Мугалимдин кадыр баркы кайда кеткен?..

Мен актанайын же арыз-муңумду айтып даттанайын деген ой жок, жөн гана “Мугалимдик кадыр-барк” жөнүндө жан сырымды бөлүшөйүн деген гана ойдо жаздым.

“Мугалим”  деген  –  кандай гана улуу сөз. Мурда ушул улуу сөздүн кадыр-баркы, сый-урматы бар эле. Мугалим дегенде  көз  алдыбызга  сүрдүү,  салабаттуу,  өтө  бир  акылдуу  адам элестечү. Анын бир ооз сөзү окуучу үчүн да, ата-энелер үчүн да мыйзам эле.

А азырчы, сөзүн эмес, өзүн да сыйлабаган заман болду. Мугалимден окуучу да айбыкпайт, бетке чаап сүйлөйт,  мугалимди  маскаралап интернетке жүктөп салат деген өзү не деген шумдук? А ата-энелерчи?! Болор-болбос нерсе үчүн мугалимдерди беттен алып, мугалимдердин үстүнөн арыз жазып, ар эшикти как-кылаганы адатка айланып бара жаткандай. Бул өтө өкүнүчтүү.

Туура,  демократиялуу  коомдо  ар  бир  жаран  өз  ой  пикирин эркин билдирүүгө толук укуктуу. Эгемендүү өлкөдө адам укугу баарынан жогору турат. Сөз эркиндиги мыйзам менен корголот. Мен му-ну туура эле кабыл алам. “Эненин арыз-арманы” аттуу макаланын автору Санавар Абдураимова менин айылдашым. Ал биздин сүйүктүү окуучуларыбыздын чоң энеси.

Анда эмесе сөз башынан болсун. Мен 21 жылдан бери агартуу тармагында эмгектенип келе жатам. Билимим жогорку. Эмгек жолумду Лейлек районунун эң алдыңкы мектептеринин бири болгон А.Навои атындагы орто мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштөөдөн баштадым. Бул мектепте он бир жыл иштедим. Канчалаган окуучуларга аянбастан билимимди бердим, ал окуучулар азыркы учурда ар кайсы кесиптерди аркалап, мен сыймыктанган инсандардан болуп, эл арасында эмгектенип жүрүшөт. Бир жыл Сүлүктү шаарындагы №3 Макаренко атындагы орто мектепте математика мугалими болуп иштедим. Он жылдын жүзү болду Лейлек районундагы Беш-Бала айылында-гы башталгыч мектепте башталгыч класстар мугалими болуп иштеге-ниме, ал эми директор болуп дайындалганыма үч жыл болуп калды. Жетекчи катары эң биринчи кезекте билимдин жана тарбиянын сапатын жогорулатууну көздөдүм.

Мектептин  материалдык  базасын  чыңдоо  үчүн  колдон  келген бардык иш-аракеттерди жасап келе жатам. Айталы, мен жетектеген  жылдары  башталгыч мектеп  болсок  да  (камкорчулар кеңеши уюшулган  эмес)  11000  сомго мектептин  дарбазасы  ку-рулду, 12000ге мектептин жасалгасы  заманбап  бо-луп жаңыланды,190000ге мектепке  туалет  курулду, 240000ге мектептин алдына брусчатка жаткырылды ж.б майда-чүйдөсүн айтпай эле коеюн, ушул сыяктуу көптөгөн иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Баш-талгыч мектепте завхоздук штат жок болгондуктан, биздин мектепте бул иштерди директор аткарат.

Биздин башталгыч мектепте 59 окуучуга 9 мугалим билим-тарбия берет, 3 тех.кызматкер иштейт. Бардык мугалимдер жогорку билимдүү. Заман талабына ылайык, ар дайым өз билимин өркүндөтүп, курстардан окуп, долбоорлор менен иштешип, инновациялык, интерактивдүү ыкмаларды  пайдаланышып,  са-бактарды жогорку деңгээлде өтүп, көп  ийгиликтерди  жаратууда. 2017-2018-окуу жылында “Келгиле, окуйбуз” долбооруна биз да катыштык. Тагдырдын тамашасын карабайсыздарбы, Санавар эненин небере кызы окуган 4-класстагы сынакка байланыштуу окуянын ушинтип аякташын ким ойлоптур? Бул конкурс 4-класстар арасында өтмөк да, ага жобонун негизинде 3 окуучу катышмак. Бул жобо менен мен класс жетекчини тааныштырдым да, жакшылап уюштуруусун гана айткам. Бул иш-аракеттер класс жетекчинин милдети. Анан эмнеге мен күнөөлүү болуп калганыма түк түшүнбөйм. “Кантип иш алып бардыңыз эле, эмне себептен бул кыз катышпай калды?” – деп суроо узатканымда, 4-класстын жетекчиси Абдуллаева Салима эже жободо ыр-бийлер болгондуктан, кыздарды тандап алганын жана апалар, энелер менен катышуу шарт болгондуктан, апалары жанында болгон 3 кызды катыштырганын, ал эми бул кыздын апасы Россияда болгондуктан, өзү эле барып айтып, ыраазычылыгын алганын айтты.

