Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек ЖАПАРОВ: «Коррупцияны жеңүүгө болот»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


–  Акылбек  Үсөнбекович, быйылкы  жылда  Президент С.Ш.  Жээнбеков  аймактарды өнүктүрүүгө басым жасоодо. Эл менен жолугушуп келдиңиз. Элет жеринин  инфраструктурасы жакшырганын байкадыңызбы, кандай иштер аткарылып жатыптыр?

– Быйыл Президенттин жарлыгы менен  аймактарды  өнүктүрүү  жылы болгону туура болду. Менимче бул бир эле жылдык программа эмес, Президенттин иш мөөнөтү бүткөнгө чейинки артыкчылыктуу багыттардын бири. Ошондуктан реформалар элет жеринен башталып, жалпы республикада болот деген ой-пикирдемин. Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт башына келгенден кийин аймактарды өнүктүрүү багытында иштер күчөдү. Азыркы Өкмөттүн туура кадамдарынын бири бул Айыл банктын уставдык капиталын 20 миллион долларга көтөрүү болду.

Мына азыр биринчи кадам жасалды. Жакынкы үч жылдын аралыгында бул банктын капиталы 100 миллион долларга чыгат. Демек, элет жеринде дагы бир кубаттуу банк пайда болот. Муну менен жеке фермерлерге чоң кредиттерди бергенге мүмкүнчүлүк түзүлүп, бюджеттен сырткары өзүнчө булак пайда болот. Мындан тышкары РСК банк тын уставдык капиталы 30 миллион долларга көбөйдү. Миллион долларга чейинки сумма боюнча Айыл банк, андан жогору керектеле турган суммадагы каражат болсо, РСК колдоо көрсөтсө, андан да чоң суммадагы каражатты Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду колдоп берет.

Аймактарды  өнүктүрүү  боюнча өзүнчө долбоорлор болушу шарт. Сооронбай Шарипович Премьер-министр болуп турганда 21 шаардын, 21 экономикалык округдун негизинде 21 класстер түзүп, өнүктүрө турган “өнүгүү точкалары” боюнча иш баштаган. Учурда базалар түзүлүп, долбоорлор ишке кире баштады. Кыргыз өнүктүрүү фонду  эле  1  600  долбоор  жасады,  анын 80  пайызы  жергиликтүү  айылдарга тиешелүү. Экономикада баары бир күндө  боло  калбайт,  туура  кадамдар үч жылдан кийин билинет. Ошондуктан эки жылдан кийин үзүрүн көрүп баштайбыз.

Союз кезинде 480дей колхоз-совхоз болгон, азыр бизде 480 000ден ашык фермер болуп кетти. Булар эптеп өзүнүн жанын өзү багып жатат. Эми Президент натуралдык чарба жүргүзүүдөн соода-сатык чарба жүргүзүүгө өтүшүбүз керек деп жатат. Бул үчүн бизге биринчи кезекте көлөм керек. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн талабы боюнча өндүргөн продукциябызды  вагон  менен  алып баруу буз керек. Күздө эле алып барбай, муну жыл бою уюштурушубуз талапка ылайык. Ушул багытта жергиликтүү органдардын баарынын иштерин көрүп чыктым. Бул жакшы жөрөлгөлөрдүн бири. Туура жолду баштадык, туура кадамдар боло баштады. Эми муну аягына чейин алып барышыбыз керек.

– Экономикабыздын учурдагы абалы кандай, аны көтөрүүнүн жолдору барбы?

– Акыркы алты жылда биз бир топ экономикалык мүмкүнчүлүктөрдөн куру калдык. Жалаң саясат менен алек болуп, экономикага көңүл бурулбай, биз тажик таекелерибизден да ат чабым артта калдык. Акыркы 20 жылдын ичинде Тажикстанда 150гө жакын кичи ГЭСтер курулду.  Италиядагы  ири  компания менен биргеликте Рогун ГЭСин куруп бүтүп калышты. Бул Камбар-Ата-1ден чоң, дүйнө жүзүндөгү эң бийик плотиналуу ГЭС. Биз беш-алты жыл мурда эле экономикабыздын өсүү темптери, киреше менен чыгашабыздын, валюта-быздын туруктуулугунун көрсөткүчтөрү менен  Тажикстандан  алдыда  болчубуз.  Тилекке  каршы,  азыр  артта калдык.

