2-октябрга карата аба ырайы

2-октябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана тоолуу аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,

Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25,

Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,

Бишкекте жаан-чачын кутүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус болот.