Жусуп Абдрахмановдун Оренбургдагы акыркы күндөрү

Жусуп Абдрахманов Борбордук Азияны модернизациялоодо негизги роль ойногон, коомдук жана саясый процесстердин маңызын түшүнүп элдин кызыкчылыгын көздөгөн бирден бир саясатчылардын биринен болгон. Бирок, анын баа жеткис эмгеги-бул кыргыз элинин, өткөн ХХ кылымдын 20-жылдарындагы Союздук тутумдагы Кыргызстандын мамлекет катары пайдубалын түптөп аны калыптандырууга кошкон тагдыры менен байланыштуу. Кыргызстандын өз алдынча мамлекет катары пайда болушу Ж.Абдрахманов сыяктуу өз заманына ылайык даярдыгы бар, эл жери үчүн күйгөн мыкты эл уулдарынын аракетинин натыйжасы гана эмес, кыргыз элинин миңдеген жылдардан берки өмүрүнүн, кылган иш-аракетинин, жалындап жанып жашаган жашоосунун дагы жыйынтыгы.

Ал  1927-жылдын  март  айынан 1933-жылдын  сентябрына  чейин Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы кызматында иштеп турган мезгилде чыныгы мамлекеттик ишмер катары көзгө көрүнгөн. Ушул жогорку кызматта ал болгону алты жарым жыл эмгектенсе да, анын Кыргыз Автономиялык республикасынын экономикасын,  маданиятын  өнүктүрүүдө чоң салым кошкону талашсыз. Өзгөчө ал 1932-1933-жылдардагы Союздун алкагындагы жана коңшу Казакстандагы ачарчылык мезгилде калктын камын ойлогон, элинин эртеңи үчүн кылган элдик адам катары таанылды.

1932-жылы  Кыргыз  АССРинин  аймагына Казакстандан көп сандаган казак качкындары кирген. Архивдик маалыматтар боюнча келгиндердин саны 100000 ашуун адам болгон. Ачарчылык азабын тарткан казактар Кыргызстандын аймагына эң көп жайгашкандыктан, ошол мезгилдеги кыргыз бийлиги ачарчылыктын айынан боор тартып, баш калкалоого келген казактарды боордоштук менен кабыл алып жана бир туугандык жардамдарын берген. 1932-жылдын 31-декабрында ВКП(б) Кыргыз обкомунун бюросунда республиканын аймагындагы казак качкындарынын абалы тууралуу маселе каралып, анда ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросуна казак качкындарына жана кароосуз калган жетим балдарга жардам иретинде дан азыктарын бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алышкан. Ошондой эле Москвага иш сапарга бара жаткан Кыробкомунун жооптуу кызматкери Жайнак Саадаевге ВКП(б) БКга Кыргыз АССРинин аймагындагы казак келгиндеринин абалы, алардын жугуштуу оорулардын айынан өлүмгө көп кириптер болуп жаткандыгы тууралуу маалымат берүүсүн тапшырган.

Казакстанда тамак-аш абалы өтө оор болгондуктан, ал жакка кабыл албай койгон казактарды кыргыз эли ара жолго таштаган жок. Анын айынан Кыргызстанда да оор кырдаал жаралып, азык-түлүк менен өз элин жана ага кошумча он миңдеген ачка казактарды азык-түлүк менен камсыз кылгандан улам 1932-жылдагы дан азыктарынын өндүрүүнүн планы аткарылбай калгандыктан Кыргыз АССРинин жетекчилигин каардуу жазалоо күтүп турган.

ВКП(б) БКнын 1933-жылдын 9-майдагы чечими менен ВКП(б) Кыргыз обкомунун биринчи катчысы А.О.Шахрай менен Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Ж.Абдрахмановго, Кыргыз АССР Жабдуу Эл комиссариатынын өкүлү Словацкийге катуу сөгүш берилип, көп узабай ошол эле жылдын сентябрь айында ВКП(б) Кыргыз обкомунун биринчи катчысы А.О.Шахрай жана Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Ж.Абдрахмановдор кызматынан алынат. Бул боюнча Жусуп Абдрахманов ВКП(Б) БКга берген түшүнүк катында төмөндөгүдөй жазган.

