Ата Мекендик өндүрүш өйдөлөөдө

Өкмөт кант тармагындагы бааны көзөмөлгө алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн аптанын аягында Чүй облусуна барган жумушчу сапарынын ал-кагында Сокулук районундагы «Кошой» кант заводуна барды.

Узак убакытка токтоп турган «Кошой» кант заводу модернизацияланып, өткөн жы-лы ишке киргизилип, ошентип 800гө жакын адамды жумуш орду менен камсыздаган. Буга чейин Чүй облусунда жалгыз кант заводу болгон «Кайыңды­Кант» жүктөмдү аткара албай, өстүрүлгөн кызылчаны дыйкандардан сатып ала албай калган. Эми «Кошой» заводу иштеп жатканы Кыргыз Республикасы өзүн кумшекер менен толук камсыз-дай алуусуна жетишүүнү шарттады. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу – суткасына 3 миң тонна, ал эми жылына 400 миң тоннага чейин кызылчаны кайра иштетип, 50 миң тонна кумшекер өндүрө алат. Ошондой эле завод жылына 120 миң тоннага чейин толук иште-тилбеген кумшекерди чыгара алат.

Өкмөт  башчы  заводдун  өндүрүштүк аянтчаларын көрүп чыкты жана андан аркы кайра иштетүү үчүн сырьену кабыл алуу процесси менен таанышты.М. Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт атамекендик кайра иштетүүчүлөргө колдоо көрсөтөт, бирок алар да өз кезегинде дыйкандар өстүргөн продукцияны пайдалуу баада сатуусу жана ошондой эле күтүлгөн киреше алуусу үчүн кам көрүүгө тийиш.

– Түшүм жыйноо мезгилинде кызылчанын баасын таптакыр арзандатууга болбойт. Өкмөт эле эмес, кайра өндүрүүчүлөр катары силер дагы сырье жана иш менен камсыз кылып жаткан биздин фермерлер жана дыйкандар тууралуу ойлоого тийишсиздер. Быйыл Өкмөт бардык баскычтарда сырье менен акыркы товарга негиздүү жана акыйкат баа болушу үчүн кант тармагында бааны түзүү маселесин көзөмөлгө алат – деди М. Абылгазиев.

Кен иштетүү өлкө экономикасы үчүн зор мааниге ээ

Премьер-министр Кара-Балта шаа-рындагы «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» (КТКК) ачык акционердик коо-мунун өндүрүштүк ишмер дүүлүгү ме-нен таанышты.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, учурда комбинатты тиешелүү жабдуулар менен толук жабдуу жана уранды башка элементтерден бөлүү боюнча өндүрүштүк линияларды орнотуу боюнча кеңири иштер аткарылды. Азыркы тапта өндүрүштүк чынжырча ишке киргизүүгө даярдалган жана жакын-кы мезгилде Кызыл­Омпул кенинен сырье иштетүүнү баштоо пландалууда.

Премьер­министр белгилегендей, Өкмөт «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында атамекендик өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган чараларды кабыл алууда жана атамекендик сырьену пайдаланууга басым жасаган ишканаларга өзгөчө көңүл бурат. Өлкөнүн тоо кен өндүрүү тармагын өнүктүрүү маанилүү социалдык маселелерди чечүүнү, жумуш орундар-ды түзүүнү жана экономиканы өнүктүрүүнү шарттайт.

– Акыркы жылдары комбинат минералдык­сырьелук базанын жоктугунан токтоп турган жана Өкмөттүн натыйжалуу чечимде-рине жараша ишкана өздүк сырьенун неги-зинде уранды байытуу жана өлкө аймагында өндүрүлгөн уран бар концентратты кай-ра иштетүү боюнча цехти ишке киргизүүдө, – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Өкмөт башчы комбинатка караштуу Борбордук илимий­изилдөө лабораториясына барды, мында изилдөөлөрдү жүргүзүү сунушталды.

Андан соң Өкмөт башчы «Кыргызалтын» ААКтын «Аффинаждык заводу» менен таанышты, мында Доре эритмеси түрүндө алтын кен сырьесу кайра иштетилет.

Премьер­министрге маалымдалгандай, аффинаждык заводдун негизги продукциясы стандарттык жана ченемдик куйма түрүндөгү 99,99% аффинаждалган алтын жана «Good Delivery» стандартынын куйма түрүндөгү 99,99% күмүш болуп саналат.

Ишкананын негизги баштапкы сырьесу – Кумтөр алтын чыгаруучу фабрикасынын Доре эритмеси түрүндөгү продукциясы.

Премьер­министр ишкананын жетекчилигинен өндүрүштө бардык техникалык жана экологиялык талаптардын кынтыксыз сакталышын талап кылды.

Ишканада жылына 100 миң жуп бут кийим чыгарса болот

Премьер-министр М.Абылгазиев жу-мушчу сапарынын алкагында Сокулук районундагы бут кийим өндүрүү менен алектенген «Империал Групп Компани» ЖЧКсынын өндүрүштүк ишмердиги менен таанышты.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, Кыргыз­Россия өнүктүрүү фондунан кредит алынып, өндү рүштү кеңейтүү жана күч түзүм дөрү нүн кызматкерлери үчүн кончу узун бут кийимдерди жана адистештирилген жумушчу бут кийимдерди чыгаруу үчүн кошумча жабдуулар алынган.

Долбоордук кубаттуулугу жылына 100 миң жуп аскердик жана жумушчу бут кийимди чыгаруучу өндүрүштүн ишке киргизилиши 2018­жылдын ноябрь айына пландаштырылган. Долбоор жарандык жана атайы багыттагы бут кийимди өндүрүүгө, ошондой эле европалык деңгээлдеги жеткиликтүү баадагы сапаттуу бут кийимди импорттоону алмаштырууга багытталган.

«Империал Групп Компани» ЖЧК фабрикасы 2017­жылы февралда ишке киргизилген жана бут кийим чыгарууга адистешкен. Бул робортторду жана санариптик технологияларды (Италия) колдонгон заманбап атамекендик өндүрүш. Учурда мында 40 адам иштейт. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу – айына 3 миң жуп бут кийим. 2017­жылы жалпы суммасы 52,7 млн сомго 19,5 миң жуп бут кийим чыгарылган. 2018­жылдын 8 айында бюджетке 1086,9 миң сом суммасында салык төлөнгөн.

Эл аралык мейкиндиктеги лаборатория

Премьер-министр М.Абылгазиев Ка-ра-Балта шаарындагы «Stewart Assay and Environmental Laboratories» лаборатория-сынын ишмердиги менен таанышты.

Лаборатория өз ишин 1996­жылы баштаган. Ишмердиги руда сынамдарынын жана курчап турган чөйрөнү коргоо сынамдарынын анализин камтыган техникалык сы-ноого багытталган. Лабораториянын кардарлары – Борбор Азия өлкөлөрүнүн, ошондой эле Россиянын тоо кен компаниялары. Лаборатория UKAS (Улуу Британия) ISO жа-на КАБ (Кыргыз Республикасы) аккредита-циясына ээ.

– Дал ушундай ишканалар өлкөдө инвестициялык долбоорлорду жемиштүү жана натыйжалуу ишке ашыруунун ачык мисалдары болуп саналышат, алар эл аралык рынокто ийгиликтүү иштеп, дүйнөлүк алдыңкы бир-жалар тарабынан таанылат», – деди Өкмөт башчы.

С.ОРОЗБЕКОВ