Жыл башынан бери 47 өспүрүм өз өмүрүн кыйган

2017-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук 36,5 пайызга төмөндөгөн. Бул боюнча Ички иштер министрлигинин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын башчысы Азамат Абдрахманов билдирди.

Бирок, ошол эле учурда өспүрүмдөр тарабынан жасалган оор кылмыштардан саны көбөйгөн. Жыл башынан бери жаш балдар тарабынан 5 адам өлтүрүү, 157 уурулук, 27 тоноо, 11 каракчылык, жыныстык мүнөздөгү 33 кылмыш катталып, 47 өспүрүм өз өмүрүн кыйган.

Январь айынан бери 345 жеткинчек жана өспүрүмдүн жоголгону боюнча ички иштер органдарына арыз түшүп, анын ичинен милиция тарабынан 96 бала табылган. Маалымат ылайык 2002-жылдан бери дайынсыз жоголгон 39 бала дале издөөдө жүрөт.