Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатындагы инсан

Сүрөттө: Төрөкул Айтматовдун туугандары Чоң-Таш айылына сталиндик репрессиянын курмандыктарын кайра жердөө учурундагы митингде. 1991-жыл

“Ата, мен сизге эстелик тургуза албайм. Сиздин кай жерге көмүлгөнүңүздү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сизге арнаймын”. Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн окурмандардын купулуна толгон “Саманчынын жолу” повести ушинтип башталат.

Тарых ар бир белгилүү инсанды   өз  элине   арнаган ариеттүү   эмгегине,   калтырган өрнөктүү мурастарына жараша тастыктайт эмеспи.

Бардык  элдин,   кичине  элби, ортобу   же  чоңбу,  сыймыктанар чыгаан уул-кыздары бар. Кыргыз элинде  да  мамлекеттик,  саясый, илимий, маданият, искусство жана башка тармактарда мекенине, элине чын дилинен кызмат кылган, артына из калтырган чыгаан адамдар арбын. Айрымдарын атай кетсек, алар: Ж.Абдрахманов,  К.Тыныстанов, И.Арабаев, А.Орозбеков, Б.Исакеев,  И.Раззаков,   И.Ахунбаев, Б.Миңжылкиев ж.б. Алардын катарында мамлекеттик саясый ишмер Төрөкул Айтматов да бар.

Быйыл Кыргыз Республи-касынын  түптөлүшүнө  салымын  кошкон,  тоталитардык бийликтин курмандыгы болгон инсандардын бири, мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун туулганына 115 жыл. Ал 1903-жылы Олуя-Ата уездинин Күркүрөө болушуна караштуу Шекер кыштагында орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун 1913-жылы 10 жашында темир жол курулушунда иштөө менен баштаган. Ушундан баштап анын билим алуусу жана ишмердиги ар түрдүү жагдайларда уланат. Т.Айтматов 1912-жылдан 1913-жылга чейин жергиликтүү мусулман мектебинде окуган. 1915-жылдан 1919-жылга чейин Олуя-Ата шаарындагы орус-тузем мектебин, кийин бирдиктүү эмгек мектебинин биринчи баскычына өтүп, ал жакта 8 ай окугандан кийин атасынын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу айылга кетүүгө мажбур болот.

Ал 1920-1921-жылдары Олуя-Атадан   алган  билими  менен Күркүрөө болуштугунда аткаруу комитетинин катчысы болуп иштеген. Т.Айтматовду ошол кездеги советтик партиялык жетекчилер Ташкенттеги советтик-партиялык мектепке   жөнөтүшөт.  Ал  жактан эки ай окугандан кийин аны Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетине которушкан. Ал окуу жайда 1921-1924-жылдары ийгиликтүү окуп, бүтүрүп чыгат.

Төрөкул Айтматов уулу Чыңгыз менен 

Ошол  мезгилде   Т.Айтматов К.Маркстын,  В.Лениндин    чыгармаларын орус тилинен кыргыз тилине которуп, гезит бетине жарыялап турган, орус-кыргыз тилдеринде советтик саясат боюнча макалаларды жазып, саясый деңгээли көтөрүлгөн. Москвадагы 1925-жылы Кыргыз обкомунун II конференциясында Т.Айтматов ВКП(б)нын  Кыргыз  обкомунун үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп шайланат. 1925-жылы март айында (22 жашында) коммунисттик партиянын катарына кабыл алынган. Ошол күндөн баштап ал өз билимин, аракетин бүтүндөй кыргыз мамле-кетинин калыптануусуна арнаган. Айтмакчы, Т.Айтматов обкомдо иштеген мезгилде эле башкалардан демилгелүүлүгү, жигердүүлүгү, көптү билгендиги, чечкиндүүлүгү, ар нерсеге сын көз менен карагандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, чынчылдыгы менен кескин айырмалангандыктан бат эле көпчүлүккө таанылган. Буга анын Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун уюштуруу иштерине активдүү катышуусу, Пишпек шаардык кеңешинин жыйынында жасаган “СССРдин эл аралык абалы жөнүндө” баяндамасы, ВКП (б) Кыробкомунун II облустук парт-конференциясында ж.б. чоң жыйындарда сүйлөгөн жалындуу кеп-сөздөрү күбө. Терең мазмундуу, ой чабыты кенен, ынанымдуу тыянактарга, адилет айтылган сын-пикирлерге жана иштиктүү сунуштарга ширелген ошол кептери жаштыгына, курчтугуна, карабастан, анын саясый жактан же-тилген,  билим   көрөңгөсү  чебер саясатчыга айлангандыгынан кабар берет.

1926-жылы   Каракол-Нарын округдук комитетинин катчысы болуп дайындалат (бул кызматта 6 ай иштейт). Кийин Жалал-Абад   кантондук   комитетинин (1929-жылдын  аягына   чейин) катчысы, 1930-жылдын башында Кыргыз АССРнин өнөр жай, соода эл комиссары жана эл чарбасынын борбордук советинин председатели болуп иштеген.