“1932-жылдын жазында казактар тобу менен Кыргызстанга көчүшкөн. Алардын арасында ачкачылыктан өлүмгө учуроо башталган. Бул көп жетекчилерди, анын ичинде мени да чочулатты. Дан даярдоо боюнча Ортоазбюро РКП(б) БК менен келишпөөчүлүк болду, себеби биз республикага ашыкча жүк түшөт деп эсептедик. Казак көчмөндөрүнө байланыштуу  бизде-жетектөөчү  кызматкерлерде, пландын реалдуулугуна шектенүү пайда болду. Бул бизди демоблизациялады жана биз түштүктүн кээ бир райондорунда дан сатууга жол бердик. Шахрай жана Исакеевдер менен планды аткаруу кыйынчылыгы тууралуу аңгемелешип жатып, мен мындай дедим: “Республиканы Казакстандын абалына жеткиргендигибиз үчүн эмес, жакшысы бизди планды аткарбагандыгыбыз үчүн иштен алышсын. Экөөсү тең буга макул болушту.”

Кыргыз  мамлекеттүүлүгүнүн  пайдубалын  түптөшкөн,  кыргыз  интеллигенциясынын ичинен саясый куугунтуктоолорго Э.Арабаев, А.Сыдыковдор менен бирге эле Ж.Абдрахманов дагы биринчилерден болуп илинген. 1933-жылы уюшулган куугунтуктоолордун кесепетинен кызматынан бошоп, партиядан чыгарылгандан кийин, Россияга кетүүгө аргасыз болот. 1933-1935-жылдары Cамара шаарында, ал эми 1935-1937-жылы Оренбург облустук жер бөлүмүнүн мал чарба башкармасынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Мындан беш жыл мурда Россиянын Санк-Петербург, Москва, Оренбург шаарларындагы архивдерден кыргыз тарыхына тиешелүү архивдик материалдарды изилдөөдө өзгөчө кыргыз элине белгилүү инсандардын тагдырына  кызыктым.  Оренбург  облустук мамлекеттик архивинен иштөө мезгилимде, Ж.Абдрахмановдун Оренбург шаарында иштеген жана ал жерден камалган акыркы күндөрү мени кызыктырып, ага тиешелүү архивдик маалыматтарды ала алдым.

Жусуп Абдрахманов өзүнүн жазган эмгектеринде жана жогорку органдарга жазган каттарында улуттук жумушчу табын түзүү, улуттук кадрларды өстүрүү, кыргыз тилин өнүктүрүү, мамлекеттик мекемелердеги иш кагаздарды эки тилде жүргүзүүнү колго алуу, ал эми 1930-жылдын 15-апрелинде Сталинге жазган катында Кыргыз Автономиялык Республикасын Союздук республикага айландыруу зарылдыгын далилдүү жана ишенимдүү фактылар менен көрсөткөн. Архивдик материалдарда калган Жусуп Абдрахмановдун иш кагаздарына күбө болгон ар бир инсан анын орус тилинде өтө жакшы сүйлөй жана жаза билгендигин, жыйналыштарда, эл арасында сүйлөй турган сөздөрүн, докладдарын өз колу менен жазып, өзү редакциялап, ой жүгүрткөнүнө күбө болот.

Ошол мезгилде Оренбург облустук обл жер бөлүмүнүн мал чарба башкармалыгында 27 адам иштеген. Башкармалыктын башчысынын орун басары Ю.Абдрахманов деп жазылган. Алган маянасы 450 рубль болуп, запастагы командирлик курамга кирген. Оренбург шаарындагы Набережная көчөсү 18-үйүндө жашаган.

Өзгөчө  жашыруун  делген  иш  кагазда 1937-жылдан кабар берет. Анткени бул көктөмөдө обл жер башкармалыгындагыларды  каралоо,  бири-биринен  шектенүү, түшүнүк каттар жана башка жүрөк үшүн алган маалыматтар камтылган. Андан мал чарба башкармалыгынын башчысы Сурков орун басары Ж.Абдрахмановду мурда партиядан чыгарылып, Кыргызстандан куугунтукталып келген адам катары, өтө кооптонуу менен мамиле кылганын баамдасак болот. Сурков Ж.Абдрахмановго төмөндөгүдөй кызматтык мүнөздөмө берген.

«Абдрахманов Ю.А. 1901-жылы туулган. Партияда жок. Социалдык абалы – көчмөн кыргыз. Мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштейт. Чарбачылык иштерде жана аппаратта уюштуруучулук тажрыйбасы бар. Бирок, иштеген иштеринде демилгеси аз, жай жана начар. Кээ бир маселелерди саясатташтырып жиберет». Мына ушундай мүнөздөмө берген Сурков Абдрахмановдун кол алдындагыларын кодулай баштаган. Мисалы, мурдагы армиянын офицерлери Подтихов, Рекутин Ю.Абдрахманов менен көп сүйлөшөт деп, жашыруун бөлүмгө

билдирүү жөнөтүп турган.

