Алп манасчынын мааракеси белгиленди

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун «асманга учуп топурак, адам кайнап топурап» деген саптары бар. Анын сыңарындай, 29-сентябрда улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракеси расмий белгиленген Кочкор районунун Ормонхан айылына келген элдин көптүгүнөн жер майышып турду. Бийик жерге салынган, алда кайдан көрүнгөн Сагымбай Орозбак уулунун төбөсүнөн күн чагылган күмбөзүнүн айланасына, кылым кыргыздын салтына ылайык кыркалай боз үйлөр тигилип, келген эл эзелкидей тоо таяна отура калышып, ат чабыш, кунан жарыш, жорго салыш баштаган түрдүү оюндарга көз салып турушту.

Сагымбайдын бир сөзү – бир аттык

Сагымбай Орозбак уулунун 150  жылдыгы  маданият-тарыхыбыздагы өтө чоң расмий иш-чаралардын бири. Ага жараша Сагымбай тууралуу буга чейин көп эле илимий эмгектер, макалалар жазылып, өзүнүн «Манасы» чыкты. Сагымбайдын варианты өз алдынча жарыяланганда баш редактору болгон жана баш сөзүн жазган Чыңгыз Айтматов «Манас – кыргыз маданиятынын туу чокусу» деп бааласа, кезегинде классик акыныбыз Алыкул Осмонов төмөнкүдөй нар көтөргүс сөздөрүн жазган экен: «Мен түздөн-түз муну айтар элем, эгер ушунун ичинде кокус Сагымбай Орозбаковдуку болбосо (сөз Сагымбайдын варианты жөнүндө болуп жатат… ред.), анда калгандары биздин “Манас» эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра албас эле. Сагымбайдын сөздөрү башкалардыкынан бөлүнүп турат. Сагымбайды окуп туруп, башкаларыныкына келгенде төрт катар үйдөн бир катар үйгө түшкөндөй ылдыйлай түшөсүң. Биздин кыргыз акындары айткандай: «Сагымбайдын бир сөзү – бир аттык».

М.АБЫЛГАЗИЕВ: «Биздин өлкөнүн тарыхы – бул «Манас» эпосу»

Мааракеге  катышкан Премьер-министр Мухам-медкалый Абылгазиев өз сөзүндө «Улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун өмүрү жана чыгармачылыгы – өз мезгилинин алптарынын арасында жаркырап жанып турган жылдыз», – деп баса белгилеп кетти.

Ал Президент С.Жээнбековдун атынан келгендердин баарын чын дилден бул маанилүү күн менен куттуктады.

«Тарыхты улуу адамдар жаратат, ал эми биздин өлкөнүн тарыхы – бул «Манас» эпосу. Сан миң сапты боюна батырган манасчылар улуттун өзөгүн кармап турат. Дал ошолор гана ата-бабалардын миң жылдык тарыхын, толук жашоо образын, өсүп-өркүндөөлөрүн, улуу жеңиштерин сактап келишкен. Манасчылардын аркасынан кыргыз элинин жашоосунун руханий байлыгы «Манас» эпосу азыркы цивилизациялуу адамзаттын эң бир баа-луу, кереметтүү мурасына айланып отурат. Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана изилдөө, биздин элибиздин руханий кайра жаралышына, андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү, ата-бабалардын мурасы-на аяр мамиле кылуу, муундардын жолун улантуучулукту, улуттук жа-на тарыхый каада-салттарды сактоо – бул биз баарыбыз умтулуу-чу негизги милдеттерден», – деди Өкмөт башчы.

Дөөлөт манасчы баш байгени алды

Кезеги  менен  ойнолгон улуттук оюндар, театралдык көрсөтүүлөр, манасчылардын күпүлдөп  манас  айтышы,  төкмө акындардын куттуктоосу элдин кол чабуулары менен коштолуп турду. Айрыкча отуз манасчыдан өтүп финалга чыга келишкен төрт манасчынын ичинен Дөөлөт Сыдыков манас айтуунун эң мыкты үлгүсүн көрсөттү.

Мени  толкундаткан  баарынан мурда ушул болду. Сагымбай жөнүндө сөз болгондо сөзсүз манас айтуу өнөрү жөнүндө ойго алдырасың. Эми мындай манасчы чыгабы дейсиң. Сагымбайдай улуу манасчы, албетте, кайталанышы кыйын. Ал ушунусу менен улуу. Бирок, кыргыз элинин уучу эч качан кур болуп көргөн эмес. Түмөндүн  ичинен  бирөөнө буйруган, манасчылык өнөрү жалгаган  жаштарыбыз  бар. Алардын бири ушул Дөөлөт Сыдыков. Бул жигиттин манасчылык өнөрүнө көп жылдан бери көз салып келем. Өзү Балык манасчыдан бетер кең көөдөн, адамгерчилиги андан жарашкан жигит. Кардыкпаган үн менен айтыш үчүн мына ушундай көөдөн керек. Анан манастагы сюжеттен чыкпай, салттуу саптардан, алп сөздөрдөн келтирип, манас ты эркин айтканга аракет кылып келет. Аракети текке кеткен жок. Бүгүнкү күндө республикабыздагы чыгаан манасчылардын бири болуп калды. Ошондой эле Сагымбай манасчынын өмүр-таржымалы тууралуу көптөгөн теле берүүлөрдүн автору. Неси болсо да Сагымбайдын арбагы колдодубу, ал биринчи орунга чыгып, баш байгеге коюлган 300 миң сомду эңип кетти. Экинчи орунду дагы бир таасын манасчыбыз Улан Исмаилов (150 миң сом) алды. Сыйлыктарды Премьер-министр М.Абылгазиев өзү тапшырды.