Төө буурчактан даяр азык жасаган завод керек!

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Таласта жыйырма жылга чукул убакыттан бери төө буурчак өстүрүп келет. Алгачкы жылдары ондогон, жүздөгөн гектарга өстүрүлсө, азыркы тапта өрөөндө 57 миң гектардай аянтка өстүрүлүп, жылына 100 миң тоннанын тегерегинде түшүм алынып, дүйнөнүн 32 өлкөсүнө экспорттолот.

Кыргызстанда бир да айыл-чарба продукциялары мынча өлкөгө экспортолбогону тууралуу расмий маалыматтар бар. Жай мезгилинде адамдарды акчага жалдап иштетүүнүн учуру болот. Баасы бир күнгө 500 сомдон кем эмес.

Күзүндө түшүм жыйноо мезгилинде бир адамдын бир күндүк эмгек акысы 800-1100 сомго чейин көтөрүлдү.  Өрөөндөгү  миңдеген адамдар төө буурчак талааларында кара жандарын карч уруп, тер төгүп  эмгектенишип,  өздөрүнүн үй-бүлөлүк тириликтерин бир топ чыңдап алышат.

Маселен  бир  гектар  аянтка 7-8  адам  жалдасаң,  7-8  миң  сом сарптайсың. Тамак-аш, автоунаа чыгымын кошкондо 10000-12000 сом сарптоого туура келет. Быйыл таластык дыйкандардын издемчилдери интернеттеги үлгүлөрдү көрүп, төө буурчакты жулуп, ирээттүү жүктөөчү техниканы ойлоп табышты. Эл арасындагы маалыматтар боюнча азыр өрөөндөгү райондордун ар биринде 3-4, айрым жерлерде 6-7ден техника иштетилүүдө. Эң негизгиси эмгек акысы жалданып иштеген адамдардыкына караганда өтө арзан, гектарына 3000 сом. Ошондо мурда фермерлер гектарына төө буурчакты жулууга чөнтөгүнөн кеминде 8-10 миң сом жумшашса, эми болгону 3 миң сом гана сарпташат. Таластын дыйкандары ушул прогресске жыйырма жылда араң жетишти.

Төө буурчактын баасынын туруктуу болбой, кескин көтөрүлүп, кайра чукул төмөндөшү дыйкандардын чоң көйгөйү. 2013-жылы төө буурчактын баасы эң жогорку деңгээлге жетип, килосу 120 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок баа төмөндөп, 2016-жылы 25-30 сомго чейин түшүп кеткен. Ал эми өткөн жылы 65 сомго көтөрүлүп, кийин 40 сомдун тегерегине токтогон. Азыр 40 сомдун тегереги болуп турган учур.

Канткен күндө да таластык дыйкандардын карманаары негизинен төө буурчак. Жыл сайын өрөөн эли жүз миллиондогон сом киреше таап, жашоолорун тыңдап жатышат. Бирок дээрлик дүйнөнүн 32 өлкөсүнө чийки сырье катары сатылып, дыйкандардын мээнети арзан бааланууда. Чет өлкөлөргө барган жердештер ал өлкөлөрдөн 400 граммдын тегерегиндеги консерваланган төө буурчак азыгы 3-4 евро экендигин айтып келишет. Демек Таласта төө буурчакты даяр азык кылып чыгарган заводду куруу мезгилдин талабы.

Таластын кулуну, айтылуу миллиардер Өмүрбек Бабановдун өзүнө да, байма-бай алмашкан Өкмөт башчыларына да жыйырма жылдан бери Таласка төө буурчакты кайра иштете турган заводду куруу зарылдыгын өрөөн эли өтүнүч кылып тилдери тешилди. Бирок майнап жок, өтүнүчтөр суу кечпеди.

Мындан  эки  ай  мурда   Түркиянын Кастамону шаарынан вице-мэр баш болгон түрктөрдүн делегациясы Таласка келгенде төө буурчакты, продукция кылып чыгара турган завод куруп берүүгө убада беришкен. Мен жолугушуу учурунда: — Жыйырма жылдан бери далай инвесторлор заводду курууга убада беришкен, бирок убадалар реалдуу ишке ашпай, ишеним жоголду. Сиздер ошол ишенимди жандандырып койсоңуздар, боордоштук чоң иш болоор эле – дегем.

Завод качан курулуп, таластык дыйкандар өз акыбеттерин чындап көрө баштайт, убакыт көрсөтөт. Мурда белгиленгендей учурда ооруканаларда бейтаптарга анча, мынча картөшкөсү бар, шылдыраган көк суу ысык тамак үчүн берилет. Аскерлердин тамак аштары деле союз учурундагыдай идеалдуу деп айтуу кыйын. Мектептердеги жүз миңдеген окуучулардын ысык тамагына кошуп, калориясы жогору, витаминге бай төө буурчак азыкта-рын берүүгө неге болбосун?

Медицина адистеринин аныктаган маалыматы боюнча ак түстөгү төө буурчак азыгы жүрөк кан тамыр,  кант  диабети  оорусуна,  ал эми кызыл чаар түстөгү буурчак өсүмдүгү богок оорусуна каршы дарылык касиети бар экендиги аныкталган.

Эгер Таласта 100 миң тонна төө буурчак өндүрүлсө, анын теңи эле Кыргызстандын чегинен чыкпай калмак. Азыркы убакта Бишкек эркин экономикалык аймагынан жасалып чыгарылган төө буурчактын консерваларын кээде пайдаланып, үй-бүлөбүз да эң сонун даамына тамшанып калчу болдук. Тилекке каршы, таластыктардан өтө саналуу гана адамдар андай мүмкүнчүлүккө ээ экен. Райондордун акимдери, облус жетекчилеринен сурасам, жогорку  технология  менен  жасалган даамы сонун андай азыктарды көрбөптүр.

Элдин  көбү  эле  сууга  бышырылган, же куурулган, даамы жетик эмес, үй-бүлө тиричилигинин деңгээлиндеги даярдалган азыктарды билишет. Демек, инвестор тартчу атка минерлер жогорку технология менен жасалган азыктардын даамын татып көрүшпөсө кайдан аракеттер болмок?

Сөздүн кыскасы инвесторлорду  тартуудагы  ыкшоолук,  тамак аш пайдалануудагы маданияттын, сабаттын жетишсиздиги, илимий негиздеги иштерге олуттуу маани берилбегени, салкын мамиле тоскоолдук жаратууда.