Жаны тынбай, жаңы нерсе үйрөнүүгө умтулган карылар

Бош отурган адам өзүн коомго кереги жок сезе башташы ыктымал. Бул көйгөйдү болтурбоо үчүн жаңы нерселерди үйрөнүп, өзүн алаксытуусу керек. Учурда жаңы нерселер чыгып, аны үйрөнүү менен жашап жатабыз. А бирок улгайып калган адамдарда жаңы чыккан технологияларды тургай кадимки смартфонду колдонууда оорчулуктар жаралуусу толук ыктымал. Ошол нерсени алдын алуу максатында Кызыл жарым ай коому ТИКА уюму менен биргеликте кары адамдарды компьютердик курстарга окутуу долбоорун ишке ашырууда. Ал жакта окуп жаткандар менен жакындан таанышып, баарлашып кайттык.

90 жашта компьютер үйрөнгөн ата
Николай Елисеев

Николай Елисеевдин курагындагы айрым аксакалдар компьютерди кайдан күйгүзүш керек экендигин жакшы биле бербесе керек. Ал эми аксакал электрондук кат менен баарлашууну өздөштүрүп алганы таң калтырбай койбойт. Ал тургай смартфонуна барган жерлеринен, жолуккан адамдары менен сүрөткө түшүп коет экен. Аларды көрсөтүп, бизге кеңири айтып берип жатты. Мындан тышкары анын балык уулоо менен алектенип, саякаттап турганы анча-мынча көчө таптап жүргөн жаштарга үлгү болчудай экен.

– Өзүм 90 жаштамын. Жакында эле компьютердик курста окуу тууралуу сунуш түшүп калды. Ойлонбостон эле үйрөнүп баштадым. Учурда текст тергенди, электрондук почта ачып, ал аркылуу кат жибергенди өздөштүрүп калдым. Албетте, 19 жашта болгонумда башка кеп болмок. Бул жакка келгенимдин эң негизги себеби, жаңы чыккан смартфонду өздөштүрүп, чет жактагы туугандарым менен “вотсап” аркылуу байланышып, аларга сүрөттөрүмдү кетирип, видеобайланыштарга чыгып турам, – дейт Н.Елисеев.

80 жашта гимнастикага барып, хордо ырдайт
Ирина Калинина

Аталган курстун дагы бир катышуучусу Ирина Калинина, мындан тышкары “Русская душа” деген хордо ырдап, гимнастика менен алектене турганын билдирди. Ал тургай биздин суранчыбыз менен:

“Ат арыбас болсочуң эй,
Жаш карыбас болсочуң эй,
Жаратканы чын болсо,
Деги жай-жайына койсочу эй» деп төрт сап кыргызча ырдап да берди. “Жакында эле 80 жашка толдум. Эки айдан бери көп нерсени үйрөнүп алдым. Менин неберелерим компьютерди абдан жакшы колдонушат. Алардын чоң энеси катары бул нерсени үйрөнүп алышым ашыктык кылбайт. Экинчиден, жаңы нерсе менен таанышып, аны өздөштүрүү мен үчүн абдан кызык болуп жатат”, – дейт.

Алишер ИМАМОВ, ТИКА уюмунун кординатору: “Окутканыбыз менен бул адамдардан сабак алып жатабыз”
Алишер ИМАМОВ

– Башында  мен 40-50  жаш  чамасындагы кишилер келет деп ойлогом. Николай ава 1929-жылкымын дегенде алгач ишене алган жокмун. 2 айдан бери курстарды окутуп жатабыз. Албетте, мурдагы кылымдын адамдарынын бул кылымдын технологиясын өздөштүрүп жаткандары мактоого татырлык. Биз дагы ушул куракка жеткенде жаңы технологиялар пайда болуп калат. Ошол нерселерди үйрөнүүгө ачык адамдардан болсок. Көп эле адамдар мынчалык кыймылдуу, жаңы нерселерге ачык болушпайт. Өзгөчө бул курактагылар. Ошондуктан, учурда биз окутуу менен алек болуп жатканыбыз менен бул адамдардан сабак да алып жатабыз.

 

Адис эмне дейт?
Бермет Наралаиева

Адамдагы жаш курак тууралуу  билимди геронтология изилдейт. Ар бир курак өзүнүн спецификасы менен айрымаланат. Психология илиминде карылыкты изилдөө акыркы убактан бери  эле  башталып  келет. Адам карылык мезгилге келип калган чакта өзүнө карылык бул оору, жаза же трагедия эмес, сөзсүз боло турган процесс деген ойду бекитип, аны эч качан бактысыздык менен байланыштырбоо керек экендигин айткан психолог Бермет Наралиева: “Албетте, карылык менен жашоого бир топ өзгөрүүлөр кирет. Жалгыз калып пикир алышчу кишилер азайып, ден соолук начарлап, баягы күч-кубат жоголушу мүмкүн. Карыган адам өз жашоо суна нааразы болуп кейип кепчип жасай турган бир нерсе менен алектенбестен, тегерегиндегилерге да наалый берчү болсо, ошого жараша кайтарымды алат. Жок, бир нерсе менен алектенип, балдарга, неберелерге мээрим менен мамиле жасап, карылыкка да жеткирген Жаратканга шүгүр айтып карылыкты да, өлүмдү да философиялык көз карашта кабыл алып күтүп даярдануу да чоң искусство. Ар бир адамдын бир нерсе менен алектенүүсү учур талабына ылайык болот экен. Илгери чоң ата, чоң апалар кийиз жасап, небере карап, шыр-дак шырыган болсо, азыркы тапта оорулар жашарып, карылыкты толтура оору менен тосуп алып жаткан чакта апалар менен аталар небере кароого ал-күчү келбей, шырдак кийиз жасоого мүмкүнчүлүгү да жетпей калган чак. Ошондуктан жумуштун оорун эмес жеңилин тандап, алектенсе», – деген пикирин билдирди.

Бермет НаралиеваАдистин айтымында, ар бир кары адамдын уул, кызы же неберелери чет өлкөдө. Алар менен твитер же скайптан байланыш түзүп, сагынычын таркатуу үчүн да интернет үйрөнүү зарылчылыгы келип чыгат. Айыл жергесинде бир тынымы жок той-аш болуп жалгыздыкты, пикир алышуудагы танкыстыкты анчалык сезишпейт. Шаар жергесинде карылар борборун ачуу зарыл. Ал борборлордо туура тамактануу жөнүндө кеңештер айтылып, фитнес гимнастикалар жасалып, бир өнөр менен алектенип пикир алышса, эң туура болмок.