Македониядан – 2 коло медаль

Сентябрдын акыркы күндөрүндө Македониянын Скопье шаарында өткөн ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта Мелис Турганбаев жана Чынарбек Изабеков коло байгеге ээ болушту.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин мурунку жетекчиси М.Турганбаев 56-60 жаштагы спортчулар арасында 78 кг. чейинки салмакта күч сынашты. Ал чейрек финалда россиялык Владислав Егоровдун үстүнөн таза жеңишке жетишкен. Ал эми финалга чыгуу үчүн франциялык Герард Россо Санторо менен күч сынашып, 0:6 эсебинде утулду. Үчүнчү орун үчүн беттешүүдө украиналык Сослан Адырхаевди 4:0 эсебинде жеңип коло медалга ээ болду.

М.Турганбаев  2016-жылы  ардагерлер  арасындагы  Польшада  өткөн дүйнөлүк чемпионатта дагы 3-орунду ээлеген болчу.

Буга чейин дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон Ч.Изабеков 46-50 жаш курагындагы 100 кг. чейинки салмак боюнча күч сынашты.

Чейрек  финалга  чыккан  ал  да атаандашы болгариялык Стефан Иванов Георгиевди 2:1 эсебинде жеңген болчу. Ал эми финалга жолдомо берүүчү беттеште россиялык Виталий Перфилиевке 2:3 эсебинде жеңишти алдырып жиберди. Келерки беттешүүдө африкалык Петер Фредерик Ду Перезге кез келип, аны 4:0 эсебинде утуп алды. Ошентип Ч.Изабеков да коло байгелүү болду.

Чынарбек  Изабеков  буга  чейин 2015-жылдагы  жана  2016-жылдагы дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль тагынса, 2017-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттан күмүш медаль алып келген.

А.ЭСЕНОВ