Момунов акыйкатчылыкка ат салышуудан өз талапкерлигин алып салды

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо жөнүндө маселе каралып жатат.

Алгач акыйкатчылыкка 5 талапкер аттанган болчу, бирок «Бир Бол» фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Маматурайым Момунов өз талапкерлигин алып салды. Мындай чечимин 26-сентябрда Жогорку Кеңеште омбудсмен шайлоо башталар алдында, талапкерлер баяндама жасап жаткан учурда билдирди.

Учурда 4 талапкер калды: КСДП фракциясы Токон Мамытов, «Бир Бол» фракциясы Рита Карасартова, Рыскул Бактыбаев, «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиз.

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев 27-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.