Тышкы  карызыбызды  көбөйтүп, анын 30 пайызын энергетика тармагына бердик. Бирок, бул тармактан кайтарым болбой жатат. Бишкек ЖЭБи боюнча долбоор аягына чыгып, кичи ГЭСтер курулган жок. 1988-жылы биз 15,5 миллиард киловатт энергия чыгарсак, бүгүн 14,5 миллиард. Азыр карызды кайтара турган убакыт келип калды. Шайлоолорго, эки жолку революцияга байланыштуу тарифти көтөрбөгөндүктөн, бул өзүн өзү актабаган тармак болуп калды. Энергетикалык кубаттуулуктун жоктугуна байланыштуу инвесторлор бизге келбей, мына ушундай абалга туш болдук.

Энергетика  тармагын  оңдобосок, мындан ары экономикабыз өнүкпөйт. Союз кезинде энергетиканын 80 пайызы  өнөр  жайга,  өндүрүшкө  колдонулса, 20 пайызы элге кетчү. 25 жыл ичинде бул көрсөткүч алмашты. Азыр биз элден кайра ала албайбыз, демек, кубаттуулукту  көбөйтүшүбүз  керек. ГЭСтерди модернизациялап, алардын кубаттуулугун жогорулатып, жаңыларын курушубуз керек. Энергетикалык кубаттуулугу күчтүү өлкөлөргө инвесторлор келет. Инвесторлор келсе, жумушчу  орундар  түзүлүп,  салыктар  пайда болот.

– Тышкы карыздарды белгиленген  мөөнөттө  төлөп  бере албай  калсак,  суверендүүлүгүбүзгө коркунуч жаралбайбы? Кутулуунун жолдору барбы?

– 2023-жылдан 2028-жылга чейин биз жылына 320 миллион доллардан төлөшүбүз керек. Карызыбыздын 75 пайызы Кытайдын Эксимбанкына тиешелүү. Ушул банкка мурдагы бийлик бизди 2 миллиард 100 миллион долларга 2 пайыз үстөк менен карыз кылып кетти. Муну төлөө мөөнөтү 2023-жылдан башталат. Кредиттерге курулчу долбоорлор аягы-на чыга элек. Мөөнөтү төрт эле жыл, андан кийин 2 пайыздан үстөк кошулат, 10 жылдан кийин алган каражатты кошуп төлөп баштайбыз. Мына 4 жыл өтүп кетти. Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу бүтө элек. ЖЭБ боюнча 380 миллион доллар эмес, үстөгү менен 500 миллион доллар кайтарышыбыз керек. Бул долбоордун да 2/3 бүтө элек. Бул карыз биздин суверенитетибизге коркунучтарды туудурду.

Тышкы  карыздан  кутулуунун биринчи жолу – мамлекеттик резервдик фондду ачтык. Биз болгон акчала-рыбызды үнөмдөп, бул фондго топтой башташыбыз керек. Алдыда дагы 5 жыл бар, ушул убакта биз жок дегенде 500-600 миллион доллар даярдап коюшубуз керек. Сырттан келген гранттарды аймактарды өнүктүрүүгө жумшасак, са-лыктан түшкөн каражатты резервдик фондго  топтоп,  бюджеттен  да  үнөмдөп, той-аштардан баш тартышыбыз керек.

Экинчи  жолу – кызматтагылардын жалпы саны 300 миң болсо, анын 100 миңи кызмат көрсөткөндөр, 200 миңи  чиновниктер,  аларга  бюджеттен  55  миллиард  сом  бөлүнөт.  Төрт тепкичтүү башкаруу болгондуктан облустарды, райондорду жоюп, шаардын тегерегинде чоң округ кылсак, чиновниктер 1/3 чейин кыскарып, мындан да 5-8 миллиард сомго чейин үнөмдөөгө болот.