Акыры 1937-жылдын 4-апрелинде, облустук жер бөлүмүндө жетекчи кызматта иштеп турган учурунда, Оренбург облустук НКВДсынын кызматкерлери Жусуп Абдрахмановду Оренбург шаарындагы Набережная көчөсү, номуру 18 үйдөн кармап кетишкен.

Камакка  алынган  Ж.Абдрахмановго 1938-жылы 4-ноябрда СССР Жогорку сотунун аскер коллегиясынын атынан «Совет бийлигин кулатуу, Кыргызстанды СССРден ажыратууну жана буржуазиялык-улутчулдук мамлекет түзүүнү максат кылып, Троцкийчилердин уюмун колдогон деген жалаа жабылган. Андан башка да бир катар күнөөлөр коюлган жана эң оор жаза берилген. 1938-жылы 5-ноябрда «Чоң-Ташта» 138 адам менен кошо атылган. 1991-жылы сөөгү «Ата-Бейит» көрүстөнүнө коюлган. 1958-жылы СССР Жогорку Сотунун аскердик коллегиясынын аныктамасы менен толук акталган жана ага тагылган саясый айыптоолор алынып ташталган. 1989-жылдын январында СССР Жогорку Советинин президиумунун указына ылайык Ж.Абдрахманов дагы бир жолу акталып, партиялуулугу калыбына келтирилген.

Абдрахмановдун архивден табылган Оренбургдагы ишмердүүлүгү бааланып, арадан токсон жыл убакыт өткөндөн кийин Оренбург шаарында эмгектенип жатышкан мекендештерибиз «Мекендеш» кыргыз диаспорасынын жетекчиси, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Оренбург шаарындагы консулу Жандар уулу Таалай Жусуп Абдрахмановдун мемориалдык тактасын Оренбург шаарындагы өзү жашаган Набережная көчөсүндөгү №18 үйгө коюу тууралуу аракеттенип, Оренбург облусунун бийлик башындагыларга кайрылып эки жыл чуркап жүрүп, бир нече жерден уруксат кагазын алуу менен быйыл 29-майда ишке ашырды.

Оренбург облусунун жетекчилиги кыргыздардын өтүнүчүн канааттандырып, тарыхка так калтырган 1930-чу жылдардагы кыйын күндөрдө Оренбург облусунун айыл чарбасын, социалдык экономикасын көтөрүүгө бардык кайраты менен эмгектенген кыргыз уулунун эмгегин баалап, аны кийинки муундар эскерип туруу максатында Жусуп Абдрахмановдун мемориалдык тактасын орнотууга уруксат берип, быйылкы жылдын 29-майында Оренбург шаарында өзгөчө митинг-реквием менен ачылды. Тактачаны коюу эскерүү иш чарасына Кыргызстандан СССРдин эл артисти, кинорежиссер Б.Шамшиев, Кыргызстан Элдер ассамблеясынын төрагасы Т.Мамытов, ошол кездеги Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы атайын ыйгарым өкүлү У.Жылкыбаев, КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун бөлүм башчысы А.Кубатова, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Ж.Байдилдеев ж.б катыштык.

Оренбург облусунун губернаторунун бардык орун басарларынын катышышы жана тактачаны  коюу  иш-чарасы  «Историко-культурные связи в прошлом и настоящем между  народами  Российской  Федерации и Кыргызской Республики» аталышындагы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык конференция менен уланы-шы Россия менен Кыргызстандын достук жана шериктештик мамилесинин бекемдигин далилдеди. Бул иштердин башында туруп, эки элдин ортосуна көпүрөлүк ишти кылып уюштурган мекенибиздин мекенчил уулу «Мекендеш» кыргыз диаспорасынын жетекчиси, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Оренбург шаарындагы консулу Жандар уулу Таалайга чоң ыраазычылык билдирмекчибиз.

Быйыл  1937-38-жылдардагы  репрессия курмандыгына айланган эл уулдарын эскерүүнүн 80-жылдыгы. Эл үчүн эмгектенген эр азаматтар өз мекенинде эле эмес, алар кызмат кылган бөтөн жерлерде да даңкталууга жана баркталууга тийиш. Алардын айтыла элек жактарын, ачыла элек архивдерден алып чыгууга биз сыяктуу тарыхчы илимпоздор мамлекеттин колдоосу менен шыр кириши-ши керек деп эсептейм.

Жумагул БАЙДИЛДЕЕВ, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, архивтаануучу Бишкек – Оренбург