Транспорт жана жолдор министрлиги сынга кабылды

Жогорку Кеңештин депутаты С.Жураев Транспорт жана жолдор министрлигин эң эле коррупциялашкан мамлекеттик мекеме катары сынга алды.

Ал Эсептөө палатасына шилтеме жасап, бул министрлик 2017-жылы 351 млн. сомду максатсыз пайдаланганын айтып чыкты. “Бирок министр былк этпей эле отурат. Ушу кантип болсун! Бизде жол салуу башталды десе эле ызы-чуу башталат. Эгерде коррупция менен күрөшүүнү баштасак, анда ушул министрликтен баштайлы”, — деди ал. Мындан тышкары депутаттар министрликтин дарегине жол салган учурларда, жолдун жээгине тротуар сала кетүү зарылдыгын унутуп калып жатышкандыктары боюнча да сын айтышты.