Үчүнчү  чоң  резерв  бул  – көмүскө  экономика.Эсепке алынбаган жана контрабандалык товарлар. Мисалы КНС салыгына Россияда 20, Белорусияда 16-18, Казакстанда 12ге чейин кармалат. Биз товарлардан КНС салыгын кармабай жатабыз. Тажикстан, Өзбекстан  жана  Кытайда  салыктардын баары кармалат. Бизде бул жагдай көзөмөлдөнбөй койду. Эсепке алынбаган жана контрабандалык товарлар коррупциянын эң чоң өзөгүнүн бири. Мына Президент өзү “сот системасы, укук коргоо органдары силер “крыша” болбосоңор контрабанда, коррупция болбойт эле” деп айтты, мен буга толугу менен кошулам. Бул жагдайды жоюунун бир жолу – көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, фискалдык саясатты жолго коюу.

Мен 2017-жылда ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ортосундагы соода-сатыкты иликтеп, КНСтен 19 миллиард сомдун тегерегинде салык түшпөгөнүн таап чыктым. Демек, биз көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, чиновниктердин алкымын тыйып, салык төлөбөй жаткандардын баарын төлөй тургандай кылып, бажы, салык тармагындагы коррупцияны жоюшубуз керек. Сооронбай Шарипович премьер-министр болуп турганда товар жүгүрүтүүнү тактоо керектигин айткан. Бизге канча товар киргенинен тартып, кайда сатылганына чейин көрүп турушубуз керек. Муну көзөмөлдөөдө жаңы электрондук технология менен фискал-дык саясат керек.

Төртүнчү булак – биз Кытайдан 2 миллиард 100 миллион долларды Каржы министрлигинин кепилдиги менен алдык. Мындан тышкары 1 миллиард доллардан ашык каражат менен Кытайдын инвесторлору келди. Катуу талап коюп, тоо-кен, соода-сатык тармагындагылардын баарын өзүнчө эсепке коюп, өзүлөрүнөн келген инвестиция аркылуу жумушчу орундарды түзүп, алардан салык алуу аркылуу карыздан кутулууга толук мүмкүнчүлүк бар. Жогоруда айтылган төрт булактын негизинде карыздан кутулсак болот.

Мына  кеткен  ажо  өзү  бийликте турганда бир да завод-фабрика курулбаганын айтты. Эгерде ушул эле 2 миллиард 100 миллион долларга 200 ишкана курулса, андан салык бюджетибизге түшмөк, миграция да азайып, жумуш орундары түзүлмөк. Чет элде көчө шыпырып, идиш жууган балдарыбыздын саны азаймак. Эки ири долбоор тең аягына чыкпай отурат. Түндүк-түштүк жолуна дагы 500-600 миллион доллар салмайынча, ЖЭБге дагы 500 миллион доллар болмоюнча бүтпөйт. Анан карыздын артынан карызга бата беребизби?

– Коррупцияны канткенде жеңе алабыз?

– Коррупция менен күрөшүбүз бактын жалбырагын бирден үзгөндөй болуп, тамырын кырка албай жатабыз. Бизде инвентаризация болбогондуктан эмнебиз бар экенин бүгүнкү күнгө чейин билбейбиз. Биринчи президентибиз инвентаризация жасабай, союздан калган мамлекеттик менчиктин баары сатылып кетти. Экинчи президенттин тушунда бул иш башталганы менен аягына чыккан жок. Үчүнчү президент буга такыр көңүл бурган жок. Инвентаризация да, индентификация да болгон жок. Баасы да бычылган жок. Ушинтип уурдаганга шарттарды түзүп коюп жатабыз. Коррупциянын эң чоң булактарынын бири ушул. Социализмде да, капитализмде да эсептик көзөмөл керек. Кандай кендер бар экенин да так билбейбиз.

Мына “Жерүй” алтын кенин 100 миллион долларга саттык деп мактанып жатышат. “Жерүйдө” 4 миллиард долларалып келе турган 100 тонна алтыныбыз турат. Эгер, канча алтын бар экени каттоодо турганда бир дагы киши 100 миллион долларга сатмак эмес. Ошондуктан мурдагы келген жетекчилердин баарында каттоо жүргүзүлбөй, эл билбесин деген аракет болгон. Элге канча суубуз, канча токоюбуз, жаныбарыбыз бар экенин айта албайбыз. Жарандарыбызда канча мүлк бар экенин билбейбиз. Баары каттоого алынып, ачык айкын болгондо уурдаганга да мүмкүнчүлүк болбой калмак.

