Арак менен “чоң муштумдук” түрмөгө алып келди

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 12-сентябрдагы өкүмү менен 25 жаштагы кылмышкер Беделбекти (ысымы өзгөртүлдү) атайылап өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү боюнча айыптап, үй мүлкүн конфискациялоо менен 18 жылга эркинен ажыратты. Анткени, ал өзүнүн жарандык никедеги жубайы Гүлзинатка (ысымы өзгөртүлдү) карата ушундай кылмыш жасаган.

Окуя кандай болгон жана бул Беделбектин биринчи эле кылмышыбы? Тилекке каршы, Беделбек мурда да билип туруп, ден соолукка адам өмүрү үчүн коркунуч келтирбеген жана кесепеттерге алып келбеген зыян келтирүү үчүн айыпталып, бирок ушул эле Ленин райондук соту тарабынан кылмыш иши кыскартылган. Кийинки кылмыш жасагандыгы анын бул окуядан сабак албаганын көрсөтүп турат. Анын үстүнө анын аракка жакындыгы да түрткү болду окшойт Гүлзинаттын атасы сотто көрсөткөндөй, быйылкы жылдын 25-мартында да ал мас болуп келип алып кайнатасынын үйүндө чатак чыгарган жана автоунаасынын терезесин талкалаган. Милиция чакырышканда, алар таяныч пунктунда машина жоктугун айтып келишкен эмес. Эртеси кайнатасы алардын үйүнө барганда, кызы Гүлзинат: “Беделбек менен жашайм”, — деген. Муну менен ал өзүнүн ажалына кетип бара жаткандыгын билбегендир?

Тергөөнүн жана соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталгандай, атасынын каршылыгына карбастан, Гүлзинат Беделбек менен жашап жүргөн. А 4-апрелде кечинде Беделбек Гүлзинат менен досу Автандилдин (ысымы өзгөртүлдү) үйүнө келишкен. Ал жерден Автандилдин чогуу жашаган Жазгүл (ысымы өзгөртүлдү) аттуу кыз менен чогуу отурушкан. Андан кийин Жазгүл аларга төшөк салып берип, өзү алдыңкы күнү ата-энесинин үйүндө конок күтүп, уйкудан калгандыктан жатып алган. Автандил да уктап, түнкү экилерде ойгонуп кетсе, Беделбек Гүлзинатты сабап жаткан болот. Аларды тыйып коюп, өзү тамак жасаганы ашканага кетип калат.

Мына ошол учурда Беделбек Гүлзинатты катуу сабап салыптыр. Анткени, соттук медициналык экспертизанын корутундусунда көрсөтүлгөндөй, кабыргалары сынып, алар өпкөсүнө жана жүрөгүнө сайылып калган, боору жарылган, ич көңдөйлөрү жаракат алган. Ал ортодо Автандил менен Беделбек туз алып келгени дүкөнгө да барып келишет. Анан Гүлзинатты ойготобуз деп, анын өлүп калганын көрүшөт. Тез жардам чакырышканы менен кеч болуп калган болот. Беделбектин  биринчи  аялы  Каныкей да сотто мурдагы жубайы чогуу жашап жүрүшкөндө анын кол көтөргөн учурлары болгонун көрсөткөн. Демек, Беделбектин мурдатан эле аракка жакындыгы жана “чоң муштумдугу” бар экен.

Мындай окуяларды коомчулукка кеңири жеткирүү туура деп ойлойм. Анткени, мындай жаман адаттардын аягы келип эле дене залалын келтирүүгө, же атүгүл адам өмүрүн кыюуга алып келиши мүмкүн экендиги башкаларга, өзгөчө мына ушул Беделбекке окшогон жаш адамдарга сабак болууга тийиш. А Гүлзинаттын биринчи күйөөсүнөн калган кызы эми томолой жетим болуп калды…

Нургазы ТОКТОСУНОВ, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурорунун жардамчысы