“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерди уткан компания маалымат берди

“Коопсуз шаар” долбоорунун тендеринин жеңүүчүсү “Вега” компаниясынын коммерциялык директору Сергей Калмыков Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү.

Анын айтымында, учурда бул долбоор боюнча көп суроолор топтолуп калды. “Вега” компаниясынын техникасынын негизги өзгөчөлүктөрү энергияны минималдуу колдонууда – жалпысынан 20 кВ. Бул энергияга көз карандысыз комплексти түзүп, күн батареяларынан кубат алууну камсыздайт.

Ошондой эле аталган компания ресурсту экономдогон энерготехнологияларды өнүктүрүү менен алектенет. Учурда аталган долбоор пилоттук режимде Россиянын кээ бир объектилерине киргизилип жатат.

Белгилей кетсек, “Вега” компаниясы 27 ишкананы камтып, федералдык илимий борбор болуп эсептелет. Ал 4-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн бешинчи тендерде утуп чыккан. Компания долбоорду ишке ашырууга  биринчи лот боюнча 1 млрд. 125млн. сом, экинчи лот боюнча 1 млрд. 195 млн. сом сунуштаган.