Ал мамлекеттүүлүктүн негизин, мыйзамдуулукту, бийликтин башкы башкаруучу органы катары Советтерди чыңдоого кол кабыш кылууга айрыкча көп күч жумшаган. Т.Айтматов өзү аралашкан ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылган, көзү көрүп, кулагы уккан терс көрүнүштөрдү тезинен жоюуга, эң башкысы жаңыдан торо-луп жаткан мамлекеттик түзүлүштү чыңдоого тырышкан. Андыктан ал өзүнө да, өзгөлөргө да, үзөңгүлөш жүргөн замандаштарына да катуу талаптарды кое билген. Ал жер-жерлерде маданий-агартуу мекемелерин уюштурууга, мурда иштегендерди кеңейтүүгө, саясый-тарбия иштерин   күчөтүүгө,  китепкана, клубдарды, кызыл үйлөрдү, кызыл чайханаларды, кино көрсөтүүлөрдү, саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүн, көчмө мектептерди уюштурууга көп көңүл бөлгөн. Натыйжада алардын саны акырындап арбыган. Маселен, 1927-жылы Кыргызстанда клубдар менен китепканалардын саны 100гө жетип, 5 туруктуу жана 2 көчмө кино коюучу клуб иштеп турган. Андан тышкары Т.Айтматов кесиптик билим берүүнү кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө, улуттук ка-дырларды даярдоого такай кам көргөн.

1925-жылдын башында Ошто мурдагы 6 айлык курстардын негизинде бир жылдык педагогикалык техникум (сентябрдан тартып 3 жылдык) уюшулат. Андан соң Пишпек менен Караколдогу 9 жылдык кыргыз мектептери айыл чарба техникумдарына айландырылган. 1925-жылы күзүндө Пишпекте катуу даярдык көрүү иштеринен кийин  мугалимдерди    даярдоочу алгачкы педагогикалык окуу жай – Кыргыз агартуу институту ачылат. Институттун ачылуу аземине Т.Айтматов катышып, окуу жайда кыргыз жаштары көбүрөөк окутулушун, улуттук кадрларды даярдоого басым жасалышын талап кылган.

1925-жылы анын катышуусу менен кыргыз тилиндеги мектептер үчүн биринчи жолу окуу китептерин басып чыгаруу иштери жүргүзүлгөн. Ошол окуу жылында кыргыз окуучулары өз эне тилинде 76 миң нуска менен чыккан 14 наамдагы окуу китептерин алган. Бул маданий майдандагы, башталгыч билим берүүдөгү чоң жетишкендик эле. Башынан билим-илимдин баа-баркын жакшы билгендиктен ал агартуу ишине чечкиндүү түрдө катышкан.

Т.Айтматов 1931-1933-жылдары Араван райкомунун биринчи катчысы болуп иштеген мезгилде жер-суу реформасын, колхоздоштуруу жана маданий курулуштун иштерин ишке ашырууда эбегейсиз зор салымын кошкон. Ошондой эле Араван-Буура районунда жетекчилик кызматта иштеп турганда, райондун социалдык-экономикалык, чарбалык өнүгүшүнө чоң үлүшүн кошкон. Ар дайым тапшырылган ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга көнгөн Т.Айтматов көп өтпөй иш билгилиги, эмгекчилдиги, эң башкысы адамгерчилик касиеттери аркылуу элге таанылган. Жаңы жетекчинин жергиликтүү тургундардын ишенимине кирүүсү, жапырт колдоосуна ээ болуусу райондогу чарбалык иштерди илгерилетти, ири ийгиликтерге жол ачты. Натыйжада жыл айланбай чымырканган эмгек жемишин берип алгачкы жетишкендиктер жаралды, мурда артта калган район алдыга өсүп атагы чыга баштады. 1934-жылы Кыргыз обкомунун пленумунда Т.Айтматов обкомдун экинчи катчысы болуп шайланган. Муну анын партиялык иштеги эң жогорку жана жооп-туу кызматка дайындалган мезгили катары кароого болот. Ал партия кайда жиберсе да эмгектин эң со-нун үлгүсүн көрсөткөн. Бирок көп өтпөй эле, 1935-жылы 13-мартта болуп өткөн ВКП (б) Кыргыз обкомунун IV Пленуму Т.Айтматовду обкомдун экинчи катчысынын   ишин   аткаруудан   бошотуп, Москвадагы   Кызыл профессура институтуна окууга жиберген. Партиялык,  советтик жогорку органдардын көрсөтмөлөрүн, чечимдерин, жетекчиликтин тапшырмаларын кынтыксыз так аткаруу ал үчүн адатка-мыйзамга айланган. Андан калса, ал өзү менен замандаш кыргыз элинин улуу-кичүү алгачкы мамлекеттик, партиялык жетекчилеринин   көбүнөн   мыкты теориялык билими, кыргыз, өзбек, казак, орус тилдерин жакшы билгендиги менен да кескин айырмаланып турчу. Ал өлкөдө, дүйнөдө болуп жаткан олуттуу окуялардын жетиштүү кабары бар, социалдык экономикалык, саясый жана руханий кайра куруулардын маани-маңызын   туура  түшүнгөн,  партиянын   саясатынын  ой-кырын жакшы өздөштүрүп, коён жатагына чейин  билген  ишмерге   айланып бара жаткан болчу. Т.Айтматовдун замандашы, академик К.Карасаев: «Төрөкул өтө көтөрүмдүү адам болчу, бирөө тескери кеп сөз айтса аны акылы менен токтотуп, “бул туура эмес” дечү… Кишиге катуу айтчу эмес, өзүн таза кармаган көп унчукпаган, сөздү шашпай түшүндүрүп сүйлөгөн адам эле. Өзү узун бойлуу кара тору, зыңгыраган, келбеттүү, токтоо мүнөз киши болчу» деп эскерет.