Мен конкурстарды өткөрүүдө, андагы катышуучуларды тандоодо, кружокторго окуучуларды катыштырууда  мектеп  жетекчиси-нин эч кандай тиешеси жоктугун, бул иштерди жүргүзүү класс жетек-чисинин милдети экендигин ушул энеге  эч  түшүндүрө  албай  койдум. Өзү класс жетекчи менен келишип, ыраазычылык бергенден кийин  мынча  ызы-чуу  салуунун эмне кереги бар эле? Ызы-чуу салып, ары-бери чуркагандан көрө, келип мага түшүндүрүп айтса, мен деле түшүнмөкмүн. Бул маселе ушул жерде эле жакшына чечилмек. Класс жетекчисине айтып, бир жолун тапмакпыз. А бул чоң ата, чоң эне болсо түнү менен элди дүрбөлөңгө салып, “мектептин атын өзгөртөбүз”, “мектепке ремонтко жардам катары акча жыябыз” сыяктуу сөздөр менен ал-дап, 10 адамга кол койдуруп, Лейлек райБББсына арызы менен жөнөгөн. Эртеси райБББдан арыздын негизинде келип текшерип, арызда жазылгандар боюнча эч кандай кемчилик таппаган соң, баары жакшы деп жыйынтыктап, кайра тескерисинче жүргүзүлүп жаткан жакшы иштерди көрүп жана да 10 адам койгон кол баары жалган жол менен алданып коюлгандыгын иликтешип, тактап кетишти. Бул текшерүүдөн чыккан жыйынтык Абдураимова Санавар энелерге жакпагандыгы үчүн минтип Лейлек райБББнын башчысы И.Ниязалиева каралоого чейин барып олтурат.

Бул үй-бүлө (чоң атасы, чоң энеси, кызы) өзү мурдатан эле мектепке  тез-тез  келип  (балдардын окуусун сураганы эмес, кайра элдин балдарын “неге менин неберелеримди  бөлөсүңөр,  булардай болуп кийине албайсыңар” деген сөздөр менен урушуп, кемсинтип) кетчү.  2-3  жолу  ушундай  окуяга күбө болгондон кийин, мен аларга: “Бул жерде окуп жаткан 59 бала мага аманат. Бул балдар да сиздин балдарыңыздай эле бала. Мен ар ким келип, бирөөнүн балдарын урушуп, кемсинтип кете берүүсүнө жол бербейм” – деп айтканым үчүн мага өчөшүп калган окшойт.

Арыз жазардан бир күн мурда келип, мугалимдерди коркутуп, “менин небереме бир нерсе болсо, башыңар менен жооп бересиңер”, – деп кетиптир. Эртеси неберелери  келбегендиктен, класс жетекчиси кабар алайын деп барса, мени чакырткан экен. Мектептин артындагы үйдө жашагандыктан,  эчтеке  ойдо  жок барып, кайра эне-баланын ур-токмогуна калганымда, алыстан танапис учурунда эшикке чыгып турган му-галимдерим көрө калышып, жардамга барса, “бизди топ болуп уруп кетти, алтооно биздин күчүбүз жетмек беле?” деп кайра бизге айып койгонуна жол болсун.

Сотто  ошол  жасаган  иштери үчүн 2000 сом айып төлөп кутулуп кетишти. А мени алардын территориясына уруксатсыз киргеним үчүн 1000 сом айып төлөттүрдү. Сот чечим чыгаргандан кийин, анын че-чимине каршылык деле көрсөткөн жокмун. Каршылык көрсөтсөм деле болмок, себеби мен жетекчи катары ал үйгө өзү чакыргандан кийин, кирүүгө укугум бар эле. Өзүм үчүн эмес, ал жердеги менин окуучум үчүн. Мен бирок кандай болгон учурда деле соттун чечимин сыйладым. Ал эми бул үй-бүлө сотко каршылык көрсөтө берди эле, “кайда барсаң, ошол жакка бар” деп койгон, бирок “Америкага бар” деген эмес.

