Баланы таштабоонун эл аралык тажрыйбасы

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Жакында Бишкекте “Балдарды багып алуучу үй-бүлөлөрдүн системасын түзүү” аталыштагы тегерек үстөл өттү. “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова мындай дейт: “Өкмөт өкүлдөрү менен биргеликте республика аймагындагы балдар интернаттарынын абалы менен таанышканы кыдырдык. Мисалы, Кызыл-Кыя балдар интернатында документ боюнча 200 бала бар экендиги жазылып турат. Бирок, ал жердеги керебеттер, кийим-кечелер, буюмдар анчалык көп эместигин байкадык. Биз балдардан: “Бүгүн кимиңер ушул интернатта түнөп каласыңар?”, — деп сурасак, алардын 70 пайызы кечинде үйлөрүнө кетишерин айтышты. Көрүнүп тургандай, интернаттын жетекчилиги текшерүү келээрдин алдында тегеректеги балдарды чогултуп келип толтуруп койгон. Бул материалдарды Өкмөт укук коргоо органдарына тапшырып берип, директору кызматынан бошотулган”.

Кыргызстандын интернаттарында 13 500 бала бар

Ушундай эле дагы бир мисалды келтирели. Чүйдөгү кургак учук балдар ооруканасын текшере келгенде бир дагы андай дартка чалдыккан бала чыккан эмес. Көп жылдардан бери “кургак учуктун” каражатын жеп келген мекеменин бир дарыгерин кызматтан алышкан. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандын интернаттарында 13 500 бала жашайт. Бир балага ай сайын 14 000 сом сарпталат. Бирок, ушул каражаттын баары эле баланы окутуу, тарбиялоо же ден соолугуна кам көрүү сыяктуу пайдалуу жумуштарга сарпталбайт. Интернаттын жетекчилеринин, кызматчылардын маянасы, имаратты кармоо сыяктуу нерселерге жумшалууда. Баарынан кызыгы, интернаттагы балдардын 96 пайызынын ата-энесинин экөөсү бар же ата-энесинин бирөөсү бар болуп чыкты. Болгону 4 пайызы гана тоголок жетимдер. Балдар менен аңгемелеше келгенде “Апам кечки саат тогузга чейин базарда иштейт. Бизди кароого убактысы жетпейт”, – деп жооп бергени болгон. Басымдуу көбү мигранттардын балдары. Бул сыяктуу көйгөйлөр системалуу мүнөзгө өткөндүктөн интернат үлгүсүндөгү балдар мекемелерин жоюуга, ага атаандаштык катары бала багып алуучу үй-бүлөлөрдү көбөйтүүгө мезгил жетти. “Багып алуучу” үй-бүлөнү эл аралык тил менен постердик үй-бүлө деп аташат. Кыргызстан үчүн бул жаатта Молдова Республикасынын усулдук тажрыйбасы көбүрөөк жакын. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Президент С.Жээнбеков Бишкектеги балдар үйүнө барды. Анда интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын ре-формалоо тууралуу оюн айткан. Учурда ал боюнча иш алып баруу үчүн Президенттин аппараты тарабынан жумушчу тобу түзүлүп, ага мамлекеттик тиешелүү органдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү да кирген.

Молдованын тажрыйбасы

Молдовадан келген эксперт Анна Палинин айтымында үй-бүлөлүк шартта баланы багып алуу дүйнө мамлекеттеринде ар түрдүү моделде кабыл алынып калган. “Молдова Республикасында постердик үй-бүлө модели 2000-жылы башталып, бирок, аны 2007-жылы мыйзам менен бекитип, ишке киргиздик. Эл аралык стандарттарды үйрөндүк. Ошого карабай мыйзамдык базанын оош-кыйышы аз болгон жок. Баланы кабыл алган үй-бүлө кандай болушу керек? – деген суроого көп жолу жооп издедик. Постердик үй-бүлө интернат тибиндеги мекемеге карата балага камкордук көрүүнүн атаандаштык формасы болуп кабыл алынуусу керек. Баланы багып алган үй-бүлө баарынан мурда жакшы психолог, мыкты педагог, мээримдүү ата-эне жана туура тарбиянын баарын өзүнө камтыган профессионал болгону жөн. Бала бара турган үй-бүлөлөрдү адегенде баалоодон өткөрөбүз. Багып алган баланы өз балдарынан кем көрбөй, алар бүтүндөй жоопкерчиликти өзүнө алуусу кажет. Бизде алар “профессионалдык ата-энелер” деп аталат. Анткени, бала постердик үй-бүлөгө барганга чейин тагдырдын психологиялык, эмоционалдык кырдаал -дарынан  өтүп,  ачка-ток  калып  жашоо мүшкүлүн тарткандыктан ага өзгөчө аяр мамиле керек. Биз ата-энелер үчүн баланы тандабайбыз, тескерисинче, бала үчүн постердик үй-бүлөнү тандайбыз. Молдовада бала багып алууга арыз берилген күндөн баштап, баланы кабыл алуучу үй-бүлөнү ар тараптан баалоого 90 күн берилет. Анткени, баланы кабыл алган үй-бүлө бир-эки жумадан кийин аны кайра кайрып бербегендей, баланын жүрөгүн оорутпагандай болушу керек. Мындай ата-энелерге кадимкидей эмгек акы төлөнүп, эмгек китепчесине стажысы жазылат. Бала багууга берилген бир айдын ичинде адистерибиз сегизден кем эмес жолу барып, мониторинг жасап турушат. Азыркы учурда 3 млн. калкы бар Молдовада интернаттан баланы багып алган 600гө жакын постердик үй-бүлө бар. Учурда бул үй-бүлөлөрдө 1700дөн ашык бала багылып жатат. Ушул мыйзам турмушка ашырылгандан баштап, 6000ден ашык бала постердик үй-бүлөлөрдө багылып чыкты. Мурда Молдовада 67 интернат бар болчу. Бүгүнкү күндө алардын 57си жабылды”, – дейт эксперт айым. Бул жерден айта кетчү жагдай, постердик үй-бүлө баланы убактылуу гана багат. Ал тоголок жетим болбосо, белгилүү убактан кийин өзүнүн жарык дүйнөгө алып келген ата-энесине берилиши керек.

