Чолпон Орозбекова: «Мектепке деген 30 миллион доллар уурдалбаса экен»

–  Сиз  жетектеген  “Булан  институту” өлкөбүздөгү мектеп көйгөйүн терең изилдөөгө алып келет. Кыргызстандагы мектептердин сыйымдуулугу кандай экен, ошондон кепти баштасак?

– Азыр Кыргызстанда 1 миллион 200 миңден ашык окуучу бар. Ал эми республика боюнча мектептердин санынын сыйымдуулугу – 700 миң гана окуучуга ылайык талган. Ошондо элестетип көрүңүз, окуучулардын саны эки эсе көп болуп, бир орунга эки окуучу туура келүүдө. Айрыкча бул көйгөй Бишкек шаарында байкалат. Баланы мектепке киргизиш кыйын. Ошол үчүн мектеп директорлору кирүү акысын сурап жатышат. Бишкектеги мектептин көйгөйү эмнеде? Бишкектин четинде жаңы конуштар көп. 47 жаңы конуш бар болсо ошонун 20сында гана мектеп бар. Ар бир класста 40-45 окуучуга чейин болууда. Совет убагында курулган мектептердин эскилиги жетти. Мамлекеттин болсо аны курууга чамасы жетпей жатат. 1930-жылдары курулган мектептер бар. Эгемендик алгандан кийин Аскар Акаев дин учурунда ураалап эле акимдер ашар жолу менен мектеп кура берген. Эч кандай техникалык нормалар сакталган эмес. Ошол мектептердин бардыгы он жылдан кийин эле иштен чыгып жатат. Тез арада жаңы мектептерди куруу керек. Мисалы, бир нече жыл мурда эл аралык ЮНИСЕФ уюму иликтөө жүргүзүп, “2200дөн ашык мектептин 80 пайызы структуралык жактан кооптуу” деген жыйынтык чыгарган.

– Сиздердин институт буга чейин мектеп курулушунун динамикасы анан авариялык мектептер туурасында маалымат бергенсиңер. Бүгүнкү күндө аз болсо да мектептер салынып жатпайбы?

– Соңку беш жылда чынында мектеп курулушунун динамикасы бир аз жанданды. 2007-жылдан берки көрсөткүч боюнча 311 жаңы мектеп курулуптур. Алар тендер аркылуу курулат. Тендер бизде кандай өткөрүлөт? Ал жактагы коррупция баарыбызга эле маалым. Мектептерге бала кирип окуй электе, 1-сентябрга жетпей шыбы түшүп, полу чирип жатат. Бул эмне дегендик? Бул жакта сметаны эптеп түзүп туруп, каражат обу жок чоңойтулат, стандартка туура келбеген арзан курулуш материалдарын алышат. Мисалы, совет учурунда мектеп курулушу бүткөндөн кийин кабыл алыш үчүн 20 адамдан турган, атайын адистерден комиссия түзүлчү. Азыр мектеп директоруна эле кол койдуруп коет. Бардык жоопкерчилик ага үйүлүп калып жатат. Мына “Ала-Тоо” жаңы конушундагы мектептин окуясы эсиңизде болсо керек. Ал жакта дагы техникалык нормалар сакталган эмес, мектеп директоруна кол койдуруп өткөрүп салган. Суу астынан өтүп, ашканасы чирий баштаган. Аягында эле бардык жоопкерчилик мектеп директорунун моюнуна түшүп жатат. Булан институтунун позициясы кандай? Беш жыл он жыл мурдагы болобу, мектеп курулушундагы коррупция изилдениши керек. Тергөө жүрүш керек, ошол күнөөлүүлөр жазасын алыш керек. Антпесе бул нерсе токтобойт. Мына, Сауд Аравиядан 30 миллион доллар кредит алдык, бул кредит карыз акча, ошого 26 мектеп курулганы жатат.

Эгер ал мектептер дагы коррупция менен курулса, ал элдин моюнундагы карыз акча, ошол мектептеги балдардын келечеги кандай болот? Ушунун баары мамлекеттин көзөмөлүнө алынышы керек. Ошол эле учурда ашар жолу менен мектеп салууну токтотуп, мамлекеттик деңгээлде тыюу салынышы керек.

