Жумабеков ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын ачылышында: Кыргыз эли өзү тандап алган жолдо ишенимдүү бара жатат

Кечээ, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын Бишкекте өтүүчү күзгү жыйынынын салтанаттуу ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзү:

Урматтуу Президент, Сооронбай Шарипович!

Урматтуу ЕККУ ПАнын Төрагасы, Церетели мырза!

Урматтуу парламенттик делегациялардын мүчөлөрү!

Ардактуу айымдар жана мырзалар!

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын күзгү – Бишкек шаарында өтүп жаткан 17-жыйыны менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Биз үчүн ЕККУга мүчө мамлекеттердин парламент өкүлдөрүн жана мына ушундай бийик даражалуу меймандарды кыргыз жергесинде кабыл алып жаткандыгыбыз өтө сыймыктуу.

Ушундай масштабдагы эл аралык парламенттик форумдун биздин жергебизде өтүшү Кыргызстан үчүн, айрыкча быйыл 80 жылдык маарекесин белгилеп жаткан – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үчүн ардактуу жана маанилүү миссия болуп саналат.

Андыктан Ассамблеянын жыйынынын жүрүшүндө бардык катышуучулардын ортосунда ишенимдүү жана конструктивдүү сүйлөшүүлөр болот деп ойлойм.

Кылымдар бою Кыргызстан Чыгыш менен Батыштын маданиятын, идеяларын жана жетишкендиктерин айкалыштырып, Европа менен Азиянын ортосундагы кеӊ жана бекем көпүрө болуп келген.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Көптөгөн кылымдарды карыткан тарыхында кыргыз эли оор сыноолорго карабай, өзүнүн эркиндигин жана мамлекеттүүлүгүн сактай алды.

Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын, ошондой эле ата-бабабыздын акылкөйлүгүн жана мурастарын сактоо менен биз Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп парламенттик демократияны өнүктүрүү жолуна түштүк.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан укуктун үстөмдүгүнүн, жалпы теңчилигинин жана социалдык акыйкаттуулугунун принциптерине таянган саясий жана социалдык жактан туруктуу өлкө.

2015-2017-жылдардагы болуп өткөн ачык-айкын парламенттик жана Президенттик шайлоолор мамлекетти демократиялык нукта андан ары өнүктүрүүгө бекем пайдубал болду. Анын транспаренттүүлүгү дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылды.

Учурдан пайдаланып, бул багытта ЕККУга жана биздин бардык эл аралык өнөктөштөрүбүзгө чын дилден ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Алар Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүүгө олуттуу салым кошушту.

Кыргыз эли өзү тандап алган жолдо ишенимдүү бара жатат, анткени акыйкатчылык жана демократия, эркиндикти жана көз карандысыздыкты бийик тутуу биздин каныбызда бар.

Ушул өңүттөн алганда, жакында кыргыз элинин досу, БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериштин “Кыргызстан – бул демократиясы өөрчүп келаткан өлкө, ал жүрөгүбүздү жылытып турат” – деген сөздөрү эске түшөт. Баш катчы мындай пикирин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда билдирген.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши маанилүү саясий чечимдерди кабыл алуу менен коомду турукташтырууда негизги борбор болуп, саясий айкындыктын жана коомдук пикир алышуулардын аренасына айланды. Бул өлкөнү өнүктүрүүдө демократиялык принциптерди ырааттуу бекемдөөгө багыт алгандыгыбыздын анык фактысы болуп саналат.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында Жогорку Кеңеш тарабынан өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө иш милдеттерин өркүндөтүү, ошондой эле эл аралык байланыштарды бекемдөө боюнча иш-аракеттер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясында дагы кыйла терең жана сапаттуу реформаларды жүргүзүү каралган.

Алардын негизги максаты – жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу менен мамлекеттик жана коомдук иштердин бардык чөйрөлөрүндө натыйжалуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу болуп эсептелет.

Мезгилдин талабына ылайык, элдик ишенимге ээ болуу үчүн биз туруктуу өнүгүүгө даярбыз жана аны көздөп жатабыз. Бул багытта биз эл аралык тажрыйбаларды эске алуудабыз.

Ошондой эле теңчиликке, өз ара сыйга жана түшүнүшүүгө ылайыкталган конструктивдүү пикир алышууга жана ар тараптуу кызматташтыкка даяр экендигибизди бекем ишеним менен билдиребиз.

Урматтуу парламент өкүлдөрү!

Эгерде эл аралык мамилелердин тарыхына кайрылсак адам баласынын эки карама-каршы келген көз карашын белгилебей коюуга болбойт.

Алардын бири — адамзатты бүлгүнгө салып, кан төгүлгөн согушка алып келди. Мындай кайгылуу окуялар тарыхта өтө көп.

Ал эми экинчи көз караш мамлекеттердин коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылуунун механизмдерин издөөгө келип такалды. Бул маселе боюнча көрүнүктүү немец философу Иммануил Канттын 18-кылымда мына минтип айтканы бар: “Тынчтыктын бирлиги” деп аталууга тийиш болгон өзгөчө бирликтин болуусу абзел, ал бир гана согушту токтоткон тынчтык келишиминен бардык согуштарды биротоло токтотууну көздөгөндүгү менен айырмаланып турууга тийиш”.

Ошентип эки кылым өткөндөн соң, миң жылдаган тарыхтын катаал сабагын алып, эки дүйнөлүк согушту баштан кечиргенден кийин, биргелешкен күч аракеттер менен Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөн эле. Муну дүйнөлүк масштабдагы сергек акыл-ойдун жана биримдиктин эң башкы жеңиши деп атасак болот.

