Унутта калган Эшмамбет

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Башталышы бул жерде

1937-жылы  атайын  комиссия акындын үй-бүлөсүнүн абалы менен таанышуу үчүн Кетмен-Төбөгө барып келип, алар Фрунзеде Калык, Алымкул, Атай, Жоомарт менен кеңешип туруп, Блохиндин атынан Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин төрагасы Баялы Исакеевге кат жазат, анда акындын 70 жылдыгын белгилешибиз керек, ал 1867-жылы туулган деп айтышат (Станалиев С. Жылдын эң узак күнү. Роман [Текст] / С.Станалиев. – Б.: 2007. – 274-б.).

Акын өзү 1928-жылы Фрунзеге барганда чайханада жолуккан Термечик уулу Шаршенге «алтымыш тогуз жашадым» деп айтып, өзүнүн бул абалын минтип түшүндүрөт:

«Кериге оттоп мал болдум,
Кебимди таппай дал болдум.
Кеңгиреген жаман чал болдум».

«Капталга оттоп мал болдум
Каруум кетип дал болдум.
Капырай, каңгыраган чал болдум».

«Абалым жок, алым жок
Арып калган кезегим.
Алтымыш ашып жетимишке
Барып калган кезегим».

Бул ыр Шаршендин өз оозунун жазылып алынып, анын 1937-жылы чыккан китебине киргизилген экен. Ал кезде Токтогулдун бир жыйнагы да чыга элек кез. Шаршендин пикири кыйла оригиналга жакын болушу мүмкүн. Ага  караганда  Т.Сатылганов  1928-жылы 69 жашка чыккан болсо, 1859-жылы туулган болуп жатпайбы. Муну акын өзү айтып атат.

Ошондо акындын туулган жылы кайсыл жыл болот? 1859-жылбы? 1860-жылбы? 1864-жылбы? 1867-жылбы? Бул маселе дагы да тактоону талап кылат…” Адабиятчынын “акындын качан туулгандыгы” жөнүндө иликтөөсүн бекеринен кеңири берген жокпуз. Себеби, Ж.Бөкөнбаевдин “1860-жылдын күзүндө Сатылгандын кара алачыгы кубанычка толду. Бурма эркек төрөдү” деген маалыматы менен, “акын өзү 1928-жылы Фрунзеге барганда чайханада жолуккан Термечик уулу Шаршенге «алтымыш тогуз жашадым» деп айтканы” өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Дегенибиз, Токтогул менен Эшмамбеттин ырларын жыйноо иштеринде албан салым кошкон элдик мурастарды жыйноочулардын ири өкүлү Жолоев Тургуналынын биздин колубуздагы аманат кол жазмада: “Эшмамбеттин туулган жылы 1861-жыл. Атасы Байсейит, чоң атасы Ардан. Жети атасы тең кедей болгон экен. Бир тууганы Жедигер” деген баалуу маалымат адабиятчыларга Токтогулдун да, Эшмамбеттин да туулган жылын тактоого жардам берет деп ишенебиз. Эгер, экөөнүн ортосундагы жаш айырмасы эки жаш экенин, Токтогул өзү 1928-жылы Термечик уулу Шаршенге “алтымыш тогуз жашадым” дегенин эске алсак, анда Токтогул 1859-жылы, Эшмамбет 1861-жылы туулгандыгына тарых чындыгына дал келчүдөй.