– Булан институту медреселердин абалы боюнча чоң баяндама жасап, коомчулукта чоң резонанс болду эле. Ошол медреселердеги абалды мыкты билген адам катары сиз айтсаңыз. Дегеле, медреселерге балдарымды берем деп жаткан ата-энелерге эмне кеңеш берет элеңиз?

– Диний билим алууга ар бир баланын укугу бар. Бирок, Конституцияда, мыйзамдарда “Ар бир бала 9-класс ка чейин мектепте билим алышы керек” деп жазылып турат. Демек 9-класска чейин баланы мектептен ажыратып, медресеге берип койгон туура эмес деп эсептейм. Ата-энеге мыйзам алдында администра-тивдик чара каралган, ата-эне жооп берет. Эгер сиз балаңызды медресеге бере турган болсоңуз, ошол медресенин окуу программасын караңыз, текшериңиз. Себеби, Муфтият тын алдында Аалымдар кеңеши бекиткен бирдиктүү окуу программасы бар. Медресе ошол окуу программаны окутпаса, демек ал мыйзамсыз, каттоосуз медресе. Ал медресеге балаңызды бербеңиз. Сиздин окуу программаны мен көрүшүм керек деш керек, ал программанын копиясын алып Муфтиятка чалып билүү керек. “Ушул медресеге баламды берет элем, ушундай программа менен окутат экен, силер бул медресени билесиңерби, каттоосу барбы” деп сурап, окуу программасын салыштырып көрүш керек. Экинчи маселе, мечиттердин алдындагы жертөлөсүндө эле медресе ачып алгандар бар экен. Мунун баары мыйзамсыз, каттоосу жок, ошолордон сак болуңуздар деп айтат элем. Биринчиден, медресенин каттоосу болуш керек, экинчиден Муфтияттын бирдиктүү окуу программасын окутуш керек.

– Бүгүнкү күндө 100гө жакын медресе бар экен. Силер жарыялаган баяндамаңарды окуп таң калдык эле. 18-кылымдагы медреселер азыркыга караганда окуу программасы жакшырааак болгондой таасир калтырат экен.

– Медреселер ал мезгилде диний мектеп катары ачылган, бирок ошол кезде жакшы бир агым пайда болгон. Джихад усул деп, медресени реформалайбыз деп светтик сабактарды, кадимки астрономия, алгебра сабактарын киргизип балдарга сабак бере башташкан. Биз баяндамада азыркы кырдаалды ошол учур менен салыштырганбыз. Ушул күндөрү медреселерде да кыргыз тили, тарых, математика ж.б. сабактарды да окутуу маселеси курч көтөрүлүп жатат. 2014-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргызстандагы диний окуу жайларды реформалоо боюнча концепция кабыл алынды. Ошол эми ишке ашышы керек деп күтүп жатабыз. Президент Сооронбай Жээнбеков ушул концепцияны калтырбай турмушка ашырат деген терең үмүтүм бар. Бул концепциянын маңызы эмнеде? Медреселердин окуу программасын жакшыртуу, светтик да сабактарды киргизүү, диний билим менен светтик билимди айкалыштыруу. Эгер бул сабактар кирсе абдан жакшы болот. Балдар эки билимди тең айкалыштырып алып кетишет.

– Булан ТВ теледолбоору жана анимациялык тасмаларды чыгаруу менен билим берүү маселелерин коомчулукка алып чыгып келатасыңар. Булан институтунун Женева шаарында иш алып барган Борбор Азия программасы тууралуу угуп жүрөбүз. Бул программанын максаттары тууралуу айтып берсеңиз.

– Борбор Азия чөлкөмүнө арналган, англис тилинде иш алып барган программа. Женевада ошол докторантура, магистратурада окуган жаштар менен иштешип жатабыз. Жакында эле биз “Борбор Азиядагы коопсуздук чакырыктары” деп аталган изилдөөбүздү жарыяладык. Анда ошол Борбор Азия чөлкөмүндөгү жалпы көйгөйлөрдү алып чыктык. Мисалы, суу талаш маселеси, климат алмашуу кандай таасир тийгизип жатат, адам укугунун акыбалы кандай, сөз эркиндиги кандай, өлкөлөрдү салыштырдык, Өзбекстандагы, Тажикстандагы, Кыргызстандагы акыбал кандай деп, анализдерди жарыяладык. Сентябрь айында Женевада презентациясы болгону турат.

Нурия КИЙИЗБАЕВА