Сулуулардын тиреши: кимисиники чындык?

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Сеулдун аэропортунда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова “мас болуп, чуу салып, самолет кармалды” деген маалымат чыккан. Кийин министрдин орун басары окуя башкача болгонун айтып, дары ичип алганына байланыштуу анын ден соолугу начарлап, ошондуктан самолет кармалганын билдирди. Ал аңгыча Премьер-министр аны отставкага кетирген. Дал ушул окуядан кийин Кыргызстанда саясый аренада тирешүүлөр башталды. Алсак, Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигиндеги бир катар “былык” иштердин башын кылтыйтып чыкты. Буга жооп кылып ТИМ элчини кызматынан бошотуу сунушун көтөрүүдө. Дагы бир тиреш депутат Аида Касымалиева менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова жана министрдин орун басары Лунара Мамытованын ортосунда болууда.

“Пандоранын ящигин” ачкан саякат

Таалайкүл Исакунова менен депутаттын тиреши буга чейин дагы болуп келген. Алсак, Аида Касымалиева демилгелеп чыккан жөлөк пулдар боюнча мыйзамды Өкмөт каражат жетишпестигин айтып, бир нече кыскартууларга барган. Мындан улам мыйзам долбоору мурдагыдан да начар болуп калганын айткан депутат, министр атайын коррупциялык схемалар болушу үчүн ушундай кылып жатат деп айыптап чыккан.

Таалайкүл Исакунова

Депутаттын май айында министрди кызматынан алуу тууралуу сунушу Өкмөт тарабынан колдоого алынган эмес.

Эми минтип аэропорттогу окуядан кийин кайрадан тиреш жанданууда. Аталган окуяда Зууракан Каденованын чет жакта спирт ичимдигин ичкени же чындап эле дарыдан жаман окуя болуп кеткени, учурда эч кимди кызыктырбай калды. Бул окуяда кызыктыра турган окуя дипломатиялык паспорттун колдонулушу жана мамлекеттин эсебинен чыккан командировка маселеси болуп калды.

Ошол эле Кылычбек Султановдун айтымында сыртка эс алууга чыгып жаткан чиновник дипломатиялык паспортту колдонбошу керек. Мындай ойго депутат Аида Касымалиева да кошулуп, ал тургай депутатка бул маселе боюнча кайрылуулар келип түшкөнү маалым болду. Ал кайрылууларга ылайык министр Таалайкүл Исакунова үй-бүлөсү менен чет өлкөлөргө чыгып турганы маалымдалган. Ал эми министр өзү депутаттын аталган билдирүүсү жалган экенин айткан.

Партадан башталган тиреш…

Депутат министрдин “саякаттары” тууралуу  эле  айтпастан,  министрдин орун басары Лунара Мамытованын чет өлкөгө чыккандыгы тууралуу да айтты. Ал кызматкерлерге келген чакырууларга өзү барып, эс алуу учурунда дипломатиялык паспорт колдонгон учурлар болгон.

Чынында Лунара Мамытованын инстаграм  баракчасындагы  сүрөттөрүнөн  улам, 2017-жылдын сентябрь айында Италиянын Турин шаарына тренингге барганын билүүгө болот. Ошол эле учурда ал Венеция, Рим, Ницца, Монте-Карло жана Милан шаарларын кыдырганын байкоого болот. Ал эми 2018-жылдын февралында министрдин орун басары болжол менен Германиянын Франкфурт шаарына социалдык коргоо боюнча конференцияда болгон. Ошондой эле 2018-жылдын майында ал Вашингтонго Бүткүл дүйнөлүк банктын конференциясына барган. Ошол эле жылдын болжол менен июль айында Хайнань аралына эс алууга барган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги министрдин орун басары Лунара Мамытова чет жактарга чакыруунун негизинде үч гана жолу чыкканын, анын баары чакыруучу тараптын каржылоосу менен болгонун, ал эми эс алууларга дипломатиялык паспорт колдонбогондугун маалымдап билдирүү таратышты. Анда министрдин орун басарынын эс алуусу өз эсебинен болгону айтылган.

24-сентябрь күнү депутат Аида Касымалиева жана эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова НТС телеканалынын “Ар Тарап” ток-шоусунда дебатка чыгышты. Аталган телеберүүдө Мамытова Касымалиева экөө классташ экенин айтып, депутат менен министрдин орун басарынын “атаандаштыгы” мектеп партасынан бери уланып келе жатканын билдирди. Анткен менен Аида Касымалиева “аялдардын тирешүүсү” деп, маанилүү маселеден обочолоп кетүү аракети болуп жатканын билдирген.

Классташтардын тирешүүсү саясый аренага чейин чыкканында ар ким өзү бүтүм чыгарып алды. Бир жагынан чындап эле бала кезден атаандаштык бар экени айтылса, экинчи жагынан классташ эмес бир тууганы болсо да коррупциялык иштерге аралашкан болсо ачыктап чыгуу туура болду дешүүдө.

Дагы бир сулуунун “кылыгы”

Ал аңгыча Аида Касымалиева Экономика министрлигине тийиштүү кызыктуу дагы бир маалыматты ачыктады.

Чет өлкөгө чыгуулар боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшүп жатканын билдирген депутат айым: “КОИКА долбоорунун жөнөкөй кызматкерлери кайрылып, Экономика министрлигинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Айнура Жакыпова 10 күндүк семинарга катышпай көзүнө опперация (сурмасына же башка бир косметологиялык) жасаткан”, – деп жазды ал социалдык баракчасына.

Анткен  менен  экономика  министри Олег  Панкратов  өзүнүн  коомдук  башталыштагы кеңешчисин коргоого алып, Жакыпова бир күн ооруп калып эле барбай калганы болбосо, калган 9 күнүн калтыр-ган эмес деди. Ошондой эле Панкратов Айнура  Жакыпова  мамлекеттик  кызматкер эмес экенин, ал эми чет өлкөгө компаниянын  каржылоосу  менен  барып  келгенин кошумчалаган.

Бул жагдайдан алганда мамлекеттин эсебинен “саякаттап” жүргөндөрдү териштирсе, толгон токой кызыктарга туш болот окшойбуз…