Адилеттүүлүктү сүйгөн цивилизация керек

Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” универстетинде Түркиянын Бейбурт жана Ахи Эвран универститеттери биргелешип, «Түрк элдеринин философиялык мурасы” аталыштагы эл аралык симпозиум өткөрүштү. Симпозиумга Борбордук Азия регионунан жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн 100гө жакын белгилүү окумуштуулар катышты. Анын максаты — түрк дүйнөсүнүн руханий мурасын изилдөөнү жаңы деңгээлге көтөрүү болду.

“Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы: «КТМУнун миссия-сынын бири — бул түрк дүйнөсүнүн мурасын изилдеп, аны адамзатка жеткирүү. Университеттин Түрк цивилизациясын изилдөө  борбору  тарабынан  жарыкка чыккан көптөгөн эмгектер бүгүнкү күндө илим дүйнөсүнө тартууланып жатат. Айрыкча жаштарыбыздын жасаган эмгектери мактоого арзыйт. Биздин түрк дүйнөбүз кеңири бир чоң аймакта орун алган. Бүгүнкү күнү биздин бай жана сыймыктана турган тарыхыбыз бар. Анткени, түрк дүйнөсү адам баласынын бактысы, келечеги үчүн күрөшүп, улуу цивилизацияны кура алды. Технологиянын өнүгүшү менен акылдуу телефондор чыкты. Ага бат көнүп баратабыз. Ушундан улам, мындай өнүгүүлөр цивилизацияны алып келеби? деген ой туулат. Цивилизациянын негизин адилеттүүлүк түзөт. Ал эми бүгүнкү күндө адилеттүүлүк өкүм сүрбөй, согуштар болуп, кээ бир өлкөлөр жок болуп баратат. Андыктан, цивилизацияны таанытууну колго алышыбыз керек. Аалам калкы бүгүнкү күндө түрк дүйнөсү түзө турган жаңы бир цивилизацияга муктаж. Эң оболу адамзаттын, көйгөйлөрүн чечүү зарыл. Бизге адилеттүүлүк жана тынчтык өкүм сүргөн цивилизация керек», – деген оюн айтты.

Казакстандын президентинин алдындагы китепкананын башчысы, профессор Газиз Телебаев: «Түрк элдеринин жазуу маданияты болгон эмес деп айтып жүрүшөт. Ал жаңылыш пикир. Анткени Орхон жазууларынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин жеткен жазууларды изилдеп чыкканыбызда аябай бай булакка ээ экенибизди көрүп жатабыз. Бизге жеткен баалуу мурастарды дыкаттык менен терең изилдешибиз керек”, – деди.

Үч күнгө созулган симпозиумда Кыргызстан, Франция, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан ж.б. мамлекеттердин окумуштуулары 80ге жакын баяндамаларды жасашты. Симпозиумдун материалдары – англис жана түрк тилиндеги макалалар Түркияда, ал эми кыргыз жана орусча макалалар КТМУнун коомдук илимдер журналында басылып чыкмакчы.

Айзат ТАЛАСБАЕВА, Медиа “Манас”