Бюджетибиз элге ачык айкын болуш керек. Анткени элден чогулган салыктан бюджет топтолот. Ачык-айкын болсо, бюджетке эч ким кол сала албайт. Системаны өзгөртпөсөк, укук коргоо органдары күрөшүп, буларды жеңе албайт. Мамлекеттик сатып алууларда ким кайдан, канчага сатып алды, дүйнөлүк баасы канча, баары ачык көрсөтүлүп, электрондук варианты жарыяланып туруш керек. Мына ушундай жол менен коррупциянын тамырын кырксак болот. А биз Кытайдан, Россиядан келген товарлардын эсебин билбейбиз. Ошентип коррупция өсүп жатат. Ал эми паракорчулук боюнча мыкты мугалимдердин же дарыгерлердин айлыктарын жогорулатмайынча ушундай көрүнүштөр боло берет. Мугалим окуучусуна картошка сатып отуруп, эртеси кантип сабак берет? А биз мугалимдерди ошол деңгээлге жеткирип койдук.

– “Кумтөр” боюнча түзүлгөн акыркы келишим эмнеге каралбай жатат жана 100 миллионго сатылган “Жерүй” тууралуу эмнелерди айта аласыз?

– Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков “Кумтөр” келишимин бүтүрдүм деди.  Бирок,  биз  ошол  келишимди көрбөй койдук. Азыркы премьер-министр дагы кол койбой чоюп жатат, күмөн санап жатса керек. Бизге парламентке келсе көрөт элек. 2007-жылы А.Атамбаев Премьер-министр учурунда “Кумтөр” маселеси боюнча жумушчу топту жетектегем, “Кумтөрдөн” 17 пайыз акцияны алганбыз. Эгерде Танаев 17 пайызын сатып жибербегенде, баары 52 пайыз болмок. Анан Атамбаев премьерликтен кетти. Мени четтетип коюшту.

Негизи канадалыктар биздин кенди  изилдеп,  анан  кендин  өзүн  эле күрөөгө коюп, акча алып иштетиптир. Биз  ал  финансылык  моделди  көрүп түшүнүп алдык. Ошол модель менен “Жерүйдүн” алтынын Европадагы чоң бир банкка күрөөгө койсок, бир же эки жылда 10 тонна алтын менен бүт акчасынан кутулуп бүтөт элек. Көрүп билип туруп эле ушуну жасабай коюшту. 2012-жылы “Жерүйдүн” сатылышына мен каршы чыккам. Канадалыктардан үйрөнбөдүкпү, муну тендерге чыгарып эмне кыласыңар, “Кыргыз алтынга” бергиле “Жерүйдүн” өзүн күрөөгө коюп, алтын чыгара берсин дегем. Жумуш орундары түзүлүп, Таластын эли жумуш менен камсыздалып, 90 тонна алтын өзүбүздө калмак.

– Айылдарды дотациядан чыгарыш үчүн эмне кылуу керек?

– 2005-жылы эки тепкичтүү бюджетке  өткөнбүз.  Бирок,  бул  система карама-каршылыкты жаратты. Каржылоо министрликтен мэрияга же мэриядан түз эле айыл өкмөткө келет, тактап айтканда, ортосундагы райондук бюджет менен райондук кеңеш жоюлган, облустук деңгээлдеги бюджет да, аны бекиткен  депутаттар  да  жок.  Бирок төрт деңгээлдүү башкаруу системабыз, эки тепкичтүү бюджетибиз бар. Мына ушул карама-каршылыкты жоюшубуз керек.

