«АТА, МЕНДЕН ПРЕЗИДЕНТ ЧЫГЫШЫН КҮТҮП ЖАТАСЫҢБЫ?!»

Үйдүн кенжесимин. Азыр отуруп ушунун баарын жазар алдында атам мени кичинемде эркелетти беле деп эстегенге аракет кылдым. Эркелетпептир. Же мен эстей албай койдумбу билбейм. Атамдын мас болуп, үйдү үч көтөрүп, ач айкырык салып баарыбызды кубалап жүргөнү гана эсимде экен. Апам балапандарын коруган тооктой болчу. А атам кулаалы эле… Мунун баарын көз алдыма келтирүү мага оор. Азыр өзүм балалуу болуп туруп, «кантип баласына ушундай мамиле кылган?» деп атама түшүнбөй кетем. Эсимде, мен анда 5 же 6 жашта болсом керек. Улуу агам менен дарыяга балыкка барып келсек, атам ашканада мас болуп алып кыялын көрсөтүп жаткан экен. Апам байкуш күйпөлөктөп «и-ий, уруш эле чыгып кетпесе экен» деп, анын айтканын аткарып мас атамдын көңүлү менен болуп жүрүптүр. Апам дайыма ушинтчү. – Арген, бар атаңдын жанына отурчу? Сен кичинекейи эмессиңби. Сени жакшы көрөт. Жанында сен болсоң, сага алаксып ачуусу таркап калар… – Жок! Мен корком,- атам мас кезинде чындап эле коркчумун. Бирок апамдын көңүлүн кыя албадым. Анын үстүнө «чын эле мени жакшы көрүп кетип, уруш чыгарбай коёттур» деген ойго жетеленип кирип бардым. – Ок, энеңди… Кайда жүрдүң?- деп кызарган көздөрү менен тик карап атам опурулду. – Нурлан акем экөөбүз балыкка барып келдик. – Үйдүн оокатын кыйратып койдуңарбы? Балыкчы болуп кетишет…- арак куюлган стаканы менен мени коюп жиберди. Көзүм жарк эте түштү. Маңдайым ысый түшүп эле, кан кетти. 6 жаштагы чыт курсак, 2 балык кармаганына маашырланып, чечекейи чеч болуп күлкүдөн уурту жыйылбай турган өз баласынын ким башын жара чаба алат? Айткылачы?! Атам мен 8-класс болуп калганда арагын таштады. Үйүбүз тынчый түштү. Бирок баары бир катаал. Бир ишти туура эмес жасап салсаң, сөз менен да, камчы менен да жетер жериңе жеткирип коёт. Анан атамдын жакшы көргөн сөзү бар. «Мен силердей кезде» эле дей берет. Кандай тың болгонун, бир короо койду алып жайлата жалгыз бакканын айтат. Муну менен токтоп калбай, «баланчанын баласы кара биттин ичегисине суу куят, сенчи, мурдуңду тарта албай жүрөсүң…» деп намысыңа тиет. Атам айткандай, мен ошо мурдумду тарта албаган бойдон эле жүрөм. Албетте, Кудайга шүгүр деш керек. Үй-бүлөм бар, балалуумун. Бирок кээде акча тартыш болуп, жумуш таппай кыйналып калам. Жакында эле атам менен апам Бишкекке келип меникинде (мен батирде турам) жүрүп кетишти. – 30га чыгып үйү жок жүрөт темселеп. Колуңдан эч нерсе келбейт экен!- деп күнүнө 3 маал каарыйт. Көңүл бурбаган болом. «Ооба деп кой. Башың аман болсо баары болот» деп апам мени жубатат. Эмне демек элем? Атам да. Ал карыганда аны менен жакалашып урушсам шермендем чыкканы жатпайбы. Бирок бир жарылып: «Эй, ата, сен менин келечегимди түзүп берип койгонсуп сүйлөбө! Кана айтчы? Мени жакшы оку дедиң беле? Окуу жайга өткөрүп, студент кылдың беле? Мен ким элем сага? Малчың болчумун, оокатыңды кылган кул элем. Же баладай кылып эркелеттиңби? Балким мен сенин шыкагыңа, демиңе, колдооңо зар болгондурмун. «Ай, азамат, менин балам кыйын да» деп койсоң төбөм көккө жетип, ишенимим артып башкача болот белем? «Колуңдан бок келбейт. Мурдуңду тарта албай жүрөсүң. Кеңкелес!» деп каарып жүрүп, эми менден президент чыгышын күтүп жатасыңбы? Балким, сенин токмогуңдан, каарыңдан мен өзүмө ишенбеген, өз таламымды талаша албаган, тартынчаак, коркок болуп калгандырмын. Жок, ай, мен муну жасай албайм го деп кетенчиктеген мококтугум ошондон болуп жүрбөсүн?! Негизи, мен Кудайга шүгүр жашап жатам. Эртели-кеч мас болуп, арак менен достошконум жок. Үйдө төргө отуруп алып бурулдатып тамеки тартпайм. Баламды сабабайм. Анын укмуш экендигин, акылдуу экендигин, аракет кылса баарына жетерин азыртадан кулагына куюп жатам. А сен мендей кезде эмне кылдың эле?»- деп кыйкырып алгым келди. Анткен жокмун. Атам да. Ага кыйкыра албайм. Балким, ал мунун баарын гезиттен окуганы жакшыдыр. Кандай болгон күндө да мен мунун баарын айтышым керек болчу. Айттым!

Арген

Булак:super.kg