«Газпром Кыргызстан» Арча-Бешикке тартуулаган «газ майрам» ,жетине албаган райаким, чаңы сапырылган көчөлөр, эч нерседен кабары жок тургундар

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


“Кыргыз  Туусу”  гезитинин  2018-жылдын 11-сентябр дагы (№69(24266)) санындагы “Ала  жазда  башталган түтүк тартмай… Чаңы асманга сапырылган конуштар… кенебеген “Газпром-Кыргызстан”…”аттуу макалада Бишкектин жака-белиндеги конуштарга, анын ичинде Арча-Бешик конушундагы ала жаздан баштап көчө бойлото казылган газ түтүктөрүн алып өтүүчү аңдар көмүлбөй жана топурагы тоз болгон жолдор тегизделбей, конуш тургундарына буга чейин  болуп  көрбөгөндөй,  ыңгайсыздык тарды  жаратып жатканын,  “Газпром Кыргызстандын” газ түтүктөрүн тарткан өнөктөш компаниясы аны көмүүгө таптакыр шашылбаганын,  газ  түтүктөрү үчүн  аң  казабыз  деп  жатып, үйлөргө  тартылган  далай  суу түтүктөрү  жарылганын,  ишке ат үстүнөн жасалган мамиледен улам, эртели-кеч көчөнүн 5 эли чаңын кечкен эл кыйналганын, конушта жашаган мектеп окуучулары ошол чаңды кечип жатканын, эми жакында жамгыр жааса, топурак баткакка айланып, жолдон өтүү дагы да кыйындай турганын жазып, газ түтүктөрүн тартып жаткан “Газпром Кыргызстан” компаниясынын дарегине карата бир топ ачуу сын айтканбыз.

Ошол  эле  макаланы  күтүп отурганбы,  13-сентябрда  “Газпром – Кыргызстан” компаниясы  өзүнүн  сайтында  (http://kyrgyzstan.gazprom.ru/press/news/2018/09/482/) “Арча-Бешик” калктуу пунктундагы 6000 миң үй газ камсыздоо системасына кошулду, конуштун 32,1 миң тургуну экологиялык таза отундан  пайдаланууга  мүмкүндүк алышты деп рапорт берди. Калктуу конушка газ берүү салтанатына Бишкек шаарындагы Ленин райондук мамлекеттик администрациянын  башчысы  Нурдин Тынаев, “Газпром-Кыргызстан” ЖЧКнын генералдык директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров, “Бишкекгаз” филиалынын директору Ирина Дергачева катышып, райондун акими арча-бешиктиктерди “майрамы” менен куттуктаптыр. Сыягы, Ленин райондук мамлекеттик администрация башчысы өзү башкарган аймакта  кандай  иштер  болуп жатканын, эмне иштер аткарылып, эмнеси чала, эмнеси бучук бүткөрүлүп жатканын билбейт окшойт. Болбосо, аким ошол эле газ камсыздоо системасына кошулган Арча-Бешиктин көчөлөрүн аралап, газ түтүктөрү кандай тартылганын карап көрсө, топурагы тоз болуп, чаң басып жаткан көчөлөрдү араласа, анда “майрам” тууралуу айтканга абийри жол бермек эмес.

Күз ар бир үйгө, ар бир көчөгө, районго,  шаарга  келди.  Эртең нөшөрлөгөн  жамгыр  жааганкүндөр башталат. “Газпром Кыргызстан” газ түтүктөрүн тартып, чаңын асманга сапырган жолдор ылай, баткакка айланат. Конуш тургундары, мектеп окуучулары эртели-кеч белчеден ылай кечүүгө туура келет. А бул “майрам” эмес, Нурдин Раатбекович, бул кыйноо, азап. Сиз өзүңүз жетектеген аймактагы эл кандай абалда күн сүрүп, өмүр кечирип жатканын билбейт экенсиз. Бул биринчиден, экинчиден, Арча-Бешик конушу түшкөнүнө 30 жылга чукулдап калды, бирок ушул 30 жыл ичинде конуштагы ички жолдорду Бишкек мэриясы же Ленин раймамадминистрациясы эмес, тургундары өз чөнтөгүнөн акча чыгарып оңдоп  келатат.  “Газпром  Кыргызстан” компаниясынын Арча-Бешикке газ түтүк тартам деп, жолдорун аңга айланткан “майрамынан” соң, конуш тургундары көчө жолдорун өз чөнтөгүнөн акча чыгарып оңдору талашсыз. “Майрам” ээлери топурагын тоз кылып казып салган жолдорун оңдоп бербеси анык. Конушта жашаган ар бир адам жол оңдоо үчүн 1000 сомдон чыгарганда эле, конуш тургундары сиз айткан “майрам” үчүн 32 млн.100 миң сом чыгаша болот.

