Унутта калган Эшмамбет

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Эшмамбет Байсейит уулу кайталангыс таланты: оозунан куюлушкан жорго сөздөрү, уккан адамдын кулак курчун кандырган канаттуу ырлары, ойго ширелишкен балдай ширин уйкаштыктары, сөзүнүн курчтугу, таамайлыгы, ак-караны айрып тааныган акылы, эстүүлүгү, алсыз менен алдууга, ач менен токко, аттуу менен жөөчөнгө бирдей мамиле жасаган калыстыгы, карандай чындыкты калпып ырдаган акыйкатчылыгы менен эл оозуна алынып, 5-6 чакырым аралыкка шашпай угулган шаңшыган үнүнүн уккулуктуулугу, кооздугу, жагымдуулугу уккан адамды тамшанткан, акындар поэзиясынын алтын доорундагы алтын жаак, жез таңдай ырчыларыбыздын бири.

Залкар акындыгына жараша адамдык касиети да өзгөчө болгон: замандаштарынын арасында шилтенген кылычтай курчтугу, колундагы комузунан, оозунда бал тамган ырынан башка байлыгы болбосо да, кедейлигин кемтик эсептебеген өкүмдүгү, беттегенинен артка тартпаган өжөрдүгү, тилин кесип алам десе да акыйкатты бетке чаап айткан чынчылдыгы менен кадыр-баркка жеткен.

Тоо булбулу Токтогул: «Ат үстүнөн ырдоодо Эшмамбетке эч ырчы жетпейт» – деп, анын ырларын асмандын түбү тешилип калгансып төгүлгөн кара нөшөргө салыштырса, Жаңыбай ырчы: «Эшмамбет топто ырдаса, өтпөйт биздин кебибиз» деп Эшмамбеттин сөзүнүн күчүнө, таамайлыгына, акылынын дааналыгына, кара жаак ырчылыгына жогору баасын берген. Айтылуу Коргол ырчы да Эшмамбеттин тоо дайрасындай ташкыган талантына тан берип:

Буралган кара сакалы,
Букарга кеткен макалы.
Калтардай кара сакалы,
Кашкарга кеткен кабары.

…………………………………

Ат үстүндө ырдаса,
Ырчы даап баралбайт,
Сабап айткан санатын,
Сан ырчылар айталбайт.

……………………………….

Чөйчөктөй болчу көздөрү,
Чылк алтын эле сөздөрү,
Ырчынын тул карасы,
Кайран Эшмамбет өткөн дүйнөдөн!..

(Коргол. Ырлар, термелер, айтыштар, эскерүүлөр. (Түзгөндөр Оңдош Корголов, Омор Сооронов) – Б.: Адабият, 1993. – 41-бет.) – деп каңырыгы түтөп ырдаганы бекеринен эмес. Айтор Эшмамбеттин замандаштарынын кимде кимиси болбосун, акын тууралуу ак дилинен чыккан жылуу пикирлерин билдиришкен. Ал чындыгында эле он күн жол жүрсө да, жүрүшүнөн жазбаган, чайпалбаган, сөзүнөн чакап, же сөз таппай калбаган, ырдап баратып, мүдүрүлүп, жаза тайып кетпеген таасын ырчы болгон.

Акындар поэзиясынын тарыхынан белгилүү болгондой, Эшмамбет Байсейит уулунун чыгармачыл өмүрүн тоо булбулу Токтогулдун чыгармачылык жолунан бөлүп кароого мүмкүн эмес. Көрүнүктүү адабиятчыларыбыздын бири Сейитказы Байходжоев: «Эшмамбеттин көркөм мурасынын көрктүүсүн да, басымдуу бөлүгүн да улуу Токтогул менен айтыштары, алым-сабак ырлары  түзөт”  десе,  окумуштуу Ж.Таштемиров: «Ал Токтогул менен бирге ырдашып, кадимкидей тең өскөн курбу, бирге өскөн замандаш экендигин» (Таштемиров Ж. Токтогул жана акындык поэзия. – Ф., 1980. 125-бет.) айтат. Адабиятчы Абды Обозканов: “Токтогул менен Эшмамбет туурасындагы жазылган дээрлик бардык маалыматтарда экөө ага-инидей жүргөн курбалдаш акындар эле деп берилет” (Обозканов А. Кыргыз адабиятынын тарыхы. 5-том. Б., 2012. 396-418-беттер.) деп өзүнөн улуу муундагы окумуштуулардын айткандарын бекемдеп да, толуктап да кеткен.

