Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

Кытай мамлекетиндеги «Күрүч майрамына» байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 27-майынан 30-майына чейин кошумча убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Адамдарды, унаа каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 31-майдан баштап жанданат.