Ысык-Көл облусунда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чаралар  башталды

 28-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук аянтында мектеп окуучулары арасында табигый жана техногендик кырсыктары тууралуу сүрөттөр  конкурсу болуп өттү. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, сүрөт конкурсунун максаты – мектеп окуучулардын кырсыктар, алардын келип чыгуу себептери, өзүн өзү алып жүрүү эрежелери, аларды алдын алуу иш-аракеттери тууралуу көз караштарын чагылдыруу болуп саналат.

Аталган иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөр табылып, белектер менен сыйланышты. Сүрөт конкурсу Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө  карата жарыялаганан бир айлыктын алкагында өткөрүлдү. Иш чарада салтанатттуу жөө жүрүш, атайын техникалардын көргөзмөсү, машыгуулар жана башкалар көрсөтүлөт. 

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун  “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” токтомунун негизинде Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарлардында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлүп жатат.