«Макмалалтын» ишканасына Түркия менен Сингапурдан инвестиция тартылат

Азыркы убакта үч ишкана Сингапурдан «Сингапур Голд», Түркия мамлекетинен «Демиркан Миндетлик» жана Кыргызстандан бир жеке ишкана «Макмал» тоо кен комбинатын иштетүүгө кызыктар болуп жатышат. Бул тууралуу «Кыргызалтын» Ачык акционердик коомунун жетекчиси Алмаз Алимбеков билдирди.

Анын айтымында, инвесторлорго болгон негизги талаптар ишкананы токтотпостон иштетүү, жаңы заманбап завод куруу жана 30млн доллар инвестиция салуу болуп жатат.

Алмаз Алимбеков ушул үч шартты инвесторлор аткарса «Макмал» алтын өндүрүү комбинатынын өмүрүн дагы беш жылга узартууга болоорун билдирди.