Башкы прокуратуранын ордуна гүл бакча

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев социалдык түйүндөгү баракчасына 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптын тушунда өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна шаардыктардын эс алуусу үчүн гүл бакча курула турганын, бул жашыл аянтча 2019-жылдын аягына чейин курулуп бүтө турганын билдирди.

Аппарат жетекчисинин айтымында, архитекторлор арасында гүл бакча долбоору боюнча сынак жарыяланат.