Арийне, минтип Эшмамбет менен Токтогулдун чыгармачылыгы эриш-аркак экени ар дайым айтыла келген менен, эмнегедир адабиятчылар жана да Токтогул изилдөөчүлөр тарабынан Эшмамбеттин өмүрү жана чыгармачылык жолу ар тараптуу иликтөөгө алынган эмес жана айрым бир так эместиктерге жол берилген.

Бул өз учурунда такталбай, көп  маани  берилбей  кала берген так эместиктер орчундуу чоң катачылык же атайылап жасалган жаңылыштык болбосо да, чийки май жеп алгандай, көңүлдү кылгыртып, акындын чыгармачылыгы тууралуу сөз кылууда, анын акындык деңгээлине, адамдык  парасатына  баа берүүдө, түшүндүрүүдө жана акынды түшүнүүдө айрым бир чаташууларга алып келери шексиз экенин белгилеп койгонубуз оң.

Алсак,  Эшмамбеттин  өмүрү-чыгармачылыгы  тууралуу  алгачкылардан болуп кеңири сөз кылып, акындын 1988-жылы жарык көргөн жападан жалгыз жыйнагына баш сөз жазган адабиятчы Сейитказы Байходжоев (Байходжоев С. Китепте: Эшмамбет, 1988-ж. Фрунзе) Эшмамбет Байсейит уулу 1870-жылы азыркы Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылында туулганы, атасы ар кимге жалданып, үй-бүлөсүн баккан жарды адам болгону, чоң атасы Ардан баштап Копажы өңдүү байлардын суусу менен кирип, оту менен чыгып тиричилигин өткөргөнү, Эшмамбет да боорун жерден алгандан баштап, Копажынын коюн кайтарып, отунун алып жанын бакканы, он бир жылы анда малай жүргөнү, бай колунда жүрүп көп запкыларды, ызаларды көргөнү, акыры Копажынын кандуу таягына, уулуу сөзүнө, адамгерчиликсиз мамилелерине чыдай албай, 1887-жылдары, 17 жашында  Кетмен-Төбөгө  эл-жерин таштап  качып  кеткени,  Кетмен-Төбөнүн Камыш-Булак деген жеринде Чоңко элинин ичинде туруп калганы тууралуу маалымат берет.

«Эшмамбет  акындын  туулган  жылы  жөнүндө  так  маалымат жок. Жыйноочулар Т.Жолоев, К.Бектенов,  А.Мундузбаев,  Коргоол ырчы ж.б. акындын туулган жылын түрдүүчө айтышат. Азыр айрым фактыларга таянып, биз ушул жылды алдык» (Байходжоев С. Китепте: Эшмамбет, 1988-ж. Фрунзе) деп эскертет. Демек, Эшмамбеттин туулган жылы тууралуу маалымат так эместигин жана тактоо зарылдыгын танбайт, ошол эле учурда так эмес маалыматты тактоону зарылдык катары эсептебей, көз жаздымда калтырат.

Ырас,  Эшмамбеттин  өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу алгачкылар-дан  болуп  кеңири  сөз  кылган  адабиятчы болгон соң, С.Байходжоев бул маселеге кайдыгер мамиле жасабай, тактоо берип кетсе болмок экен, себеби адабиятчы “так маалымат жоктугу” тууралуу эскерткен менен, бул маа лымат айрым адабиятчыларыбыз та-рабынан С.Байходжоевге шилтеме берилүү менен колдонулганы өкүнүч жаратпай койбойт. Эшмамбеттин өмүрү-чыгармачылыгы туу ралуу изилдеген адабиятчыларыбыздын бири, филология илимдеринин доктору Садык Алахан өз иликтөөлөрүндөгү Эшмам-беттин качан, кайда туулганы, балалыгы кандай өткөнү тууралуу маалыматта адабиятчы С.Байходжоевдин  маалыматына  жана  ак таңдай акындын өзүнүн балалыгы тууралуу ырларына таянган (Садык Алахан. Унутул-ган адабият. – Б.: «Бийиктик», 2006-жыл. 185-213-беттер.).