1936-жылы Москва шаарындагы Кызыл профессура институтуна өтүп, билим алып жаткан Төрөкул Айтматов көрө албаган, ичи тар адамдар тарабынан жалган жалаага кабылат. Ошондой арамзалык иштердин натыйжасында 1937-жылы 30-декабрда Москва шаарынын Дзержинский партрайком бюросунун чечими менен Кызыл профессура институтунун угуучусу Т.Айтматовго жалган  жеринен   саясый   күнөө коюлуп, ал партиянын катарынан чыгарылып, камакка алынат. 1938-жылы СССР Жогорку сотунун аскер коллегиясы тарабынан соттолот.

Жалган  жалаага   кабылган Т.Айтматовго   окшогон  Октябрь идеясына берилген, улуттук мамлекеттин негиздөөгө белсенип кирген далай партиялык жетекчилер өздөрү курган мамлекеттик аппараттын ошол кездеги куралы болгон массалык террордун курмандыгына кабылышкан. Өз улуту, Ата-мекени жаңыдан курулган улуттук мамлекеттин эртеңки келечеги үчүн күрөшкөн билимдүү адамдар “эл душмандары” деп аталып, өлүмгө дуушар болушкан. Саясый оор мезгилге туш келген Т.Айтматовдун өз элине, мамлекетине таза кызмат кылам деген ак тилеги орундалбай, өз мүдөөсүнө жетпей, жаш кезинде өмүрү кыйылган.

Т.Айтматов бийликтин күндөн-күнгө күч алып бара жаткан өлүм кылычы жакындап калганын сезип, айланасында болуп жаткан зордук-зомбулуктар  убактылуу  экенин айтып, өмүрүнүн акырына чейин акыйкаттан үмүт үзбөй жашаган. Кийин Фрунзедеги түрмөдөн аман чыкпасына көзү жеткенден кийин жердеши Теңирберди Алапаевге аманатын тапшырган. Ал эми анын үй-бүлөсү тарткан азап-тозоктор, атасын күткөн балдары менен төрт баланын түйшүгүн мойнуна алган Нагима Айтматованын эрдикке тете иши өзүнчө узун сөз.

“Ак ийилет бирок сынбайт” дегендей Төрөкул Айтматовго коюлган “Социал-Туран партиясынын уюштуруучуларынын бири, буржуазиялык улутчулдукту жактаган деген айыптар жокко чыгарылып, 1958-жылдын 5-ноябрында Кыргызстан КП БКнын бюросунун чечими менен Т.Айтматов партиялык жактан толук акталып, мурдагы коюлган жалган күнөөлөрдүн баары жокко чыгарылган. 1991-жылы Бүбүйра Кыдыралиеванын айтуусу менен кылымдагы кыңыр иштердин биринин изи ачылып, сталиндик жазалоочу машиненин айынан жазыксыз набыт кеткен 137 азаматтын жашыруун көмүлгөн жери табылды. Алардын катарында Т.Айтматовдун да сөөгү 1991-жылы Чоң-Таш айылындагы Ата-Бейит көрүстөнүнө ариет-аза менен коюлду.

Анын   жаркын  элеси   эч  качан унутулбайт, анткени артында   Ала-Тоодой   куттуу   жери, эгемендүүлүктүн туусун желбиреткен эркин эли бар. Т.Айтматовдун ысымы туулуп-өскөн жери – Шекер айылындагы мектепке берилип,  эстелиги  орнотулган   жана ошондой эле Бишкек шаа рындагы көчөлөрдүн бирине коюлган.

Даярдаган Азиза САМАНЧИЕВА, Кыргыз Республикасынын Кинофотофонодокументтер архивинин башкы архивисти

0 Поделились