Финансы  министрлигинде  иштеп турганда жылына 50 айыл өкмөттү дотациядан чыгарууну сунуштагам. Азыр 453 айыл өкмөттүн 70и чыкты. Эми 3 жылдын ичинде инфраструктурасын жакшыртып, 50дөн айыл өкмөттү дотациядан чыгарып турушубуз керек. Менин эсебим боюнча 20 жылдын ичинде 400 айыл өкмөттү дотациядан чыгарып кетсек болот. Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 5 шаар жана 50 айыл өкмөттү бюджетке өзүнчө киргизип, дотациядан чыгарууга аракет кылышыбыз керек. Ошондо аларга бюджеттен да, банктардан да каражат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

– Жергиликтүү бийлик тарабынан көйгөйлүү маселелердин чечилиши создуктурулган учурлар бар. Ошондой эле айыл өкмөт башчылары аларды шайлаган депутаттардын кызыкчылыгын эле коргоп калды деген сөздөр айтылууда. Бул жагдайды кантип чечсек болот?

– Аймактарды өнүктүрүү жарлыгынын алкагында жергиликтүү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары боюнча мыйзамдарды жазып, сайтка чыгардык, анда айыл өкмөт башчысынан тартып, акимдердин, өкмөттүн өкүлдөрүнүн,  Премьер-министр  жана министрлердин функциялары так көрсөтүлгөн. Райондун өзүндө ар кайсы тармак боюнча жетекчилер бар, ошол жетекчилердин баарын аким өзү бекитсин. Бирок, аларды жумуштан министрликтер алсын. Мындай ыйгарым укуктун бирин министрликке, бирин акимге берип, эки тараптуу көзөмөл жүргүзүп, жоопкерчиликти күчөтөлү дедик. Себе-би райондун аймагында мыйзамдар-дын аткарылышын район менен айыл өкмөттүн  деңгээлинде  жергиликтүү бийлик көзөмөлүнө алыш керек. Өкмөт

улам алмашылып, айыл өкмөттөр эмнеге жооп беришин да билбей калышкан. Шаарда канча жардамга муктаж, аяр үй-бүлө бар экенин билбеген мэрлер да бар. Сурасаң “аны министрлик билет, мага каражат, функция бергиле анан иштейм”, – дейт.

Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жалаң байлар менен мамиле түзө бербей, биринчи кезекте жардамга муктаж үй-бүлөлөр менен  иш  алып  барып,  аларга  жумуш орундарын  түзүп,  турмуш-шартын жакшыртып,  алардын  санын  азайтса, мына ошондо өзүнүн ишин аткарып жаткан болот. Ал эми айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары эмес, түз эл шайлаганы туура.

2005-жылга  чейин  бизде  айыл өкмөттөн тартып, акимдер, өкмөттүн өкүлдөрү, анан аткаруу бийлигине жетип маселе чечилчү. Биз көрсө, президент менен премьер гана чечкен, өтө эле борборлоштурулган мамлекет куруп алыптырбыз. Жогору жактан акча  келсе  аны  облус  менен  райондон кертип калышат. Райондун акими жаман көрүнсө, облустан акча бербейт. Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн 100 миң же 200 миң сом сураса, министрлик аны карабайт. Мен муну ал тармакта иштеген адам катары айта алам. Анан бизде ушундай маселелердин топтолушунун натыйжасында эки жолу революция болуптур деген жыйынтыкка келгем.

Жергиликтүү бийлик өзү чогулткан акчага өзү ээ болуш керек. 2019-жылдан тартып киреше салыгынын 75 пайызы, 2020-жылдан 100 пайызы берилет. Түзүлгөн  жумуш  орундарына  жараша түшкөн салык ошол айылда калат. 2005-жылда бир бюджетке – бир салык деген реформаны баштаган элек. Эми жүзөгө аша баштады. Жер менен мүлккө болгон салык жергиликтүү бийликтин бюджетине бөлүнөт. Эми киреше салыгын да кошкону жатабыз. Жергиликтүү элдин салыгынан түшкөн каражатка ошол эл өзү ээ болуш керек. Алардын бюджетин бир жолу беките турган депутаттар болуш керек. Эгер алар бюджетти эки жолу бекитпей койсо, же айыл өкмөт башчысы кызматтан кетип, же депутаттар тараш керек. Ушундай механизмди да киргизгени жатабыз. Эл калыс, ошон-дуктан айыл өкмөт башчыларын элдин шайлоосуна коюш керек. Ошондо алар 10 же 20 депутаттын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгын коргойт.