Эсептөө палатасы 11 млрд. 976 млн. сом сарамжалдуу пайдаланылбаганын аныктады

Өткөн жылды текшерүү жыйынтыгында 11 млрд. 976 млн. сом көлөмүндө бюджеттик резервдер, жоготуулар, сарамжалуу пайдаланылбаган каражат аныкталган.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди. «Анын ичинде бюджеттик жоготуулар менен бюджеттик резервдер 9,5 млрд. сомду түздү. Өкмөт мындай абалга көңүл бурушу зарыл», — деди төрага.