Андан кийин дүйнөлүк аренанын архитектурасында мамлекеттердин ортосундагы ар кандай алака түзгөндөрдүн күч-аракетин бириктирүү үчүн интеграциялык бирикмелерди түзүү көбөйдү.

Кеңири мааниде алганда, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бүгүнкү күнгө чейин эң ири аймактык уюм болуп саналган ЕККУ түзүлгөн.

Ошону менен бирге улуттарды жана маданияттарды жакындаштыруу, мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө ишине көмөктөшүү максатында ар түрдүү өлкөлөрдүн парламентчилери баш кошуп, парламенттер ортосундагы уюмду жана элдик дипломатияны түзүү башталган.

Эми ар кимибиз өзүбүзгө суроо берип көрөлү: “Тарыхтан биз кандай сабак алдык, аны канчалык биз аңдап түшүнө билдик? Дүйнө мындан 100, 200 же 500 жыл мурдагыдан кыйла коопсуз жана туруктуу боло алдыбы? Дүйнөдө тынчтыктын салтанат курушу үчүн биз эмне жасай алдык? Өз балдарыбызга, неберелерибизге жана чөбөрөлөрүбүзгө кандай келечекти даярдай алдык?”

Буларга жооп табуудан мурда да, суроолордун берилиши өзү эле “Борбордук Азияда жана ага чектеш аймактарда коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогду алга жылдыруу” деген ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын күзгү 17-жыйынынын темасынын актуалдуу экенинен кабар берет.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Чыр-чатактар, коркунучтар негизинен башка аймактардан чыгып, башка жерлерде болуп жатса да, жыйындын темасы эмне үчүн ушундайча аталып, эмне үчүн Борбордук Азия көңүлдүн чордонунда болуп жаткандыгын өзүңүздөр түшүнүп турсаңыздар керек.

Барыдан мурда жыйындын темасы ал кайсы жерде өткөрүлө тургандыгына байланыштуу болбостугун белгилегим келет. Ал эми коопсуздукту камсыз кылуу маселесине келгенде Борбордук Азия ЕККУнун бүткүл кеңдигинде маанилүү аймак болуп саналат.

Бул жерде сөз Чыгыш менен Батыштын өз ара байланышында Борбордук Азия регионунун ролу жогору экендиги жөнүндө гана болгон жок. Борбордук Азия 4 ядролук куралы бар мамлекеттер менен байланышкан жана анын курчоосунда турган дүйнөдөгү бирден бир аймак болуп эсептелет.

Анан калса, чек аралардын чектештиги жана терроризм, диний экстремизм, сепаратизм, наркотрафик жана куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу эл аралык көйгөйлөрдүн шартында биздин аймактын мааниси өтө жогору эле эмес, ошондой эле өзгөчө болуп саналат.

Анткени Борбордук Азия ЕККУнун түштүк-чыгыш чек арасындагы форпост, мындай коркунучтардын Евразия мейкиндигин каптап кетүүдөн сактаган өзгөчө бир буфердик зона.

ЕККУ айдыңында жайгашкан мамлекеттер өлчөмү боюнча да, калкынын саны боюнча да, ошондой эле өнүгүү деңгээли боюнча да айырмаланып турат, бирок баары бир алар бирдей деңгээлде коопсуздукка муктаж.

Дүйнөдөгү бир дагы мамлекет жогоруда айтылган көйгөйлөргө өзүнүн жеке күч-аракеттери менен натыйжалуу түрдө каршы аракеттенип күрөш жүргүзө албайт жана жое албайт.

Ошону менен бирге ЕККУ аймактык же дүйнөлүк мүнөздөгү, анын ичинде жогоруда аталган бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жетиштүү ресурстарга жана кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Урматтуу парламент өкүлдөрү!

ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын шедеврлеринин тизмесине кирген “Манас” эпосу кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгынын улуу жетишкендиги болуп саналат.

Ушул эпостун бүткүл үчилтигинде биримдик менен акыйкатчылык улуу күч экендиги тууралуу ой негизги орунду ээлейт.

Бул өңүттөн алганда өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлинде жана форматтарында жаратмандык жана конструктивдүү кызматташуу үчүн ЕККУга мүчө бардык мамлекеттердин күч-аракетин бириктирүү зарылчылыгы мурдатан эле бышып жетилгендигин белгилегим келет.

Мындай максаттарга жетишүү үчүн биримдик – бул биздин өлкөлөрдүн жана жалпы эле дүйнөнүн туруктуулугун, коопсуздугун камсыз кылуунун, жалпы гүлдөп өнүгүүнүн жападан жалгыз мүмкүнчүлүгү болбосо да, эң оптималдуу жолу болуп саналат.

Эгерде биз бүгүн жапа тырмак киришип, келечек муундардын жаркын жана коопсуз жашоосун камсыз кыла албасак, анда кийин эч кимди жана эч нерсени коргоонун зарылчылыгы жок болгондой кырдаал жаралышы мүмкүн.

Биз, Парламенттик Ассамблеянын мүчөсү болгон парламентчилер, мурдагы бардык түшүнбөөчүлүктү жана пикир келишпестикти четке кагып, коопсуздуктун бардык чөйрөсүндө эл аралык укуктун нормаларынын бир калыпта иштөөсүн жолго коюу үчүн улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана шайкеш келтирүүгө колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү топтоштуруубуз зарыл.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Ушул күзгү жыйындын жүрүшүндө бардык катышуучулардын ортосунда бири-бирин терең түшүнүү жана конструктивдүү диалог түзүлөрүнө бекем ишенем.

Ишиңиздерди ийгилик жана жигердүүлүк коштосун!

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!