«Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Абдыганы Эркебаевдин 65 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү уюшулуп, маараке ээсинин жаңы китебинин бет ачарына арналган адабий кече болуп өттү.

Абдыганы Эркебаев кыргыз журтчулугуна оболу адабиятчы жана сынчы катары таанылган. Бала кезинен жашоонун ысык-суугун, ачуу-таттуусун, оор сыноолорун башынан кечирген жаш Абдыганы эс тарткандан өз киндигин өзү кесип, жаман менен жакшыны эрте таанып, азоо дайрадай аккан турмуш университетинен өткөн. Таттуусунан ачуусу көбүрөөк балалык тагдыр аны турмушка эрте бышырган, кайра жангыс кылып чыйралткан, ыза толгон жүрөгүнө от, кайрат, эрк, дем берген. Көкүрөгүндө дээри, көөдөнүндө дарамети бар жаш өспүрүм күнү-түнү китепти колунан түшүрбөй, өзүн эмгекчилдикке, туруктуулукка, акылгөйлүккө тарбиялаган, билимге умтулган, илимге көзүн каныктырган. 1975-жылы КМУнун филология факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаса, 1976-жылдан Москвадагы М.Горький атындагы  дүйнөлүк  адабияттар  институтунда билимин өркүндөтөт. Ал эмгек жолун Кыргызстан ЛКЖС БКнын пропаганда жана маданий-массалык иштер бөлүмүндө лектор болуп иштөө менен баштаган. А.Эркебаев «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редакторунун орунбасарлык кызматына келгенде, ал болгону 32 жашта болгон. Бүгүн ал убакта 30 жаштын кырында республикалык адабий гезиттин баш редакторунун орун басары болуу деген, далай акын-жазуучулардын, адабиятчы-сынчылардын кыялы  болгонун  адилеттик  үчүн  айтыпоюуга тийишпиз. Арийне, ал мунун баарына өз эмгеги, талашсыз таланты, курч калеми, академиялык билими менен жеткен. А.Эркебаев адеп жазган сын макалалары менен адабий журтчулукка таланттуу сынчы катары таанылган. Адабиятчыга “Азыркы учур жана кыргыз поэзиясы”, “Кыргыз прозасынын контрасттары” адабий-сын макалалары, “Сын жана сынчылар” макалалар, портреттер, пикирлери, “Элдик эпостон адабий эпоско” китеби ага чоң адабий аброй, сый алып келген.

Ошентип, жаш кезинен илимий бийиктиктерге жетише алган илимпоздун 1988-жылдан Кыргыз ССРинин ИАсынын Тил жана адабият институтунун директору болуп калышы бекер жеринен эмес. Анын саясатка кеткен жолу мына дал ушул жылдарда башталат, коомдук-саясый иштерге аралашып, саясый ишмер катары таанылган Абдыганы Эркебаев 1990-жылы КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланат. 1991-жылы КР Басма сөз жана маалымат министри, 1992-жылы вице-премьер министр, 1993-жылдан Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы кызматын аткарат. 1995-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттыгына шайланып, 1997-жылдан Жыйындын төрагасы болсо, 2000-жылдан КР ЖК Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болгон.

Ошентип, адабиятчы өлкөдөгү саясый кырдаалга байланыштуу саясый иштерге аралашып, 15-20 жылдай саясатта жүрдү. Бирок, ал бул жылдарда адабиятка аркасын салбай “Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары” деген китебин жаратты, “Татаал тагдыр – таза жол”, “Десять лет в политике” деген китеп жазды. Академик А.Эркебаев “Би-би-си” радиосуна берген маегинде бул жылдар тууралуу: “1985-жылдан тарта ошо кездеги СССРде чоң өзгөрүүлөр башталды. Бара-бара өзүбүздүн эрктүүлүк, мамлекетүүлүк үчүн саясый күрөштөр жүрдү. Анда мен «Кыргызстан маданияты» гезитинде редактордун орун ба-сары элем. Ошол жакка бет буруп, тил, тарых, мурас маселелери деп, кийин бара-бара экономикалык өз алдынчалык, арты келип саясый эрктүүлүк деп, саясатка аралаштык. А дегенде депутаттык иш, мамлекеттик кызмат деп, ар кайсыл тепкичте жүрүп адабияттан алыстап калдык. Бирок мен эч качан өзүмдүн жолумду, алгачкы чыйырымды унуткан эмес-мин”, – деп эскерген.

Академиктин адабият тууралуу ойлору да кызык. “Адабияттын мазмуну, мүнөзү өзгөрдү. Мени романдар көп кызыктырат. Илгертен кызыгып, романдар жөнүндө көп жазып, атайын изилдөөлөрүм бар. Тилекке каршы, кызматка байланыштуу экинчи китебин жазайын дегеним ишке ашпай жүрөт. Акыркы жылдарда кызыгып окуп турдум, Асанбек Стамовдун «Хан Тейиш» тарыхый мүнөздөгү романын окудум, менин досум чоң акын Акбар Рыскулов дагы чоң роман жазды. Каныбек Иманалиев Шабдан баатыр жөнүндө жазды. Анан Арслан Капай уулунун «Мисмилдирик» романын окудум, мага жакты. Биздин трагедиябыз болгон 1916-жыл тууралуу жакшы чыгарма. Ал эми жаңычыл көз караштагы, мазмуну боюнча дагы, жазылыш ыргагы боюнча дагы өзгөчөлөнүп турган жаңычыл чыгарма деп Султан Раевдин «Жанжаза» чыгармасын айтат элем” деген көз карашын бүгүнкү күндөгү кыргыз адабиятына берген баасы катары кабыл алсак болот.

“Чоң иштерге аралашуу үчүн адам көз каранды болуш керек. Калыс сөзүн айтуу үчүн өзү да башты бийик көтөрүп, сөзүн түз айта турган болуш керек. Экинчи себеби, жашырганда эмне бизде тилекке каршы дүйнөлүк тарыхты, маданиятты, анын ичинде диндин дагы нукура тарыхын, үлгүлөрүн так ажырым кылып, жакшы жаманын иргеп, ылгап бере турган, айта турган адамдарыбыз аз болуп жатат. Ошонун айынан бир беткей кеткендер көп. Жөн эле диндин сырткы формасын алып алгандар көп болуп жатат. Түпкүлүгүндө нукура адабият менен нукура диндин маңызы дагы, милдети да бир. Ал — адамды тарбиялоо, ыйманын тазартуу, абийирин өйдө көтөрүү. Ар кандай нысапсыз, ыймансыз иштерден адамды алыстатып, адамды жакшы жолго үндөө. Ушул жагынан биз тереңине, түпкүрүнө багыт албастан сыртына кетип калдыкпы деп өкүнөм”, – деген өкүнүч менен коштолгон позициясы А.Эркебаевдин адабияттын тагдырына кайдыгер эместигин, көкүрөгүндө астейдил түйүп, айтайын деген ойлору бар экендигин билдирет. Албетте, академиктин ал ойлору кагазга түшүрүлүп, китеп болуп жарыкка чыкса, кыргыз адабияты үчүн абдан пайдалуу болмок. Кыргызда “алтымышта атаңдын алдап-соолап күчүн ал” деген эмеспи, академик А.Эркебаев адабий журтчулук абройлуу адабиятчы, таланттуу сынчыдан жаңы эмгектерди күтүп жатканын “алдатпай” эле түшүнүү менен кабыл алат деген ойдобуз.