Кыргызстанда бир аптада 338 мас айдоочу кармалган

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 21нен 27-сентябрга чейин жол кыймылынын коопсуздугу тармагында 20 миң 482 бузуу аныкталган.

Анын ичинен:

— 1 миң 556 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан;

— 1 миң 692 айдоочу иштебеген жарык берүүчү шаймандар менен транспорт каражатын башкарган;

— 517 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен;

— Коопсуздук курун тагынбай бара жаткан 4 миң 832 айдоочу кармалган;

— Мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 338 айдоочу кармалган;

— Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3 миң 910 айдоочуга айып пул салынган;

— Терезелери караңгылатылган унаа башкарып бара жаткан 66 айдоочуга тиешелүү чара көрүлгөн;

— 2 миң 291 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарган;

— 1 миң 188 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.