Театр изилдөөчү, Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: «Айтматовдун мааракеси өз деңгээлинде өтүүдө»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


–  Чыңгыз  Айтматовдун  90 жылдыгын өткөрүүгө тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жаткандыгы жөнүндө Жогорку Кеңеште кеп болду. Маданий чөйрөдө бул маараке кандай өтүп жатат?

– Кайсыл тармакта кандай деңгээлде өтүш керек экенин билбейм, бирок маданият  тармагында  90  жылдык  өз деңгээлинде өтүп жатат. Жыл башынан тартып окуу жайлардын баарында Айтматовдун чыгармалары, чыгармачылыгы боюнча илимий конференциялар, адабий-маданий иш-чаралар уюштурулуп келе жатат. Айталы, театрлардын баары Айтматовдун чыгармалары боюнча бирден, экиден спектакль коюп чыгышты. Ошондой эле коңшу Өзбекстанда, Түркияда маданий, адабий иш-чаралар өтүп жатат. Бул – биздин Айтматовдун улуулугуна, талантына таазим. Буга кубанышыбыз керек. Айтмакчы, Темирлан Сманбеков, Султан Раев, Жалил Мидинов республикалык, эл аралык фестивалдарга катышып, байгелүү жана башкы сыйлыктарды утуп алышты. Мындан сырткары, октябрдын башында Айтматов өзү баштап кеткен “Ысык-Көл форуму” өтүп, дүйнөлүк мыкты интеллектуалдар чогулат. Кино тармагында болсо, режиссер Артык Сүйүндүков Айтматовдун “Ак кемесинин” негизинде “Шам бала” аттуу кино тасма тартып, 10-октябрга чейин бүтүп калат деп турабыз. Мына эми октябрда Айтматовдун чыгармалары боюнча эл аралык театр фестивалы өткөнү турат. Туш-тушка чакыруулар кеткен, сунуштар келип жатат. Кайсы чыгармалар катышары 1-октябрга чейин сынактын жыйынтыгы менен белгилүү болуп калат. Чет өлкөдөн жыйырма чак-ты спектакль катышуусу мүмкүн.

– Фестивалга өзүңүз да катышасызбы?

– Тунгуч театрында Айтматовдун “Аскада калган аңчынын кошогу” чыгармасынын негизинде “Сур эчкинин каргышы” деген спектакль иштелип жатат. Либреттосун иштеп чыктым. Жаштар кызыккан рэп формасында, хореография менен коштолуп, жаңыча иштелип жатат. Дагы айтылбай калган иш-чаралар канча. Токсон жылдык десе эле дүңгүрөтүп той өткөрүүнүн кереги жок. Биз бул мааракени интеллектуалдык, чыгармачылык маанайда уюштуруп, ошол эле учурда Айтматовдун чыгармачылыгына болгон жаңыча көз карашыбызды көрсөтүшүбүз керек.

– “Чыңгыз менен Бүбүсайра” спектаклиңизди Чыңгыз Айтматов өзү кандай сезимде көрдү экен?

–  “Чыңгыз  менен  Бүбүсайраны” ал  окуган,  экөөбүз  бул  тууралуу  көп сүйлөштүк, бирок көрөм деп жүрүп эле, убакыт-сааты туура келбей, көрө албай калды. Жолуккан кездерде кызыгып: “Эл көрүп жатабы, кандай кабыл  алып  жатышат?”  –  деп  сурап калчу.