27-сентябрга карата аба ырайы

27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;

Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +19…+24;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бираз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +20…+22.