Ал эми Эшмамбеттин өлгөн жылы тууралуу айтсак, адабиятчы С.Байходжоев: «Эшмамбет Байсейит уулу 1926-жылы Кетмен-Төбөнүн Чечекти деген жайлоосунда каза таап, Кеңтуулуктун оозундагы «Ак-Жар» деген бейитке сөөгү коюлат» десе, Садык Алахан: «Улуу ырчы болсо 1936-жылы (айрым маалыматтар  боюнча  1926-жылы13)  боз улан курагында барып туруп калган Кетмен-Төбөнүн Чечекти деген жайлоосунда көз жумуп, Кеңтуулуктун оозундагы «Акжар» деген бейитке сөөгү коюлат» — деп каза болгон жылы тууралуу башкача маалыматты берет. Ал эми адабиятчы Абды Обозканов: «1929-жылы Капка деген жерде 63 жашында көз жумган» – деп акындын каза болгон жылы, дүйнө менен кош айтышкан жери тууралуу башка маалыматтарды берет. Бул маалыматтардын арасынан Токтогулдун замандашы Малгараев Эсенгулдун: “Ал 1929-жылы жай башына чейин төшөккө жатып калат. «Ак ичсе оңолуп кетээр» – дешип кайындары Чечекти жайлоосуна көчүрүп алышат. Ошондон көп өтпөй, Капкадан Эшмамбет каза болот» деген маалыматы туура деп ойлойбуз. Ошондо Эшмамбет 1861-жылы Талас өрөөнүнүн азыркы Кырк-Казык айылы жайгашкан чөлкөмдө туулуп, 1929-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Чечекти деген жеринде 68 жашында каза бол-гон деп айтсак туура болот.

Эми  Эшмамбет  менен  Токтогулдун ортосундагы акындык жана адамдык жылуу  мамиле  тууралуу.  Замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда, эки залкар акын ага-инидей ысык мамиледе болушкан жана өмүр бою бири-биринен кол үзгөн эмес. Токтогулдун өмүрү-чыгармачылыгын изилдөөгө бүт өмүрүн арнаган адабиятчылардын бараандуусу адабиятчы Жаки Таштемиров: “Токтогул менен бирге ырдашып, кадимкидей тең өскөн курбу, бирге өскөн замандаш экендигин” баса белгилеген менен, ал деле Эшмамбет Токтогулдан үлгү алган деген ойду ырастайт.

Адабиятчы С.Байходжоев: “Улуу Токтогулдун, Жоомарт Бөкөнбаевдин сөзү менен айтканда, эң биринчи окуучусу Эшмамбет. Ал улуу акындын көздөй шакирти, үлгүсүн таасын өздөштүргөн окуучусу. Токтогулдун акындык кабарын Эшмамбет Таласта жүргөндө эле уккан. Ал эми Беш-Ташка, Кетмен-Төбөнүн Кара-Күңгөйүнө  келгенден  кийин  көзмө-көз таанышат. Аны ээрчип жүрүп, үлгүсүн алат» деп, адабиятчы А.Обозканов: “Токтогулдун даңазалуу шакирттеринин биринчиси ушул Эшмамбет. Ал кездеги өнөрү жаңы чыга баштаган өнөрпоздорго Токтогулдун арбын кырлуу, ары күйүмдүү устаттык өрнөгү көп тийген. Андыктан даңазасын алыстан угуп, кыргыз жергесинин ар жеринен обон, күүнүн, ырчылыктын жөнүн үйрөнгөнү жаш талап-керлер ага ар дайым барып турушкан. Тоголок Молдо, Калык, Барпы, Атайдын Токтогулга кездешүүсү буга далил. Минтип атайы өзүн издеп келген, же өзү жолуккан шакирттерине ал колдон келген жардамын эч убакта аябаган. Эшмамбетке да ал ошондой кам-кордук кылгандыгын Калык ырчы берегиче чагылдырат:

Кор жүрүп, койчулуктан жүдөп келген,
Эшмамбети кой кайтарып жүргөн жерден.
Куткарып карзын төлөп, аттап, тондоп,
Таңшытып таттуу сөздөн сабак берген», – деп Эшмамбеттин акын болуп калыптанышында, Токтогулдун ордун баса көрсөтөт. Садык Алахан да Эшмамбет «улуу Токтогулдун ашкере таланттуу шакирти катары узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына белгилүү болгон ырчылардын бири» деген пикирде.

(Уландысы бар)

Унутта калган Эшмамбет: 1 комментарий

Комментарии запрещены.