Макаланын экинчи абзацындагы “бир катар ата-энелер балдарын башка мектептерге алып кетишти”  деген  сүйлөмдү  минтип түшүндүрмөкчүмүн?  Азыр  учур талабына ылайык балдарын орус класска окутуу зарылчылыгы жаралып жатат. А бизде орус класс жок. Экинчиден, үй-бүлөлөрдө, айрыкча жаштар арасында келишпестиктер көп болуп, ажырашуулар, таарынышуулардын кесепетинде окуучулар бир мектептен экинчи мектепке которулуу муктаждыгы жаралууда. Биздики башталгыч мектеп бол-гондуктан, 4-классты бүтүргөндөн кийин окуучуларыбыз коншу айылдагы мектептерге, гимназияларга барышып, өз билимин улантышат. Билим жеткиликтүү деңгээлде берилгендиктен али күнгө чейин ал мектептерден  нааразычылыктар айтылган эмес. Тескерисинче, си-лерден келген балдардын билими күчтүү деген жүрөк жылытаар жакшы сөз угуп келебиз.

Макаладагы мен тууралуу “аябай маданиятсыз, өтө кырс, ата-энелер менен сый отуруп баарлашканды билбейт, өзүн башкалардан жогору коет” деген сөз калп. Андайга  менин  мугалимдик  кесибим,  адамдык  ыйман-ынсабым жол бербейт. Окуучулардын, мугалимдердин, жалпы ата-энелердин, эли-журттун алдында, Кудайдын алдында жүзүм жарык, жүрөгүм ак болушун каалайм. Мугалим катары да, эне катары да бардык окуучулар мен үчүн бирдей. Мугалимдик кесипти аркалаган ар бир адам бул сезимди туя билет. Алты перзенттин, анын ичинде эгиз кыздардын энеси катарында мен эч кимге, эч качан жамандык ыраа көрбөймүн.

Макалада сөз болгон Исфана шаарынын мэри Абдулмуктар Анарботоев менен Сүлүктү шаарынын прокурору Абдибаит Анарботоевдин менин мугалимдик кесипти тандашыма, бул түмөн түйшүктүү кесипти 21 жылдан бери аркалашыма эч кандай тиешеси жок. Ар бирибиз өз арабабызды эл ичинде өз жолубуз менен кыбыратып келе жатабыз.

Жетекчи  болгондон  кийин айкөл,  көтөрүмдүү,  кечиримдүү болуш  керек  экен.  Ошондуктан 21 жылдан бери кашыктап жыйган  “сый-урматымды,  кадыр-баркымды” бир кичинекей, бир күндө  өтүп  кете  турган  конкурс үчүн чакалап төксө дагы, Алланын ыраазычылыгы үчүн кечире берем. Кандайдыр бир сынактын айынан ушунча төгүлүп-чачылдык, арманыбыз айга жетти. Ушул биздин келечегибиз болгон балдар үчүн баарын кечире беребиз. Жеке кызыкчылыгыбыз үчүн балдарыбызды ортого салбайлы. Алардын келечегине, бактылуу балалыгына балта чабууга эч кимибиздин акыбыз жок. Бул сөздөрдү айтканымдын себеби, бул эненин балдары али күнгө чейин мектепке келбей жүрүшөт. Өз кы-зыкчылыктарын көздөшпөгөндө башка  мектептерге  болсо  дагы (азыркы учурда Бишкек шаарын-да экен) берип, сабактан калтырбайт болчу.

Балдар – биздин келечегибиз. Балдар-биздин байлыгыбыз. Балдар – биздин бактыбыз. Бар бололу, аман бололу, ушул балдар үчүн кечиримдүү  бололу.  Аз  өмүрдө бири-бирибизди сыйлашалы, ансыз деле өмүр кыска. Ак-караны ажыратып, бири-бирибизди жөнү жок жерден эле көңүлүбүздү оорут-пайлы. Болор-болбос нерселерди көңүлүбүзгө бекем түйүп, кек сактабайлы, айкөл бололу демекчимин.

Айнагүл АБДУРАИМОВА, Лейлек району, Беш-Бала айылы