Билим берүү министрлиги Ноокаттагы «Агарт» мектеби былтыр жабылганын билдирди

Ош облусунун Ноокат районундагы “Агарт” башталгыч мектеби жөнүндө таратылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районундагы “Агарт” башталгыч мектеби былтыркы окуу жылында жабылган. Ал эмит аталган айылда 1-класска бара турган жалгыз бала, жакын жайгашкан билим берүү мекемесине окууга киргизилген. Мектептин жалгыз мугалимин иш менен камсыз кылуу боюнча Ноокат райондук билим берүү бөлүмү алектенип жатат.

Бул аз комплектелген мектепте өткөн жылдары мектепте 1-4 класстарда жалпысынан 12ден ашпаган бала окуган.

Эскерте кетсек, 25-сентябрда Ноокаттагы «Агарт» мектеби кулап калуу коркунучунда турганына карабастан,  окуу жүрүп жатканы айтылган тасма интернетте тарган болчу.