Тазагүл ЗАКИРОВА, акын: «Өттү баары, ээлеп ордун кусалык, Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң…»

Даярдаган Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Сузакта Тик-Чоку деген тоо бар. Улуулардын айтымында, ошол чокуга Тейит хан чыгып отурчу дешет. Чокуга чейин “Тейиттин жолу” жана “Бөрү жол” деген жолдор бар. Бөрү жол чокуга тик, ал эми Тейиттин жолу ийрелеңдеп, капталдап барып чыгат. Бул жолдор менен Тогуз-Торого өтүп кетсе да болот.

Мына ушундай жерде туулуп, балалыгым өттү.

1930-жылы атам 17 жашында мугалим болуптур. Өкмөттүн жолдомосу менен адегенде Тогуз-Тородо иштептир. Андан кийин Кызыл-Суу, Калмак-Кырчын, Ак-Тоок, Кара-Алма, Чоң-Орток, Кичи-Орток, Багыш, Кыргызстан деген айылдарда жаңы мектеп-тер ачылып, алар алгачкы мугалимдерден болушкан. Атам 1939-жылы армияда кызмат өтөп, 1941-жылы согуш башталганда Белорусия фронтуна барган экен. Апам – химия, биология сабагынан адис, элдик уламыш, санжыраларды мыкты билген аял эле. Экөө тең билимдүү, таланттуу болгондуктан, бизге элдик жомокторду көркөм окуп беришчү. Атам күүлөрдү чертип, Атайдын “Ой булбул”, “Күйдүм чок” деген ырларын комузда мыкты ырдачу.

Үйүбүзгө кандай гана залкар таланттар келер эле. Таң атканча комуз чертилип, ыр ырдалып, санжыра, дастан айтылып, бир ажайып түн болор эле андайда. Улам уктап, улам ойгонуп, эртең менен жандүйнөм сүйүнүп ойгончумун…

***

Эсимде, бизди жаан жаап жатканда: “Баргыла, жардан чопо алып келгиле”, – дечү Атыр эжем. Биз алып келген чополордон чоор жасап берер эле.

Апам Түгөлбай деген инимди бешикке бөлөп берип: “Терметип тургула, ыйласа жоолукту булгаласаңар келем”, – деп балдарды окутканы чуркап кетчү. Түгөлбай аябай ыйлаак болчу, аны Жээнбек агам экөөбүз эптеп терметип, сүтүн берип карачубуз. Кээде өзүбүздүн ыйлагыбыз келер эле. Акыры, алыбыз келбей калганда апам жакты карап жоолукту булгалачубуз. Апам чуркап келчү…

***

Коңшубуздун кызынын бөздөн тигилген көйнөгү болор эле. Бир күнү ошол көйнөгүн сууга агызып жибериптир. Бечараны апасы чыңыртып сабап келатат. Боорубуз ооруду. Апам үйгө чуркап кирип кеткен. Бир көйнөгүн алып чыгып: “Айланайын, кызды сабаба,” – деп арага түшүп, көйнөгүн карма-та салганы эсимде турат.

Тамак-аш, нан тартыш кез. Ачкалыктан адамдар чымчыктардын уясындагы жумурткасын алып жешчү. Эгер жумуртка балапан ачып калган болсо, териси кыпкызыл болуп турган чыйпылыктаган балапандарды көйнөктөрүнүн этегине салып түшүп, кайнатып жешчү. Бир даана тоголок нан байлык, бакыт эле. Ошондой убакта биз талканга шекер аралаштырып, тамшанып жечүбүз. Ал биздин шоколадыбыз болгон.

А бирок жашоодо түбөлүктүү эч нерсе болбойт экен…

Мен 20 жашымда, эң кичүүбүз 6 жашка чыкканда апам каза болуп калды. Кыздардан улуусу болгондуктан апамдын түйшүгүн бүт мойнума алдым. Ини-сиңдилеримдин баарын багып, окутуп, турмушка берип 35 жашымда эле чоң эне, таене болуп калдым. Небере бактым, азыр чеберелеримди да көтөрүп келип: “Багып бериңиз”, – дешет. “Эми өзүңөр багып, тарбиялагыла”, – деп калам.

Кусалык

Сөзү:  Т.Закированыкы
Обону: М.Бостонкуловдуку

Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.

Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жалаң чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң, кара тору бир кызды.
Ээрчип кеттиң, кара тору бир кызды.

Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачта бурул токтолгонбуз биз азыр,
Макул болуп, тагдыр деген ушуга.