Гүлчө айыл аймагындагы мектепти сел каптады

Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл аймагында селдин калдыктары мектептин пайдубалына чейин жетти . Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гүлчө айыл аймагынын Жылуу-Суу айылындагы Аданбаев атындагы орто мектебинин айланасын кум, шагыл аралашкан сел калдыктары каптап калган. Ошондой эле Чаткы-Мазар участкасына өтүүчү ашар жолу менен курулган ички чарбалык көпүрөнү суу агызып кеткен. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Жергиликтүү бийлик тарабынан калыбына келтирүү иштерине атайын техниканын тартылуусу каралууда.

Маалыматка ылайык, мындан сырткары 3 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген жана Таң-Атар жайлоосуна баруучу ички чарбалык жолдун 150 метр аралыгын жараксыз абалга келтирген.