Кылмыш ачылбай, кылмышкер жазаланбай калбасын

Райондук прокуратура кызматкерлери тарабынан оор жана өзгөчө оор кылмыштарды – адам өлтүрүү, каракчылык, зордуктоо, дене жаракатын келтирүү сыяктуу кылмыштардын каттоого жана аларды ачууга айрыкча басым жасалууда. Анткени, адам өмүрү жана ден соолугу орду толгус нерсе эмеспи.

Тилекке каршы, райондо атайылап жасалган оор кылмыштардын ичинен билип туруп адам өлтүрүү, билип туруп оор дене жаракатын келтирүү, зордуктоо, өлтүрүү же денесине оор залака келтирүү менен коркутуу сыяктуу кылмыштардын саны туруктуу мүнөзгө жана олуттуу санга ээ болууда. Булар коомдук коркунучтуулугу, келтирген кесепет-тери боюнча башка криминалдык кубулуштарга караганда алда канча ашып кетет жа-на коомго зор зыян келтирүүдө. Жыл сайын алардын кесепетинен жүздөгөн адамдар жабыр тартууда. Андайлар цивилизациялуу коомдогу эң маанилүү баалуулуктарга – адам өмүрүнө, саламаттыгына, кол тийгистигине зыян келтиришкендиктен, укуктук жана жалпы адамдык мораль көз карашынан да өтө кооптуу. Ошондуктан райондук проку-ратуранын ишинин артыкчылыктуу багыты – мындай кылмыштардын өз убагында ачылышына жана тергелишине тийиштүү көзөмөл жүргүзүү болууда.

Бул көйгөй райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилеринин катышуусу менен өткөрүлүүчү ар кайсы кеңешмелерде дайыма каралууда.

Айрым сандарга токтоло кетейин. Быйыл биринчи жарым жылда Ленин районунун аймагында оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча 44 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 41и ачылган, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир аз төмөн.

Оор дене жаракатын келтирүү боюнча 10 кылмыш катталса, алардын жетөөсү ачылган. Зордуктоонун катталган 6 фактысынын баары ачылган. Каракчылык боюнча 19 кылмыштын 17си ачылган.

Мындай  кылмыштар  боюнча  анализ көрсөткөндөй, көбүнчөсү түндө жасала турганын да эске салып коелу. Мисалы, кылмыштардын жалпы санынан 19у кечки саат 6дан түнкү 12ге чейин катталса, 24ү түнкү саат 12ден таңкы 6га чейин катталган. Кылмыштардын көпчүлүгү батирлерде же дүкөндөрдө жасалган. Кылмышкерлердин жаш курагы 20-30 жаш болсо, негизинен эркектер жана аз камсыз үй-бүлөлөрдөн жана коомдун социалдык аялуу катмарларынан чыккандар, жумушсуздар.

Учурда  Ленин  районунун  аймагында региондордон келген ички мигранттардын саны көп. Алардын көпчүлүгүнүн туруктуу жашаган жери, иши жок. Айрымдарынын кылмыштуу жолго түшүүсүнө ушул факторлор да таасир этип жатат.

Ошондуктан мына ушул фактыларга мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көңүл бурууга тийиш.

Жарым жылдагы кылмыштуулук боюнча анализден улам акыркы мезгилде мурда кылмыш жасаган адамдардын кайталап кылмыш жасоосу өскөнү да байкалат. Демек, андай адамдарга укук коргоо органдары жана коомчулук тарабынан көзөмөлдү күчөтүү зарыл.

Андан тышкары, жогоруда белгиленгендей, кылмыштардын басымдуу көпчүлүгү түнкү мезгилде жана райондун четиндеги жаңы конуштарында жасалгандыктан, ал жер-лерде түнкү тозотторду уюштуруу зарыл. Алгачкы текшерүү органдары тарабынан өз участокторунда бул багыттагы иштин жоктугу да буга кошумча болууда. Мындан жыйынтык чыгаруу менен алар өз ишмердүүлүгүндө эске алууга тийиш.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын ачылыш деңгээлинин төмөн болушуна тергөө жана  кылмыш  иликтөө  кызматтарынын кызматкерлеринин көпчүлүгүнүн иш тажрыйбасынын жоктугу, укук коргоо органдарынын  зарыл  техникалык  каражаттар менен жетишсиз жабдылгандыгы да таасирин тийгизүүдө. Мындай иштерди тергөөдө райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү гана эмес, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан да кемчиликтерге жол берилүүдө. Анткени, тергөөчүлөргө практикалык жардам көрсөтүүгө тийиштүү көңүл бөлүнбөйт,  муну  тергөө  аракеттеринин пландарынын, көрсөтмөлөрдүн жок болушу, тергөөчүлөрдүн жана оперативдүү кызматкерлердин ишмердүүлүгүн так координа-циялоонун камсыздалбаганы күбөлөп турат.

Мирлан АКЫМБЕКОВ, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурорунун милдетин аткаруучу