Ш.Майчиев журналисттерге сын айтты

ЖМК боюнча даттанууларды кароо комиссиясынын төрагасы Шамарал Майчиев Кыргызстандын журналисттеринин ишмердүүлүгүнө бир гана чиновниктер эмес, пенсиядагы адамдар дагы даттана баштаганын билдирди.

Ш.Майчиевдин айтымында аталган комиссия 2007-жылы түзүлгөн жана анын чечими эч ким тарабынан талаш-тартыштарды туудурбашы керек. “Биз ЖМКларга сунуштарды беребиз. Көпчүлүк учурларда журналисттер төгүндөө макалаларын өз ара пайдалуу негизде жарыялап чыгышат. Журналисттер тең салмактуу луктун бир канча беренелерин бузушат. Жазып жаткан каарманына түз чыкпай, маалыматты таратып жиберишет”, — деди ал атайын өткөрүлгөн тегерек үстөлдө. Ш.Майчиев негизги кемчилик катары малыматты бир жактуу берүүлөрдү, фактыны жана ал боюнча ой жүгүртүүнү так ажы-ратып бербегендикти атады.

Ошол эле учурда “Адилет” укуктук клиника-сынын башчысы Чолпон Жакыпова журналисттерге асылгандардын доосу 1 млн. долларга чейин чаап кеткенин белгиледи. “Журналисттерди коргоо силердин милдетиңер. Биз катуу кысымга кабылдык. Бирок бардык соккулардан сабак алышыбыз керек”, — деди ал.