Берген «ашты» жей албай…

Финансы министри А.Касымалиев өкмөт жыйынында 2019-жылы бир катар министрликтердин жана ведомстволордун бюджети 14 миллиард сомго, башкача айтканда сегиз жаңы долбоорду каржылоо кыскартыла тургандыгын айтты.

“Бул маселе боюнча министрликтер менен макулдашуулар жүрүп жатат, анткени көпчүлүк министрликтерде чоң көлөмдөгү бюджет каражаттары пайдаланылбай калып жатат. Негизинен, энергетика, транспорт, социалдык коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү жана таза суу менен камсыз кылуу тармактарында кыскартуулар болот”, — де-ди министр.

Айта  кетүүчү  нерсе  союз  ке-зинде бөлүнгөн бюджет каражатын өздөштүрө албагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган учурлар боло калчу эле. Биз бул жакта айрым министрликтерди, ведомстволорду “каражаты жетишпесе кантсин” деп аяп жүрсөк, көрсө бөлүнгөн каражатты пайдаланбай басып жаткандары да бар турбайбы.