9 жаштагы хоккейчини америкалык команда чакырды

Кыргызстандык 9 жаштагы хоккейчи Нуртемир Сулайманов Американын «Авиатор» командасына чакырылды. Бул тууралуу «Sport АКИpressке» спортчунун апасы Мээргүл Маматова билдирген.

Нуртемир Сулайманов «Алга Бишкек» клубунун тарбиялануучусу, ал 3 жашынан  тарта  хоккей ойноп келет. 7 жашында Россиянын СКА хоккей клубунда  ойноп,  ал эми  2017-жылы декабрь  айында «Алга  Бишкек» командасы АКШдагы  эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болуп,  алтын медаль  алып келген. Быйыл жайында Нуртемир миңдеген балдар барган «Нью-Йорк Рейнджерс» клубунун машыгууларына катышкан. Ал жерде америкалык «Авиатор» клубунун машыктыруучулары байкап, командага кабыл алышкан.

Нуртемир Сулайманов – Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун уулу.