Ошентип, алтын жаак, жез таңдай акындын өмүрү жана чыгармачылыгына байланышкан бүдөмүк, жоопсуз суроолор кала берген. Ал суроолорго алгачкылардан болуп, жооп издегендердин бири – адабиятчы Абды Обозканов. Ал акындын “өмүр жолу дыкаттык менен тактоону талап кыларын” айта келип, “Токтогул менен Эшмамбет туурасындагы жазылган дээрлик бардык маалыматтарда экөө ага-инидей жүргөн курбалдаш акындар эле деп берилет. Акындар чыгар-мачылыгы боюнча маалыматтарды жакшы билген адис окумуштуу Ж.Таштемиров: «Ал Токтогул менен бирге ырдашып, кадимкидей тең өскөн курбу, бирге өскөн замандаш экендигин жазат” (Обозканов А. Кыргыз адабия-тынын тарыхы. 5-том. Б., 2012. 396-418-бет-тер.) деп баса белгилөө менен, Эшмамбеттин Токтогулдан болгону эки жаш кичүү экендигине акындын Токтогулга карата «Улуу элең эки жаш, убадаңды так кылам» (Эшмамбет. – Ф., 1988. 135-бет.) деп ырдаган эки сап ырын негиз кылып алат. Ошентип, А. Обозкановдун далилдөөсү боюнча, Эшмамбет 1866-жылы туулган болуп калат. Адабиятчылар С.Байходжоев менен Садык Алахан-дын маалыматтары менен эмне үчүн макул эместигин так айтпайт.

Адабиятчы муну менен эле токтолуп калбай, «ырчынын өлгөн жылы дагы талаштуу» экенин белгилей келип, 1900-жылы туулган, коммунист, Токтогулдун замандашы Малгараев Эсенгулдун: «Эшмамбетти 1928-жылы март айы ченде ырдаттым. Көңүлү сүйгөн жерге нөшөр төгүп, кыян каптагандай ырдайт эле. Үнү да бийик, укканды уютуп салчу. Чоңкодогу Кадыралы байдын Кара дегенинин кызын алган. Ал 1929-жылы жай башына чейин төшөккө жатып калат. «Ак ичсе оңолуп кетээр» – дешип кайындары Чечекти жайлоосуна көчүрүп алышат. Ошондон көп өтпөй, Кап-кадан Эшмамбет каза болот» (Абдиев Т. Зал-карлар, замандаштар, чоңколор. – Ф., 1999.) деген эскерүүсүнө, ырчынын жыйнагындагы «Кадимкидей боло албай, картайып калган убагым» деген өксүктүү саптарга, Эшмамбет жашаган доордо адамдар «карылык» туурасында алтымыш жаштан өткөндөн кийин гана сөз кыла баштаганына” таянып, “Эшмамбет Байсейит уулу 1866-жылы Талас өрөөнүнүн Кырк-Казык деген жеринде туулуп, 1929-жылы Капка деген жерде 63 жашында көз жумган” деген өз тастыктамасын берген. Ал өз оюн бекемдөөдө “Токтогулдун өлгөнүнүн 55 жыл-дыгына карата Жазуу чулар Союзунун атынан Токтогул, Эшмамбет көп жүргөн Кетмен-Төбө, Аксы, Талас, Жалал-Абад аймагына атайы ба-рып келген Тууганбай Абдиевдин 1988-жылы жазып келгендерине” да таянган жана бул маалыматтар адабият тарыхына А.Обозкановдун тастыктоосу менен кирип калды. Дегенибиз кыргыз адабиятынын тарыхындагы (Кыргыз адабиятынын тарыхы. 5-том. Б., 2012. 396-418-беттер.) жана кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралындагы Эшмамбет Байсейит уулу тууралуу адабий портрет адабиятчы Абды Обозкановдун калемине таандык.

