Токон Мамытов парламентте ант берип, кызматына расмий киришти

Кыргызстандын акыйкатчысы Мамытов Токон парламентте ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. 26-сентябрда анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 79 депутаты колдогон.

Токон Мамытов 1953-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Ал Пржевальск педагогикалык институтун, андан кийин СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку курсун жана институтун бүтүргөн.

Генерал-лейтанант чини, профессор наамы бар. Мамытов буга чейин премьер-министрдин кеӊешчиси жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы болуп иштеген.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан шайланган Акыйкатчы парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.