Ал эми “Газпром Кыргызстан” компаниясына карата не айтарыбызды билбей турабыз. “Газпром

Кыргызстан” ЖЧКнын генералдык  директорунун  кеңешчиси Арзымат  Алдаяровдо  маселе жок,  аны  жетекчилиги  жиберип,  “Арча-Бешикке”  газ  камсыздоо  системасын  куруп  салдык деп рапорт берип мактанган чыгар. Же “Арча-Бешикти” аралап көрүп, 5 эли чаңы чыккан жерди  басып  көрүптүрбү.  Албетте, көргөн жок. Көрсө да, ага баш ооруткусу келбеси бештен белгилүү.

Андан кызыгы, “Газпром Кыргызстан” менен аким Н.Тынаев уюштурган  “майрамга”  катышкан  арчабешиктиктердин газ  түтүктөрү  тартылган  соң, көчөлөрүнүн чаңы асманга сапырылып кала бергени таңгалдырат. Элдин шору да, бактысы өз колунда деген ушул. Болбосо, аталган  компанияга  карата  айтыла  турган  нааразылыктар  көп. Ошол  эле  жаратылыш  газына кошулуу маселесин алалы. “Газ-пром Кыргызстандын” сайтын-да  (http://kyrgyzstan.gazprom.ru)  компания  жаратылыш  газына кошулуу үчүн 2018-жылдын  1-январынан  2018-жылдын  31-декабрына  чейин акция  жүргүзүп  жатканы,  бул акцияга катышкандарга бир катар  кызмат  көрсөтүүлөр  бекер экени, жаңы жылдан баштап (Заказ эскизного чертежа/ проекта газификации – 618,24; согласование эскизного чертежа/проекта газификации – 556,64; Проведение врезки в газопровод 1790,88;  Пускона-ладочные работы – 995,68) төлөй турга-ны айтылат. Ал эми кайдан насыя ала-ры,  үстөгүнө  канча төлөрү ал башка маселе. 3961,44 сом газ чиймеси үчүн өтө көптүк кылбас бекен? Бул бир. Экин чиден, мындан карапайым шаардыктар кабары бар экенинен шегибиз бар. Ким эле “Газпром Кыргызстандын” сайтын тиктеп отуруптур дейсиң. Анысынан да бүгүнкү күндө аталган компания үйлөргө газ түтүгүнүн бир метрин 650-750 сомдон тартат экен деген сөз бар. Бул эмне дегенди билдирет? Бул эгер, үйдөн “Газпром Кыргызстандын” газ камсыздоо системасына чейинки аралык 30-40 метрди түзсө, 25-30 миң сом төлөйсүң деген сөз. Мүмкүн, бул сумма Бишкек ЖЭБи сыяктуу эл байлыгынан ичип-жегендер үчүн арзыбаган акча чыгар. А 5-8 миң сом айлык менен жашаган врач-тар, мугалимдер, китепканачылар, медайымдар, мамлекеттик кызматта иштегендер үчүн бир жылдык айлык маянасы эмеспи. Бул чындыгында ойлонто турган маселе. Бүгүн 100 миңге чакан, чыкчыйган үй салса болот. Же күн менен жылыта турган система сатып алса болот. Кыскасы, бүгүн конуштарда газ түтүктөрү тартылып жаткан менен, анда жашагандар көп нерседен кабарсыз, маалыматы жок. А акимдер конуш тургундарына “майрам” уюштуруп бергенине ыраазы.