музейдин ачылышында үч күндүк айырма бар. Дагы такталат, бирок августта  ачылгандыгы анык.
  6. К.Жусубалиевдин таржымалында 1963түн ордуна техникалык себептен улам  1953-жыл  болуп,  он  эки  жашында мугалим болгондой калпыстык кетирилген, моюнга алабыз. Бирок, кийинки ишмердүүлүгүндө хронологиясы так, башкача айтканда 1964-жылы “Ленин жолу” гезитинде иштегендиги айтылып, таржымалы уланууда.
  7. С.Күчүковдун энциклопедияга кирбей калышы, К.Камчыбековго “Кызыл туу” эмес, “Кызыл жылдыз” ордени ыйгарылышы жана И.Жусубалиевдин өмүр таржымалы Алайдан келген материалдардын негизинде жазылган. Биздин максат – бардык ишмердүүлүк менен жетишкендиктерди чагылдыруу эмес, негизи, алайлык инсан экендигин окурманга жеткирүү болгон. Кийинки басылышында баш сөздө айтылгандай, башка сунуш-пикирлер менен бирге эске алынат жана толукталат.

Жорупбек АРЗЫГУЛОВ, Шайыр КЕРИМОВА, “Алай” энциклопедиясынын Редакторлору