“Баккым келбейт” деп балдарын таштап кеткен

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Гүлзина Бообекова төмөндөгүдөй маалымат берди: “Биз бир нече мамлекеттин постердик үй-бүлөлөр боюнча усулдук тажрыйбасын карап көрдүк. Мисалы, Америкада постердик үй-бүлөлөр 1945-жылдан баштап өнүгө баштаган. Алар Түркияда да бар. Учурда Кыргызстанда мындай 8 үй-бүлөдө 13 бала жашап жатат. Мунун системасы боюнча постердик үй-бүлөдө бала убактылуу жашап, кайра өз ата-энесине кайтарылып берилиши керек.

Быйылкы жылы 21 бала өз ата энесине кайтарылып берилди. Постердик үй-бүлөлөр атайын окуудан өтүп, сертификат алышат. Постердик ата-энеге мамлекет ай сайын 6000 сом, баланын өзүнө 6000 сом төлөп турат. Мамлекет бул каражаттын көлөмүн дагы көбөйтүүнү көздөп жатат. Постердик бир үй-бүлөгө үчтөн ашык бала берилбейт. Өз балдарын кошкондо беш баладан ашпоосу керек. Мунун баары интернат тибиндеги мекемелерден алып, балдарды үй-бүлөлүк шартта тарбиялануусуна тартуунун аракети. Ал эми постердик үй-бүлөдө бала үч-төрт ай багылышы керек. Ошол учурда социалдык адистер баланын абалын барып сурап турушат. Акыркы төрт жылдын ичинде 80ге жакын бала постердик үй-бүлөлөрдө жашап туруп, кайрадан өз ата-энесине кайтарылды”.

2012-жылы кабыл алынган балдар тууралуу кодексте баланы үй-бүлөлүк шартта багуу тууралуу жобо бар. Бирок, алгачкы жолу 2014-жылдан бери, интернаттын балдарын постердик үй-бүлөлөр багып ала баштаган. 2018-жылы ЮНИСЕФдин жардамы аркылуу Бишкек жана Ош шаар ларында постердик үй-бүлөлөр тууралуу маалымат жеткирүү, ага кызыккан ата-энелерге окууларды өтүү үчүн аталган министрликтин бөлүмдөрү ачылган. Ал бөлүмдөрдүн кызматкерлери республика аймактарын кыдырып, интернаттагы балдарды өз балдарына кошуп багып алууну каалагандарга анын шарттарын үйрөтүшүүдө. Учурда Кыргызстанда постердик үй-бүлө болууга 113 талапакер катталыптыр.

Аталган жаңы система боюнча баланы постердик үй-бүлөгө жайгаштыруунун беш түрү бар: Шашылыш жайгаштыруу, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, узак мөөнөттүү жана убак-убагы менен жайгаштыруу. Эгерде бала тоголок жетим болсо узак мөөнөттүү жайгаштырылат. Негизинен кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар арбыныраак.

“Чолпон-Ата шаарындагы бала багып алган үй-бүлөгө мониторинг жасадык. Эң биринчиден кабыл алган үй-бүлөнүн жеке адамдык сапаты чоң роль ойнойт. Мына ушул үй-бүлөдө сынамык долбоор абдан ийгиликтүү ишке ашты десек болот.

Бул жерде баланын бир апталык иче турган тамагынын менюсу да жазылып коюлган. Алар тоголок жетим баланы багып алышкан. Бала үй-бүлөнүн балдары барган мектептен окуйт. Бул үй-бүлө кадыресе турмуш кечирген, жашоосу башкалардан анча айырмаланбаган адамдар. Эң башкы билип алчу бир жагдай бар. Постердик үй-бүлө тууралуу окуудан өткөн жарандар балага: “Өмүр бою биздикинде жашап каласың” , деп, анын аң-сезимин бушайман кылбашы керек. Анткени, аны төрөгөн энесине берчү күн келет. Ушул эле үй-бүлөгө бир аял өзүнүн үч баласын “баккым келбейт” деп, таштап баса берген. Аялдын ден соолугу чың, жаш экен. Балдары ыйлап апасынын аркасынан ээрчисе да, аял артын бир карап койбой кете берген.

Жети-Өгүз районунда дагы бир постердик үй-бүлө ата-энеси жок эки эже-сиңди кызды багып алышкан. Интернатта бул балдар эч кимден мээрим көрбөй, чоң кишилердин жардамынан үмтүсүз өскөнгө караганда ийгиликтүү жайгашып алышкан. Интернаттарда балдар сабакка, тамакка, уктоочу бөлмөгө ал түгүл дааратканага жабыла чогуу жүрүшөт. Ар бирөөнө жекече мамиле, мээрим жетишпейт. Мындай шартта өскөн баланын турмушу кийин өзү менен кошо толгон көйгөйлөргө туш боло-ру бышык”, – дейт Н.Турдубекова .

Молдовада 11 000 баланы биз айтып жаткан үй-бүлөлөргө көндүрүү, натыйжалуу системаны жолго салуу үчүн 7 жыл кетти. Буюрса, алты-жети жылдан кийин Кыргызстандын балдарынын баары үй-бүлөлөрдө жашап калат деп тилек кылып туралы.