Ошентип, бүгүн Эшмамбеттин туулган жана өлгөн жылдары тууралуу эки башка маалымат бар жана адабиятчылардын кимиси туура деген суроо жаралат. Адабиятчылар С.Байходжоев менен Садык Алахандын берген маалыматтары чындыкка жакынбы же А.Обозкановдун берген маалыматы туурабы? Мында дароо эле айтып койчу жагдай, С.Байходжоев: “Эшмамбет акындын туулган жылы жөнүндө так маалымат жок. Жыйноочулар Т. Жолоев, К. Бектенов, А. Мундузбаев, Коргол ырчы ж.б. акындын туулган жылын түрдүүчө айтышат. Азыр айрым фактыларга таянып, биз ушул жылды алдык» деп эскертсе, адабиятчы А.Обозканов Эшмамбеттин туулган жылы тууралуу өз божомолун айтууда акындын өзүнүн Токтогулдан эки жашка кичүүлүгүн билдирген ыр саптарына жана Токтогул 1864-жылы туулган деген адабият тарыхындагы маалыматка таянат. Андай болгондо, Эшмамбеттин туулган жылы тууралуу маалымат дагы да талаштуу бойдон кала берет. Себеби, Эшмамбеттин эки жаш улуу курбалдашы Токтогулдун  өзүнүн  туулган  жылы  тууралуу маалымат ушул азырга чейин талаштуу бойдон келатат.

Токтогулдун  өмүрү  жана  чыгармачылык жолун изилдөө ишин алгачкылардан болуп колго алып, бул ишке өмүрүнүн 4 жылын арнаган Ж.Бөкөнбаев: «1860-жылдын күзүндө Сатылгандын кара алачыгы куба-нычка толду. Бурма эркек төрөдү. Сатылган колундагысын аябай бешик той берди да, «Балдарым токтобой жүрчү эле, бул уу-лумдун атын Токтогул койдум»,– деп, жаңы төрөлгөн баласынын атын Токтогул койду» (Бөкөнбаев Ж. Токтогулдун өмүрү / китепте Ж.Бөкөнбаев. 2 томдук. 2-т. [Текст] / Ж.Бөкөнбаев. – Ф.: 1954. – 209-б.) деп жазганы адабият тарыхынан белгилүү. Атүгүл адабиятчы А.Муратов жазгандай, “Жоомарт «өкмөттүн адамы» болуп күркүрөп турганда, 1940-жылы, акындын 80 жылдык юбилейи өткөрүлгөн”.

Анда Токтогулдун 1864-жылы туулган-дыгы тууралуу маалымат качан жана эмнеден улам келип чыкты жана анын авторлору кимдер? Буга адабиятчы А.Муратов мындайча жооп берет: “Тарыхчы А.Чукубаев 1958-жылы жазган эмгегинде архивдик документтердин негизинде анын туулган жылы 1864-жылдын күз айы экендиги далилденди деп айтат жана ал бул кишинин туулган жылы үч түрдүү 1859, 1860, 1864-жылдар айтылып келгендигин белгилейт (Чукубаев А.А. Токтогул. Эпоха, жизнь и творчество [Текст] / А.Чукубаев. – Ф.: Киргосиздат. – 1958. – 34 с.). Бирок кайсыл архивдик документтер экендигин ачык айтып, кашкайта тастыктабайт. Деги ошол учурда архив бар болду бекен?

1949-жылы 25-ноябрда Т.Сатылгановдун 85 жылдыгы тойлонот. Архивдик документтер деп, менимче, абакка кесилгендеги акын өзү айтып берген маалымат боюнчабы, же сурак кылгандар жөн гана жазып койгонбу, айтор, 1864-жылдын 25-ноябры деген датаны карманып жаткансыйт. Бул так болбой калышы дале ыктымал экендигин тарыхчы айта кетпептир.

Акын  өзү  «Кыйындык  түштү  башыма» деген 1898-жылы айдалып бара жаткандагы ырында «Отуз төрт жашта оюлдум» деп атат, ага караганда туулган жылы 1864-жыл.

(Уландысы бар)

Унутта калган Эшмамбет: 1 комментарий

Комментарии запрещены.