Кара-Кужурда 37 млн. сомдук жумуштар аткарылды

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


Нарын районунун алыскы, шарты катаал Кара-Кужур айыл аймагында бир эле күнү төрт ачылышка, эки олуттуу курулуштун аяктап калгандыгына күбө болдук.

Таза сууну билбеген жеркөчкүлүктөр

Кара-Кужур айыл өкмөт башчысы  Курманбек  Аалиев айыл аймакта Лахол, Жер-Көчкү айылдары жана эки айылдын ортосунда Туура-Суу кыштагы бар экендигин, Лахол деңиз деңгээлинен 2700, Жер-Көчкү 2900 метр бийиктикте тургандыгын, ордо айыл Лахолдо 1200, Жер-Көчкүдө 890 жаран жана Туура-Сууда 30 түтүн эл тиричилик кылып жаткандыгын билдирди.  Мындан  Жер-Көчкү айылы айыл болгону таза суу келбептир.

– Жумуштун 75 пайызы бүттү. 10,7  миллион  сомду  тендерден утуп алганбыз. Анын 9,8 млн. со-му бөлүнгөн. Эгер дагы керектүү каражат берилсе, октябрь айынын ортосунда эл таза суулуу болот, – деди курулушту ишке ашырып жаткан “Нурстройсервис” жоопкерчи-лиги чектелген коомдун жетекчиси Төрөкул Жусаев.

Бирок айылдагы колунда жок 14 үй-бүлөнү жана 200 метр алыс аралыкта жайгашкан 5 үйгө дагы толук суу киргизиш үчүн кошумча 1013 метр жерди казуу керек экен.

Облус жетекчиси Аманбай Кайыпов бул маселени тиешелүү жактарга маалымдоо менен элди толук таза суу менен камсыздоо керектигин белгиледи.

Өрөөндөгү өзгөчө курулуш

Бул Айтбек Жумашев жасап жатыптыр. Ал Кара-Кужур өрөөнү  боюнча  мурда  болбогон күнөскананы салып бүтүп калыптыр.

– Өткөн жылы айыл банктан 650 миң сом насыя алгам. Таштарды 56 чакырым алыстыктагы Сары-Булактан алып келдим. Дубалдарды жылуулаганга жарым тонна жүн пайдаландым. Өзүм 400 миң сомдой акча чыгардым. Эми дагы 300 миң сомдой каражат керек болууда. Ошондо күнөскана толук бүтөт эле, – деди А.Жумашев.

Нарын районунун акими Семетей Черикбаев зарыл болгон акчаны таабууга көмөктөшөрүн убада кылды.

Томолой жетимдердин жаңы өргөөсү

Биз күбө болгон үчүнчү жагымдуу көрүнүш – томолой эки жетим балага салынып берилген эки бөлмөлүү турак үй болду. Баатырбек менен Кылымбектин ата-энеси удаа-удаа каза болуп калышкан экен. Эки бала эскилиги жетип кулап калуу абалга келген үйдө жашап келишкен. Район акими С.Черикбаев февраль айында жеркөчкүлүктөр менен алгачкы жолу баарлашууга келгенде эл эки баланын тагдырын маалымдашкан.

Аким ошондо ала жаздан баштап элден дагы демөөрчүлөр чыгып, айыл өкмөт, район жана башка жактардан көмөк берүү аркылуу чакан там салуу керектигин.

Ошентип айыл өкмөт бышкан кыш алып келсе, бир нече жаран пайдубалын  курушкан.  Балдар өздөрү да бирин-эки малын сатып 100 миң сом чыгарышкан. Аким демөөрчүлөрдөн каражат чогултуп 700 миңдин айланасындагы сомго үй бүткөрүлүптүр. Ырымдалып, кызыл тасма кесилип, ачылыш шаани жасалды.

Малдын дени сак болсо, адамдын дени сак

Айыл  аймактагы  Балта-Бейитте 1,5 миллион сомдук каражатка заманбап үлгүдөгү ветеринардык бейтепкана салынып бүтүп, бул жайдын дагы ачылышы болду. К.Аалиев айыл өкмөттөн 900 миң жана АРИС агенттигинен 400 миң сом жумшалгандыгын, ошону менен катар БУУнун дүйнөлүк азык түлүк программасынын алкагында жумушту аткарган жарандарга азык түрүндө эмгек акылар төлөнгөндүгүн билдирди. Натыйжада мал доктур олтуруучу атайын бөлмө,  ветеринардык  дарыкана,  малды  асылдандыруучу  жана купкалоочу жай курулган. Эми малды  эмдөө  жумуштары  дагы жасалмакчы.

Лахолдун үчилтиги

Лахол  айылынан  бир  дагы суу чорго көрө алган жокпуз. Көрсө бул айылдагы таза суу түтүктөрү жаңыртылып, суу топтоочу жай кайрадан оңдоодон толук өткөрүлүп, таза суу ар бир үйгө киргизилиптир.

–  Жумушту  былтыр  июнь айында  баштаганбыз.  Жалпысы 9336 метр жерге жаңы түтүктөр жаткырылды. Суу топтоочу жайдын көлөмү эки эсе чоңойтулду. Долбоорго ылайык суу ар бир үйгө киргизилди, – деди курулушту жүзөгө ашырган Ысык-Көл-Нарын облус-тар аралык өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү базасынын башкы ин-женери Эсентур Жумаев.

Ал эми айылдын ортосундагы мурунку мончонун имараты кайрадан жасалгаланып суткасына 750 литр сүттү иштетүүчү цехке айландырылган.

– БУУнун дүйнөлүк азык түлүк программасы аркылуу 15 миң долларга керектүү жабдыктар толук алынды.  Айыл  өкмөт  800  миң сом, район акими өнүктүрүү корунан 300 миң сом бөлүштү. Учурда ишти 4 адам баштадык. Азырынча күнүнө 50-60 литр сүттү кайра иштетүүдөбүз. Өзүңөр көргөндөй сыр, бал муздак, айран, быштак, каймак чыгаруудабыз, – деди долбоор жазып, сүт цехти иштете баштаган Жанара Үмөталиева.

Лахолдо үчүнчү ачылыш айылдагы Кылыч Ырысмендеев атындагы орто мектепте болду. Бул окуу жайдын эски имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

– Айыл өкмөтүнүн аракети менен стимгранттан 3,3 млн. сом бөлүнүп, жумуш эки айда бүткөрүлдү. Ашкана 30 орундан 80 орунга кеңейтилди, чатырчаланып, жылытуу системасы толук жаңыртылды. Класстар толук оңдолуп, бардык эшик-терезелер салынды, – деди мектеп директору Махабат Асанбек кызы.

Ачылыштарга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылында алыскы айыл аймакта айтаарлык жумуштар жасалып жаткандыгын белгилеп, айыл өкмөт башчысы К.Аалиевди жок жерден каражат тапкан иштерман жетекчи катары баалады.